Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Курман айтты текшерүү коштоду


12-сентябрь, 2016-жыл
12-сентябрь, 2016-жыл

Кыргызстанда Курман айтта быйыл коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулду. ИИМдин маалыматы боюнча, коомдук тартипке үч миң милиция кызматкери көз салып, эл көп жүргөн жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бишкектеги эски аянтта окулган айт намазга келгендер УКМК кызматкерлери тарабынан текшерилип турду.

Курман айт майрамына байланыштуу таң эрте Бишкектин Тыныстанов, Панфилов, Фрунзе жана Чүй көчөлөрүнүн борбордук бөлүктөрүндө автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, эски аянтта окулган айт намазга келгендердин баштыктары текшерилди.

Эски аянттагы Курман айт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

Бишкек шаардык казысынын жардамчысы Мухаммед ажы Анаркулов учурда өкмөт тарабынан мындай көзөмөл зарыл экенин белгиледи:

- Чындыгында биздин баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүгөн бир көйгөйдү айта кетейин: эл топтолгон жерлерде биз тааныгандар жана тааныбагандар бар. Динди жамынып алып, ар кандай жаман иштерди жасап жаткандар жок эмес. Ошого быйыл мамлекетибиз коопсуздукту жогорку деңгээлде аткарганына күбө болдук. Буга биз ыраазыбыз. Бүгүн ар бир мечитибизде айт намазы окулду. Быйыл айт намазына келгендердин саны арбыганы жана курмандык чалгандар көбөйгөнү байкалат.

Мухаммед ажы Анаркулов быйыл муфтият жана Бишкек казыяты эч кандай курмандык чалбаганын, бирок Бишкек шаарында өздөрүнүн демилгеси менен эң көбү 500 бодо малга чейин курмандык чалган коомдук уюмдар кездешкенин кеп кылды.

Борбордук мечиттин жанында адам көп болду, кайыр сурагандар да бир топ экен. Мечиттин жанында коопсуздукка көз салып турган укук коргоо кызматкерлеринин бири өз атын атабай буларга токтолду:

- Түнкү саат үчтөн бери коопсуздукту карап атабыз. Намазга келип кетишти. Намаздан кийин мечиттердин алдында кайыр сурагандар көп болуп жатпайбы. Айрым колунда барлар келип буларга кайрымдуулук кылып эт таратып жатат. Өзүңүз деле көрүп турасыз, эт тараткан учурда бул жердеги кишилер бири-бири менен эт талашып урушуп кетишүүдө. Андыктан коомдук тартипти сактоо үчүн көзөмөлдөп турабыз. Бүгүн биздин бөлүк бул жерде кечки саат тогузга чейин турат.

Милиция кызматкери мындан сырткары бүгүн мечитке киргендер да текшерилгенин кошумчалады.

Укук коргоочу Турсунбек Акундун пикиринде, бүгүн аянтта окулган айт намазда коопсуздук чаралары ашыкча болуп, жарандардын дин тутуу эркиндигин чектелди:

- Милиция деген жайнап кетти. Булар дин тутуу эркиндигин бузуп жатат. Бүт баарын текшерип жатат. Мени да текшерди. Эми мен эмне шектүү адамдай көрүнөмбү? Адамдардын баарын чөнтөктөрүнөн бери карашты. Намаз окуп жатышса маңдайында карап турушат. Мечиттерге да текшергенден кийин кирип жатышыптыр, бул эмне деген? Мисалы, мен 25 жылдан бери намаз огкуп жүрөм, эч качан мындай болгон эмес.

Диндарлар арасында да бүгүнкү коопсуздук чараларын ашыкча деп эсептегендер да болду. Диний ишмерлердин дагы бири Расулбек Сариев болсо, Курман айт майрамынын быйылкы өзгөчөлүктөрүнө токтолуп жатып, күчөтүлгөн коопсуздук чараларын мусулмандар үчүн түзүлгөн камкордук катары баалады:

- Биринчиден, жылдан жылга айт намазына келгендердин саны өстү. Элибиздин динге болгон ыкыласы өйдөлөп баратат. Экинчиден, быйылкы Курман айт майрамындагы өзгөчөлүктөр өкмөтүбүз тарабынан мусулмандарга түзүп берген коопсуздук маселеси өтө мыкты болду. Тартип чынында жакшы каралды десем жаңылышпайм.

Айт намазы Ош шаарында да борбордук аянтта окулду. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев айт намазы учурундагы куттуктоо сөзүндө президенттин саясатын сындагандарды "Кудай жазаласын" деди.

Ош: айт намаздагы саясат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев адаттагыдай эле айт намазын өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитте окуду. Андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып куран окутту.​

Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Кыргызстанда бул күнгө карата 12-сентябрь дем алыш деп жарыяланган.

"Азаттык" Курман айт күнү Сауд Арабияда зыяратта жүргөн кыргызстандыктардан да кабар алды:

Атабаев: Зыяратчылар бүгүн шайтанга таш ыргытат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG