Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Жума намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу сунушталды


Жума намаз боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталды, андан соң коомдук угууларда да талкууланмакчы.
Жума намаз боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталды, андан соң коомдук угууларда да талкууланмакчы.

Жума күнкү түшкү тыныгууну 12-30дан 14-30га чейин узартуу боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалды. Аталган демилгени сындагандар Кыргызстан светтик өлкө экенин баса белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бул мыйзам мамлекеттик мекеме ишканаларда иштеген кызматкерлердин укугун коргоо үчүн иштелип чыкканын билдирди.

Ошол эле учурда мыйзам долбооруна каршы болгондор да жок эмес. Светтик өлкөдө жашаган соң дин саясаттан өзүнчө болушу абзел деген пикирдегилер да бар.

Сунуштун зарылдыгы эмнеде?

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов Эмгек кодексине өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү менен Жума намазы жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштоодо. Анда белгиленгендей, өлкөдө өзүн мусулман деп санагандар сексен пайыздан ашуун болгондуктан, жума күндөгү түшкү тыныгууну дагы бир саатка узартып берүү каралган. Башкача айтканда, түшкү эс алууну 12-30дан 14-30га чейин узартуу сунушталууда.

Элибиз келип намаз окуп турса, анын эмнеси жаман? Ансыз деле тартипти бузуп жумушунан келип намаз окуп жаткандар бар
Акимжан Эргешов

"Биз мыйзамдаштырбасак деле намазга жыгылгандар ал күнү баары бир жумага барат", - дейт депутат “Азаттыкка” маек куруп жатып:

- Бул мыйзамды көбү колдоп жатат, биз жуманын аягындагы гана бир күндү бир эле саатка узартып бергиле деп жатабыз. Анткени жарандарыбыз жума намазга тынчыраак барып келип алсын деп ойлойбуз. Эгер бир саатка узартсак бир жылда эки күнгө эле тете болот экен. Ансыз да бизде канчалаган майрамдар, орунсуз эс алуулар көп го. Андан көрө мына ушундай соопчулук иштерди жазасак жакшы болмок. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип ушуну кылып берүү керек, ал эми кечки жумуш убактысы кандай болсо ошондой эле кала берсин дейбиз, ал эзелтен келаткан норма жана баары ага көнүшкөн.

Бишкектеги айт намазы. 2015-жыл
Бишкектеги айт намазы. 2015-жыл

Кыргызстандагы мусулмандар дин башкармалыгы да бул мыйзам долбоорунун ишке ашуусун колдойт. Сунушталып жаткан мыйзам боюнча пикирин муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов мындайча билдирди.

- Бул мыйзам долбоору жаңы көтөрүлгөндө эле биз кабардар болгонбуз. Мындан улам Эмгек кодексин да карап, бир сыйра таанышып чыктык, ал жерде жумуш тартиптерин жөнгө салуу абдан ийкемдүү келип, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алсак туура эле болчудай экен. Элибиз келип намаз окуп турса, анын эмнеси жаман? Ансыз деле тартипти бузуп жумушунан келип намаз окуп жаткандар бар, билип туруп мыйзам бузгандан көрө биз мыйзамды жөнгө салып койсок жакшы болмок да. Алар аргасыздан мусулманчылыктын парзын сактап, намазга барып, ошол эле учурда аргасыздан жетекчилигинен эскертүү алып, айлыгынан кесилип, жумуштан бошоп жатышат. Бул мыйзам кабыл алынса жарандарыбыздын эмгек учурундагы иш тартибин ийкемдештирүү болмок.

Кыргызстан светтик өлкө

Ал эми журналист Баяна Кулова иш күндүн бир саатка кыскарганына таптакыр каршы. Ал светтик өлкө болгон соң ар бир күндүн иштөө тартиби бар, тигил же бул мекемелердин кесипкөй адистерине алыстан келген жарандар кечке катарда турганы аз келгенсип, дагы бир саат намаздан келгенче күтүп отура албайт деген пикирде.

- Мен да мусулман кызымын, мен да ар бир парзды ыйык тутуп, аны сыйлайм. Бирок жума намаз деп ишти кыскартуу туура эмес деп ойлойм. Азыр ар бир мекеме ишканаларда намазканалар ачылган, ошол жактан деле окуса болот да. Кааласа кабинетинде, каалабаса жамааты менен окусун. Депутаттарга болсо Кудайга шүгүр бардык шарттар түзүлгөн, окусун кабинеттеринде эле. Ансыз да жума күнү түш оогон соң көпчүлүк депутаттарды ордунан сыйпаласаң да таппайсың, кээ бир мамлекеттик мекемелерге кандайдыр бир справка же бир документ үчүн барсаң, түштөн кийин көпчүлүк адистери орундарында жок, ал эми жетекчилигин айтпай эле коёюн.

Жети өлчөп, бир кесүү керек

Парламенттеги намазкана
Парламенттеги намазкана

Адвокат Нурдин Асанов жогорудагы мыйзамды кабыл алууда "жети өлчөп, бир кесүү" керектигин айтат. Анын белгилешинче, Кыргызстан дин эркиндигин тутунган өлкө, бирок ар бир агым же конфессия өздөрүнүн сунуштарын мыйзам аркылуу киргизе бергени туура эмес​.

- Биз өзүбүздү светтик өлкө деп жарыялап, аны Конститутцияга да киргизгенбиз. Эртең башка конфессиялар чыгышы мүмкүн бизде да Эмгек кодексине өзгөртүүбүз бар деп, анда эмне кылабыз? Анткени биздин өлкө көп улуттуу, көп диндүү мамлекет болуп саналат. Ооба, укуктук жактан алып караганда андай деле тыюу салуу жок, бирок Конститутцияда жазылган бардык мыйзамдарыбызды сыйлашыбыз керек. Бизде православдар, буддисттер, католиктер, сектанттар да бар. Ислам дини өзү шиит-суннит деп экиге бөлүнүп турат, бүгүнкү күндө ар ким өз позициясын эле сунуштай бергени туура болбойт, мамлекеттик саясат болушу керек бул жерде.

Кааласа кабинетинде, каалабаса жамааты менен окусун. Депутаттарга болсо Кудайга шүгүр бардык шарттар түзүлгөн, окусун кабинеттеринде эле.
Баяна Кулова

КМШ өлкөлөрүн алсак Казакстанда түшкү тыныгуу эки саатка чейин созулат, бирок ал атайын намаз үчүн деп узартылган эмес. Орусия өлкөсүндө тыныгуу бир жарым саат. Ал эми айрым ислам мамлекеттеринде жума күн дем алыш болуп саналат.

Азыр жума намаз боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталды, андан соң коомдук угууларда да талкууланмакчы. Буга чейин да жуманы эс алуу күн кылуу боюнча сунуш мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу тарабынан көтөрүлүп, бирок парламентте колдоо тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG