Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

"Жол тосууга мажбурлабаса..."


Кыйкырганды гана эмес, укканды да үйрөнөөр бекенбиз...
Кыйкырганды гана эмес, укканды да үйрөнөөр бекенбиз...

Өкмөт башчы жолдорду тосуп, ишканалардын ишине кедергисин тийгизген мыйзамсыз акцияларды уюштургандарды 1 млн. сом айыпка тартуу демилгесин көтөрүүдө.

Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бул демилгеси “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынды. Талкууга Нефтетрейдерлер биримдигинин башчысы, экономист Жумакадыр Акенеев жана укук коргоочу, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова катышты.

“Азаттык”: Кыргызстандын демократиялык багытына, Баш мыйзамдагы тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигине бул сунуш канчалык шайкеш келет?

Абдирасулова: Биздин Баш мыйзамда жарандардын эркин жыйындарга болгон укугу баса белгиленген. Экинчиден, жакында эле президент тарабынан "Эркин жыйындар жөнүндө" мыйзамга кол коюлуп, 23-майдан тартып иштей баштады.

Кыргызстандын бир да мыйзамында миллион сом деген жазуу жок. Өкмөт башчынын бул демилгесин депутаттар колдойбу, жокпу, азырынча белгисиз. Бирок баары бир бул демилге эл аралык стандарттардан баштап, биздин улуттук кызыкчылыктарга карама-каршы келерин баса белгилеп коюу керек.

“Азаттык”: Бул демилге деле жок жерден чыгып атпаса керек, анткени жол тосуу менен коштолгон митинг, акциялар өлкө экономикасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат деген жүйөлөр айтылып атат. Сиз кандай карайсыз?

Акенеев: Мениме жол тосуу туура эмес. Кыргызстанда нааразылык акцияларын жол тосуу менен коштоо адат болуп калды. Өзүнө көңүл бурдуруу максатында жасалып атат. Ошондуктан адамдар буга барбашы үчүн өкмөт, жергиликтүү бийлик алардын маселесин жол тосконго жеткирбей чечүүгө тийиш. Нааразылык акциясына чыккандар буга аргасыздан барышат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Жумакадыр мырза, Кумтөр алтын кенин казуучу ишканадан түшкөн салык Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинде орчундуу орунду ээлейт. Эгер ишканага кеткен жол тосулуп, ишкана иштебей турса, өндүрүш токтойт, андай болгондо салык азайып, бюджет да кемийт?

Акенеев: Кыргыз эли, кыргыз жери өзүнө тиешелүү байлыктан киреше алууга укуктуу. Бирок андай болбой жатпайбы. Мунун баарына албетте биринчи бийлик күнөөлүү деп атышат, бирок азыр деле бир столго отуруп, аны оңдоого болот да. Андай болбогондон кийин эл өзүнүкүн талап кылып чыгып атат. Ишкана элден түшкөн каттарга жооп бербейт, арыз-муңун укпайт. Ошол эле Кумтөрдүн алтынын казып аткан ишкананын жетекчилери нааразы болгон элге жолугуп, алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүп, иш жасаса, эл чыкмак эмес.

Абдирасулова: Жакында кабыл алынган, президент кол койгон мыйзамды иштетүү керек. Анда пикет-митингдерди өткөрүүнүн бардык жол-жобосу бийлик үчүн да, эл үчүн да ыңгайлуу жазылган. Ошондуктан улам бир мыйзам чыгара бербей, ошол мыйзамдын тегерегинде иш алып баруу зарылдыгы турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG