Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:09

Созулган сот иши нааразылык жаратууда


Холмирзаевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жакындары буга чейин Базар-Коргондо митинг өткөрүп, камалгандардын бошотулушун талап кылышкан. 2011-жылдын 6-октябры.
Холмирзаевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жакындары буга чейин Базар-Коргондо митинг өткөрүп, камалгандардын бошотулушун талап кылышкан. 2011-жылдын 6-октябры.

3-ноябрда Сокулук райондук сотунда теги жалалабаддык Орусия жараны Усмонжан Холмирзаевдин өлүмү боюнча сот уланды.

Ага байланыштуу Базар-Коргон райондук ИИБинин төрт кызматкерине айып коюлууда. Бул соттук отурумда Холмирзаевдин жубайы судья Курманкул Зулушевге ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч келтирди. Бирок муну айыпталып жаткан тарап ишти атайын создуктуруу аракети катары баалап жатат.


Сотко ишенбөөчүлүк жаралууда


Кезектеги сот отуруму башталар замат Усмонжан Холмирзаевдин жубайы Зулфия Холмирзаева ишке төрагалык кылып жаткан судья Курманкул Зулушевге ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч келтирди.

Зулфия Холмирзаеванын айтымында, бул судьянын ишти калыс алып барышына ишенбөөчүлүк жаралууда.

- Экинчи сот отурумунда айыпталып жаткандардын экөөсүн эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен койо берген болчу. Акырындык менен берки экөөсүн да чыгарып жиберет деп ойлоп жатабыз. Биринчи сот отурум адилеттүү жана калыс башталган. Бирок экинчи отурумда иш башкача өзгөрө баштады. Ошентсе да адилеттүүлүктү үмүт кылып, аракет кылмакчыбыз.

19-октябрдагы сот отурумунда судья Курманкул Зулушев айыпталуучулардын адвокаттарынын өтүнүчүн угуп көрүп, айыпталып жаткан милиция кызматкерлери Кубан Нуриев менен Мунарбек Маматалиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Бул экөө эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен койо берилип, ал эми Уларбек Исмаилов менен Нургазы Туташевге коюлуп жаткан айыптар оор болгондуктан, алар камакта калтырылган болчу.

Базар-Коргон райондук ички иштер кызматынын бул кызматкерлерине 5-августта Орусия жараны Усмонжан Холмирзаевди уруп-сабап, анын өлүмүнө себепкер болгон деген кине коюлууда. Бирок милиция кызматкерлери бул айыптарды четке кагып келатышат.

Сотту создуктуруу аракетиби?

Милиция кызматкерлеринин адвокаты Жыргал Маатжакыпов сотко ишеним көрсөтпөө менен жабырлануучулар сот жараянын атайын создуктурууну максат кылууда деп эсептейт.

- Булар эптеп соттук жараянды үзгүлтүккө учуратып, аны созууга аракет кылып жатышат. Бүгүнкү сотко иш боюнча негизги күбөлөр келген болчу. Алар иштин чыныгы жагдайын айтып жиберет деп чочулап, ошол максатта созуу үчүн өтүнүч келтирип жатат. Чындыгында ишенбөөчүлүк келтирүүгө эч кандай негиз жок.

Анткен менен ишти алып барып жаткан Курманкул Зулушев жабырлануучулардын судьяга ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарды. Анын айтымында, сотко ишеним көрсөтпөөгө жөндүү себеп жок. Бирок бул чечим боюнча жабырлануучулардын Чүй облустук сотуна арызданууга он күндүк укугу бар экендигин айтып, соттук отурум 14-ноябрга жылганын жарыялады.

Ал эми соттун улам артка жылдырылышы айыпталуучулардын жакындарынын нааразычылыгын жаратууда. 19-октябрдагы сот отурумунда негизги делген күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу сот 2-ноябрга, андан соң жабырлануучунун адвокатынын өтүнүчү менен бүгүнкү күнгө жылган болчу.

Кай жердин соту адилет?

Айыпталып жаткан Уларбек Исмаиловдун бир тууган агасы Абдужалил Исмаилов нааразычылыгын мындайча билдирди.

- Мисалы, мен пенсионермин. Жалал-Абаддан бери бешинчи жолу келишим. Канчалык үнөмдөсөң да, бир кишиге 4-5 миң сом кетет бир келгенге. Бул жерде төрт адам бар. Ар биринин жок эле дегенде 4-5 жакын адамы келет.

Базар-Коргон районунда болгон бул окуяны бир жагынан сот адилеттигин камсыздоо, экинчиден коопсуздукту эске алып Сокулук райсотуна которушкан болчу. Абдужалил Исмаилов сот отурумун кайра Жалал-Абад же Ош облусуна которуу боюнча талап коюшарын кошумчалады.

- Биз азыр баарыбыз Жогорку Сотко киребиз. Биз деле адамбыз. Бизди деле уга турган адам бардыр. Мейли бул жерде каралбай эле койсун, Жалал-Абадга жылдырып бергиле дейбиз. Ушунча адам кыйналып, нары-бери жүрө береби? Жалал-Абадга болбосо, Оштогу сотторго берсин. Иши кылып бизге жакынырак болсун.

Ал эми жабырлануучунун адвокаты Динара Медетова Жалал-Абад облусунда бул ишти калыс кароого мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Эң ыңгайлуусу иштин Сокулукта өткөнү жакшы. Жалал-Абадда болсо эл көп топтолуп, ишти кароого тоскоолдук жаратат. Ал жакта процесс калыс, ар тараптуу каралбай калат.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жакындары буга чейин да Ош-Бишкек жолун тосуп, камалгандардын бошотулушун бийликтерден талап кылышкан болчу.

XS
SM
MD
LG