Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Карасуулук Камаловдор кимдер?


Рашод Камалов. 2010-жылдын 23-июлу.
Рашод Камалов. 2010-жылдын 23-июлу.

Белгилүү имам Мухаммадрафик кары Камаловдун уулу Рашод Камалов экинчи ирет кармалганы айтылууда. Анын атасы 2006-жылы Ош шаарында коопсуздук күчтөрүнүн атайын иш-чарасы учурунда окко учкан болчу. Деги, диниятчы Камаловдор кимдер?

Камаловдордун улуусу Садыкжан ажы Кыргызстандын эгемендик жылдарынын башындагы туңгуч муфтийи жана легендарлуу парламенттин депутаты болгон.

Ал 1990-жылдардын башында демократиячыл маанайы менен айырмаланган Аскар Акаевдин президенттикке талапкердигин колдогон депутат катары да маалым болгон.

Садыкжан ажы Камалов (Камалиддин) совет бийлигинин тушунда Ливиядагы бүткүл дүйнөлүк Ислам университетинде окуган. Учурда ал Ош шаарында жайгашкан эл аралык Ислам кызматташтыгы уюмун жетектейт.

Кара-Суудагы мечит
Садыкжан ажы Камалов ата-бабаларынан бери динге кызмат кылган адамдар экендигин айтып, кийинки мезгилде алардын аты-жөнүн ар кандай диний агымдарга байланыштырган өнөкөт күч алгандыгын белгиледи:

- Камаловдордун феномени дегенде бири вахабий деп жөнү жок айыпташса, экинчилери да андай-мындай деп айтып келе жатышат. Бирок бизге кандай болбосун адамдар келишет. Биз ушул "Хизб-ут Тахририби", коммунистиби же башкасыбы мечитке кандай адам келсе да, биз аларды кубалабастан, диндин жолун түшүндүрүп, арам менен адалды түшүндүрүп келатабыз. Мындан башка саясатка аралашып, бийликке же мамлекетке каршы иштерибиз жок.

Садыкжан ажы Камаловдун диний аалымдыгы Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Орто Азияга чейин белгилүү.

Совет бийлигинин тушунда Орто Азия мусулмандар башкармалыгынын төртүнчү курултайында анын талапкердиги чөлкөмдүк муфтийликке чейин көрсөтүлгөн, бирок өткөн эмес.

Суроо жараткан табышмактуу жагдай

Чет элдик диний аалымдар жана белгилүү инсандар менен болгон байланышынан улам Садыкжан Камалов Кыргызстандын жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын көз кырына илингендиги айтылып жүрөт.

Садыкжан Камалов, "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө, сентябрь, 2006-жыл
Коомдук ишмер Имамберди Жалилов Садыкжан ажы Камаловдун инсандык жана аалымдык сапаттарын мындайча мүнөздөдү:

- Кийинки учурда ажылыкты уюштуруу маселесине көп аралаша баштады. Өзү тетик, диний билими жогору. Сөзсүз түрдө көрпенделик кемчиликтерден кур эмес. Көпчүлүгү аны вахабизмдин өкүлү катары билишет. Бирок ошол түшүнүктүн өзүн бизде туура эмес түшүнүшөт. Мына ошондой маанидеги каралоодон Садыкжан Камалов да алыс эмес. Араб тилдүү өлкөлөрдөгү банкирлер, аалымдар жана саясатчылар менен байланышы бар.

Камаловдордун үй-бүлөсүнөн чыккан таасирдүү аалымдардын экинчиси,
Кара-Суудагы ири мечиттин имамы маркум Мухаммадрафик Камалов болгон.

Айрым булактарда аны Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго каршы чыккан диний аалым Абдывали Мирзоевдин шакирти катары да эскеришет.
Мирзоев 1995-жылы Ташкенден Москвага учак менен сапарга жөнөп жатып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Имамберди Жалилов Мухаммадрафик Камаловдун өлүмү мына ошол табышмактуу жагдайга байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Мухаммадрафик Камалов Өзбекстандан чыккан террорчулук менен алектенген деп шектелген адамдар менен бир унаада бара жаткан учурда атайын кызматтын операциясы учурунда атылган. Анын чын эле кандайдыр бир экстремисттик куралдуу топтор менен байланышы болгонбу же бул жөн эле кокустук болгонбу - аны биздин коопсуздук органдары жакшы билет болуш керек. Ал кишинин бир кыйын жагы - ал фарси, араб тилдеринде эркин сүйлөп, алардын оозеки жана жазма адабияттын жакшы өздөштүргөн адам болчу.

Суракка чакырылды, убактылуу кармалды


Маркум Мухаммадрафик Камаловдун уулу Рашод Бишкек шаарында милиция тарабынан кармалды. Анын кармалышынын себептери туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өз атын атабаган өкүлү "Азаттыкка" жума күнү түш оой кыскача маалымат берип, эки өзбекстандык атуул Рашод Камаловдун үстүнөн арыз жазып, 2009-жылы ноябрда Сауд Арабстанга виза алып берем деп алардан 6300 доллар акча алып бербей койгон деп даттанышканын, ошонун негизинде ага "алдамчы" деген доо коюлуп, 19-январдагы Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде ал убактылуу абакка кармалганын айтты.

Бишкек шаардык ИИБ басмасөз кызматынын өкүлү Рашод Камаловдун кармалышы тууралуу. Орусча. 2011-жылдын 21-январы.
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00
Түз линк


Ал эми Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мындай кабарды жума күнү (эртең менен) тастыктаган эмес.

Рашод Камалов набыт болгон атасынын ордуна Кара-Суудагы мечитте имамдык кызматты аткарып келген.

Рашоддун кенже иниси Рашид Камалов агасы милицияда суралып, кайра койо берилгендигин бейшемби күнү "Азаттыкка" мындайча айткан болчу:

- Жок, акем камалган эмес. Ошондой бурмаланган маалымат кетип калыптыр. Ал киши кайсы бир маселе боюнча көрсөтмө берип, сурак берип эле чыккан. Азыр Бишкекте. Байланыштырайын десем телефону өчүк болуп жатат.

2006-жылы окко учкан Мухаммадрафик карыны жерге берүү каадасы нааразылык чарасына айланып кете жаздаган.

Анда жасат салынган табытты колдоруна көтөргөн эки миңден ашуун адам Кара-Суу шаарын тегеренип “Шахид мубаррак” ("шейит кеткен мубарек болсун!") деп ураан чакырышкан болчу.

Айрымдары карасуулук бир тууган Камаловдордон "ваххабийлердин" колдоочусу деп шектенишсе, башкалары аларды суннийлердин ханафийлик мектебинин гана жактоочулары жана тек гана коңшу өлкөлөрдөгү мусулман диниятчыларын куугунтуктоонун эпкини менен курулай жаманаттыга алынып жаткан дин өкүлдөрү катары санашат.
XS
SM
MD
LG