Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

“Ош шейиттеринин” жетекчиси камалды


“Ош шейиттеринин” жетекчиси камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева бирөөнү сабады деген айып менен 26-ноябрь күнү 48 саатка камалды. Азыр Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Айтиеванын үстүнөн Оштун Кара-Суу көчөсүнүнүн тургуну даттанган. Арыздын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси, денеге анча оор эмес зыян келтирүү боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча Айтиеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Тургунайым Айтиева Ош окуясынан соң “Ош шейиттери” коомдук уюмун ачып, коогада жабыркагандарга батир, компенсация алуу боюнча жардам берип жүргөн. (Эрнист Нурматов, Мирлан Токталиев)

XS
SM
MD
LG