Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Жума намазга миң түркүн адамдар келет


Ар аптанын жума күнү Бишкек шаарынын борбордук мечитинде, анын айланасында өзгөчө жашоо башталат.

Бул күнү борбордук мечитке саясатчылардан тарта чет элдиктер, студенттер, аксакалдар, тестиерлер, кыз-келиндерге чейин намазга жыгылганы келишет. Булардын арасында кайыр сураган чиедей балдар, майыптар, ар түркүн улут өкүлдөрү да бар.

Жума намаз алдында

Жума намаз мечиттерде адатта түшкү саат бир жарымда окулат. Бирок ага бир-эки саат жетпей эле борбордук мечиттин айланасы өзгөчө турмушка көчөт. Маселен, Москва, Гоголь, Токтогул көчөлөрүнө унаалар батпай, намазга шашкан эле адамдар. Албетте башка динди тутунган же атеист жарандарга бул көрүнүш кыйла эле ыңгайсыздыкты жаратат.

Бул күнү жардынын баары ушул чөлкөмгө ооп келгендей таасир калат. Али мечитке жете бербей алаканын жайып, кайыр сураган чиедей балдар, колуна эмчектеги баласын көтөргөн кыз-келиндер тосуп алат. Алардан жол талашып, карыясы да, майыбы да, ичкиликтен өңү-башы бузулганы да турат.

Бишкектин тургуну Болот тубаса майып. Ал бир ныптасы жакшы иштебегине карабай эл менен кошо намазга жыгыларын айтты:

- Мен төрөлгөндөн тартып Беловодсктогу балдар үйүндө болдум. Кийин Токмоктогу карылар жана майыптар үйүндө жашадым. Андан соң Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүндө болдум. Азыр шаарда турам, Кудайга шүгүр баары жакшы. Азыр өкмөттүн деле бизди багышы кыйын болуп жатат. Аларды эле карай бербей, өзүбүз да аракеттенип жатабыз. Алла таалабыз жардам берип жатат деп ойлойм. Мен жашоо үчүн аябай күрөшүп жатам. Алла таалам мени колдоп жатат деп ойлойм. Эгер адам баласы кандай гана болбосун акыл-эси менен болсо, демек ал жакшы жашап кете алат.

Жумага кимдер келет?

Ал эми саат бирден баштап, мечиттин имамы хадис-курандын мисалында ыйман-ынсап, ынтымак-ырашкерлик, тиги дүйнөнүн соту туурасында айтып, элди ыйманга чакырат. Ал сөздөр микрофон менен айтылгандыктан, кыйла жерге чейин угулуп турат.

Бул күнү келгендерге аманат тууралуу маселе айткан муфтийдин орун басары Замир Ракиев жума намазга келген адамдардын санын айтты.

- Борбордук мечитте бардыгы болуп жети-сегиз миңдей адам намаз окуйт. Жума намаз - балагатка жеткен ар бир эркек адамга милдет болуп саналат.

Айрым учурларда борбордук мечитте жумадан элге белгилүү инсандарды, коомдук-саясий ишмерлерди да кезиктирүүгө болот. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, мурда кыргыз парламенти жалпы жыйынды бейшемби жана жума күндөрү өткөрүп келген. Бирок жума намазга барчулар көп экен деп, өткөн жыл ортосунда жума күнкү жалпы жыйынды шаршембиге жылдырганы белгилүү.

Жума намазды, же мечитти тарбиянын очогу катары санагандар да бар. 35 жаштагы Тимур али балагатка жетелек уулун намазга жетелей келиптир.

- Атым Нурмамбет. Алтыдамын, намазга атам менен келгем. Мечитте намаз, куран окуйм.

Жума намазга келгендердин арасында ондогон улуттардын өкүлдөрү да болот. Чет элдик студенттер жана жарандар бул күнү борбордук мечитти жолугушуучу жай катары да санашат. Айрыкча пакистандык, индиялык, араб өлкөлөрүнөн келген студенттердин топ-топ болуп турганын көрүүгө болот.

Жуманы күткөн курдаш аксакалдар

87 жаштагы Темир карыя курдаштарына кезигүү үчүн атайын борбордук мечитке келет.

- Дайыма жумага борбордук мечитке келем. Бул жерде досторум бар. Анын үстүнө жолго да ыңгайлуу. Азыр мына бул курдашым менен жолугуп, сүйлөшүп отурам.

Ал эми анын курдашы 85 жаштагы Муктар ажынын айтымында, булардын достугуна 60 жылдан ашыптыр.

- Менин устатым ушул киши, мага “Алиппени” 1942-жылы ушул киши үйрөткөн. Ошондон бери экөөбүз дос болуп, азыркыга чейин ажырашпай жүрөбүз.

Сөз арасында 87 жаштагы бул киши 4 айга дааватка деп, Индияга кетүүгө камынып жатканын кеп салды. Буга чейин үч күнгө дааватка чыккан экен.

- Индияга дааватка барайын деген ниетим бар, өлүп калбасам эле. 40 күнгө Кыргызстандын ичине дааватка чыгам, андан кийин Индияга төрт айга чыгам.

Бирок анын курдашы даават дегенди жактырбайт. Ал мусулманчылыкта качан болбосун жакшы сөз айтуу даават деп саналарын билдирди.

- Менин дааватка барайын деген ниетим жок. Себеби өзүм азыр зорго жүрөм, 87 жашка келип калдым. Ушул жүргөнүмдүн өзү даават. Мен баскан-турган жеримде даават кылып жүрө берем.

Дааватчылар мечиттен аттанат

Даават демекчи, жума күнү үч күнгө, кырк күнгө дааватка чыгууга камынгандар да ушул жерге чогулушуп, 7-8 кишиден куралган он-чакты топ, аймактарга дааватка жөнөп кетет. Алардан дааватта эмне кылышарын сураганымда, мени да үч күнгө барып келүүгө чакырганга үлгүрүп калышты.

- Үч күнгө чыгып келбейсизби. Үч күнгө дааватка чыгып келсеңиз, анын эмне экенин өзүңүз түшүнөсүз.
Борбордук мечитте бардыгы болуп жети-сегиз миңдей адам намаз окуйт.

Ал эми биринчи жолу үч күнгө дааватка деп чыгып жаткандардын бирине суроо узаттым.

- Алла ыраазычылыгы үчүн баратам. Үч күндүн ичинде дааватка барып, намаз үйрөнүп келейин деп жатам.

Ал эми жума намаздан соң, көп адамдар имамдан дуба кылып коюусун суранып жатышты. Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин айтымында, дуба сурагандардын арасында карызга батып, үй-бүлөсү бузулуп, балдары тескери жолго түшүп кеткендер бар.

- Ошондой эле ооруу-сыркоодон, турмуштагы адилетсиздиктен жапа чеккендер бар. Алар "элдин батасы тийсин, оозу дубалуу кишилер болсо, суранычыбыз кабыл болсун" деп келишет.

Кыскасын айтканда, ар аптанын жума күндөрү борбордук мечиттин айланасы ушундай турмуш өткөрөт.
XS
SM
MD
LG