Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Убактылуу муфтий шайланды


Убактылуу муфтийликке шайланган Максат Токтомушев, 7-январь, 2014
Убактылуу муфтийликке шайланган Максат Токтомушев, 7-январь, 2014

Муфтияттын Уламалар кеңеши 8-февралда өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын курултайына чейин Максат Токтомушевди муфтийликке шайлады.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин жаш келин менен махабат ышкысына батып жатканы тартылган тасманын интернетке жарыяланышы аны акыры кызматтан алып тынды. Рахматулла ажы бул тасманы президенттин атын жамынган айрым адамдар таратканын айтты жана андай ыплас видеону көрүүнүн өзү чоң күнөө деген ойдо.

Эгембердиев “Азаттыкка” маегинде кызматтан кетүү себебин ачык айтып, Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

- Чуулгандуу тасма боюнча териштирүү аягына чыгышы керек. Мен тиешелүү органдарга арыз менен кайрылдым. Эгерде биздин мамлекетте жарандардын укугу тебеленбейт деп кепилденсе, ушул ишти акыйкат териштирип чыгышсын. Алмазбек Атамбаевден ушул ишке көз салып коюңуз деп суранам. Мен кызматтан кетип жатып, биринчи орун басарым Нурлан Танабаевди муфтийдин милдетин аткаруучу кылып дайындап кетип жатам.


Эгембердиев муфтийликтен кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00


Эгембердиев аялы реанимацияда жатканын, өзүнүн саламаттыгы да жакшы эместигин кошумчалады.

Нурлан Танабаев буга чейин Чүй облусунун казысы болуп турган, бирок муфтийдин чукул буйругу менен жакынкы күндөрү анын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Муфтияттын Уламалар кеңеши шейшембиде кезексиз жыйын куруп, Танабаевдин ордуна буга чейин муфтийдин орун басары болуп иштеп келген Максат Токтомушевди муфтийдин милдетин аткаруучу кылып шайлашты. Анын талапкерлигин мусулмандар 8-февралда жалпы курултайда бекитиши керек. Уламалар кеңешинин 35 мүчөсүнүн 24ү Токтомушевдин талапкерлигин колдоду.

Мурда Бишкектин казысы болуп иштеп келген Максат Токтомушев эл ичинде Кыргызстандагы "Таблиги жамааттын" лидери катары белгилүү.

Жаңы муфтийди шайлоо тартиби боюнча мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов буларды билдирди:

- Рахматулла ажы кайсы бир себептерден улам жыйынга келе алган жок. Бирок жобо боюнча Уламалар кеңешинин үчтөн биринин демилгеси менен кезексиз жыйын чакырылып, курултайга чейин Токтомушевди муфтий кылып шайлашты. Негизи 35 уламанын 23ү катышса кворум болот, бүгүн 25и катышты. Баары мыйзамдуу болду.

Уламалар кеңеши жыйын куруп жатканда муфтияттын алдына 50-60 киши топтолуп турду эле арасында кер-мур айтыша кеткендер да болбой койгон жок. Жаат-жаат болуп кайым айтышуу башталганда кайыр сурап турган аял чогулгандарды намаз окугула деп кубалап, чилдей таратты.

Өзүн "Бакай" аксакалдар кеңешинин төрагасы деп тааныштырган Токтобай Сатаев аксакалдардын бир даары Максат Токтомушевдин муфтий болуп шайланышына каршы экенин айтууда.

- Бүгүн булар Максатты муфтий кылып жатышат. Биз, жети дубандын аксакалдары чогулуп, Нурлан Танабаевди муфтий кылып шайлаганбыз. Булар динди бузуп, Эгембердиев ажыны каралап жатышат. Ак никеси болгондон кийин аял менен жата берет да. Адамдын жеке жашоосуна аралашып туура эмес иш жасашты.

Жаңы муфтийди кызматына бекитүү үчүн жалпы мусулмандар курултайына кеминде 200 делегат катышуусу керек. Курултай 8-февралга белгиленди.
XS
SM
MD
LG