Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Ажылык сапардын баасы арзандайт


Муфтият быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча иштерди баштады. Ажылыкка даярдык боюнча муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло ажы Эгембердиев "Азаттыкка" маек курду.

- Ажылык сапарды уюштуруу чыр менен коштолуп, ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Мындан улам быйылкы ажылык сапарды уюштуруу канчалык ачык өткөрүлөт?

- Ажылык уюштуруудагы алгачкы иш болуп биз Сауд Арапстандын Кыргызстанда ачылган элчилиги менен сүйлөшүп, ажылыкты уюштурууга даяр экенибизди билдиргенбиз. Алгачкы иш катары учак компанияны тандоо боюнча 31-июлда тендер өткөрүү белгиленген. Тендерди жарыяланганы тууралуу маалымат 25-июлда ММК, интернет аркылуу маалымдалган. Учурда “Кыргызстан” аба компаниясы жана “Кыргыз Транс Авиа” компаниясы тендерге катыша турганын расмий билдирди.

Сиз айткандай, ажылык сапарды ачык-айкын уюштуруудагы алгкачкы иш катары тендердик комиссия түзүлдү. Ага Жарандык авиация агенттиги, Президентке караштуу дин иштери боюнча комиссия, УКМКнын өкүлдөрү кирген.

Муну менен катар ажылыкка барууну каалагандардын 3000ден ашык паспорт тапшырылган. Буларды кабыл алуу боюнча да ар кыл органдардын өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүлгөн. Ошондой эле муфтияттын уламалар кеңешинин сунушу боюнча 17 адамдан турган көзөмөл комиссиясы да түзүлгөн. Булар мурдагы жылдагы ажылык өткөрүүгө байланыштуу каражатты, иштердин отчетун да текшеришет.

- Быйыл кыргызстандыктарга Мекеге ажылык барууга канча орун берилди?

- Расмий түрдө 4500 орун берилди. Булардын ичинен 500 орун азырынча бош турат. Бул боюнча биз комиссия түзүп, жалпы өлкө боюнча бөлүштүрүлмөкчү. Мында ажылыкка барууну каалагандар түштүк аймагында көп болгону да эске алынат. Каалоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча 500 орун сураганбыз. Азырынча жооп боло элек.

- Адатта ажылык уюштуруудагы чыр сапар үчүн акчаны чогултууда, орундарды бөлүштүрүүдө чыгат эмеспи. Мындан улам ушул каражатты көзөмөлдөө жагы кандай болуп жатат?

- Албетте мунун баары көзөмөлдө. Акча төлөмдөр банк аркылуу жүрүп жатат. Азыркы учурда банктагы эсебибиз көзөмөлдө болуп, канча каражат түшкөнү ачык-айкын билинип турат.

Мисалы, быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча 7 миллион 100 миң доллар биздин эсебибизге түштү. Негизинен, быйылкы эсептөөлөр боюнча ажылык сапардын баасы 2,5 миң доллар жана 1000 сом жана өзгөчө эсептөөлөр боюнча 3,5 миң доллар жана 1000 сом деп эсептелген экен. Эми учак компания тандалган соң ушул бааны дагы түшүрүүгө аракет кылып учурда комиссия иштеп жатат. Жалпысынан каржылык эсептөөлөрдүн баары көзөмөлдө.

- Дагы эске алчу жагдай, Жогорку Кеңеш ажылыкты уюштурууну муфтиятка тапшырган соң мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун демилгеси менен "Ажылык жана умра" борбору аттуу орган алектенип жатты эле. Бирок соңку уламалар кеңешинин жыйынында бул орган жоюлган экен. Буга эмне себеп болду жана ажылыкты уюштуруу иштерин кайсы орган аткарып жатат?

- Чындыгында эле "Ажылык жана умра" борборунда иштеп жүргөн Чубак ажынын айланасындагы айрым адамдарга ишеним артылбагынан улам бул орган жоюлган эле. Ажылык уюштуруу боюнча бир нече комиссия түзүлдү. Муну менен катар учак компанияларын тандоо боюнча тендер өткөрүлгөн соң ажылыкты уюштуруу боюнча ИИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын өкүлдөрү кирген атайын штаб өз ишин алпарат.

- Быйылкы ажылыкка барчулар жалаң гана учак менен барышы керек деген тартип күчүндө калтырылдыбы?

- Ооба, ал күчүндө, жалаң гана учак менен ажылыкка аттанышат.

- Сиз буга чейин быйылкы ажылык сапардын баасы төмөндөп, орун көбөйүшү мүмкүн деп убада берген элеңиз. Мындай мүмкүнчүлүк чындыгында эле болчудайбы же популисттик сөздөрдүн бири болуп калбайбы?

- Учак компаниянын тендер өткөрүлгөн соң ажалыктын баасын дагы бир жолу эсептеп чыгабыз. Албетте бул 2,5 миң доллардан баасы төмөндөйт. Ал эми квота боюнча биздин колубуздагы 4500 орунга дагы кошумча 500 орун алуу боюнча Сауд Аравиянын Ажылык министрлигине кат жазганбыз. Былтыр да кошумча 500 орун берген эле, быйыл да берет деп үмүттөнүп жатабыз.

- Эми ажылыкка барчулар кайсы күндөн тарта Мекеге аттана башташат?

- Быйыл сентябрдын аягы, октябрдын башынан тарта учак менен Мекеге сапар алат деп болжолдоп жатабыз.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG