Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Эксперттер исламды изилдөөгө багыт алды


Жума намазга барган уландар. Кыргызстан. 25-июнь, 2010-жыл.
Жума намазга барган уландар. Кыргызстан. 25-июнь, 2010-жыл.

Бир эле диний түшүнүк эмнеге ар кандай чечмеленүүдө? Ал эми эмне үчүн Кыргызстанда кыз-келиндер радикал уюмдардын бутасына айланды?

Мына ушул жана башка көйгөйлөрдү изилдөө үчүн Бишкекте Ислам изилдөө илимий институту түзүлдү. 20-майда аталган көз карандысыз институттун ачылышы болуп, ага катышкан эксперттер, диний жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады.

Аял-эне, аял согушкер эмес


Кыргызстанда акыркы кездеги диний процесстер жана радикалдашуунун себептери изилденбеген бойдон калууда. Маселен, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюмунун Бишкектеги эксперти Икбол Мирсаитов эмне үчүн кыргыз-кыз келиндери согушкерге айланды деген суроону коюп, диний эксперттерди бул маселе боюнча ойлонууга чакырды.

- Биз радикалдашып кеткендердин жана Сирияда жүргөндөрдүн арасында кыз-келиндер да бар экенине ынандык. Эмне үчүн мусулман аялдын, эненин, кыздын образы акырындык менен жанкечтинин, согушкер адамдын образына айланып баратат? Эмне үчүн мындай болуп калды? Бул ойлоно турган маселе. Мисалы, ислам тарыхында ушундай окуялар болду беле? Эмне себептен азыркы заманда аялдар радикалдашууда?


Сирияга барган согушчан аял. 2013-жыл.
Сирияга барган согушчан аял. 2013-жыл.
Бул кыргызстандык окумуштуулар, эксперттер, теологдор жана дин таануучулар изилдей турган ондогон диний проблемалардын бири гана. Бардык кызыкдар тараптардын башын кошуп, диний көйгөйлөрдү изилдөө максатында Кыргызстанда көз карандысыз Ислам изилдөө илимий институту ачылды.

Аталган институт исламдын түзүлүшүн, принциптерин жана маңызын чечмелөөнү, ислам дининдеги уюмдар, кыймылдар жана агымдар жөнүндө жарандарга толук жана так маалымат жеткирүүнү көздөйт.

Окумуштуулар сөз айта турган кез келди

Ислам изилдөө илимий институтунун Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, окумуштуу Назира Курбанова көз карандысыз эксперттер пикир айта турган кез келди деген ойдо:

- “Хизбут-Тахрирдин” эң негизгиси максаты - ислам халифатын куруу. Бирок азыр биз башка мезгилде жашап жатабыз. Биздин Конституциябыз бар, биз светтик мамлекетпиз. Ошондон улам, илимпоздор, окумуштуулар жана аалымдар туура багытта иштерди жүргүзүүсү зарыл болуп турат.


Кыргызстанда диний иликтөө-изилдөөлөрдү жүргүзгөн бейтарап борборлордун саны канчалык көп болсо, алардын пайдасы мамлекет жана коом үчүн арбын болору айтылып келет. Маселен, муфтият жана мечит-медреселер, бир гана диний маселелер менен алектенип, алардын динге карата терең илимий-аналитикалык негизде көз карашынын жоктугу сындалып жүргөн. Ошол эле кезде укук коргоо органдардын диний экстремизмге каршы кармап-камоолор, башкача айтканда күч менен гана күрөшүү ыкмасы өзүн актабай турганы айтылып келе жатат.

Экстремизмди күч менен жеңүү кыйын

КМШнын Антитеррордук борборунун өкүлү Бакыт Дубанаев да идеологияга бир гана идеология менен каршы туруу мүмкүн деп эсептейт.

- Экстремизм жана терроризм менен бир гана күч колдонуу ыкмалары менен күрөшүүгө болбойт. Идеологияга идеологияны каршы коюу керек. Биз туура идеологиялык күрөш жүргүзгөндө гана максатыбызга жете алабыз. Диний кубулуштарды изилдөө институттары, көз карандысыз борборлор канчалык көп болсо, динди түшүнүү ошончолук туура жүрөт.


"Хизбут-Тахрирдин" адабияты.
"Хизбут-Тахрирдин" адабияты.
Ал эми муфтийдин орун басары Равшан Эратов эксперттердин коңгуроо кагып жатканынын себеби бар деп эсептейт.

- Эксперттер коңгуроо кагып, бүгүнкү кырдаалды талкуулап, эртеңки күндүн тынчтыгын ойлоп жатышат деген пикирдемин. Кыргызстанда диний кырдал туруктуурак. Бирок муну менен бизде абал жакшы деп отуруп алганга болбойт. Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялардын баары ар бир мамлекет жана жарандар бейпил келечек үчүн аракеттерди көрүшү керектигин күбөлөйт.


Кыргызстанда диний кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп айтылганы менен, эксперттер жана укук коргоо органдары акыркы кезде радикалдашуу күчөп кеткенин белгилеп жүрүшөт . Акыркы расмий маалыматтар боюнча, маселен Сирияда жүздөй кыргызстандык согушта жүрөт, арасында кыз-келиндер да бар. Ошондой эле 6 кыргызстандык Сирияда каза тапты.
XS
SM
MD
LG