Бишкектин эски аянтында он миңдеген адамдардын катышуусунда айт намазы окулду.
Ага Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов баштаган расмийлер да катышты. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун спикер Жээнбеков окуп берди. Президент адаттагыдай эле айт намазын өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитте окуду.
Кыргызстанда да бардык мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышты.
Бишкектеги эски аянтка муфтияттын эсебинде 10 миңден ашуун адам келди.
Дүйнө жүзүндө мусулмандардын саны бир жарым миллиарддан ашат. Алардын 10-12% шийиттер, 87-90% суннилер түзөт.
Кыргызстандыктар Курман айтты белгилешүүдө
2/23
Муфтият Бишкек шаарынын эски аянтындагы намазга 10 миңден ашык адам келгенин айтты
Толук көрсөт
Кыскарт
8/23
Бишкектеги намазга ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана бир катар бийлик жетекчилер катышты.
Толук көрсөт
Кыскарт
14/23
Ош шаарынын борбордук аянтында окулган Курман айт намазына 15 миңдин тегерегинде адам келди. Айрымдар чогулгандардын саны 20 миңден ашканын маалымдашты.
Толук көрсөт
Кыскарт
18/23
Иш-чарага шаар мэриясынан жана өкмөттүн Ош областтык өкүлчүлүгүнөн да жетекчилер катышты.
Толук көрсөт
Кыскарт
20/23
Мындан сырткары шаардагы 60тай мечиттин баарында калаа тургундары майрамдык намазга жыгылды.
Толук көрсөт
Кыскарт
Артка
Алдыга