Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:59

Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына миңден ашык адам өмүрү менен кош айтышат.

Жогорку Кеңештин депутаттары мындай абалды оңдоо үчүн жол кырсыгын жасаган мас айдоочуларды жазалоону күчөтүүгө негиз берген мыйзам долбоорун даярдашты.

Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө мас айдоочулар эле башкы себеппи? Мындай кырдаалга унаа айдоого даяр эмес адамдарга айдоочунун күбөлүгүн оңду-солду тараткан мекеме жооптуубу же жол эрежелерин сактабаган эл күнөөлүүбү? Жазаны күчөткөн мыйзам ишке ашабы же башка мыйзамдардай эле натыйжа бербейби?

“Азаттык” радиосу “Арай көз чарай” талкуусунда ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, Ички иштер министрлигинин патрулдук милициясынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурмамбетов жана “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова катышты.

“Азаттык”: Акылбек мырза, сиз кырсыктардын санын азайтуу үчүн машинаны мас абалында айдагандарды жазалоону күчөткөн жоболорду Кылмыш жана Административдик кодекстерге киргизүүнү сунуштап жатасыз. Жазалоонун кандай түрлөрү сунушталып жатат жана ал жоболор киргизилсе абал жакшырат деген ишенимдесизби?

Акылбек Жапаров: Жок, бул комплекстүү чаралардын бири болуп эсептелет. Буга чейин 2013-2014–жылдары айып пулду көтөрүп бергенбиз, бирок, тилекке каршы абал жакшырган жок.

Ушул мыйзам долбоорун даярдаган Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев болуп экспертиза жүргүздүк. 1979-1989-жылдары Кыргызстан СССРдин курамында турганда Ооганстандагы согушка катышкан 14 миңге жакын жараныбыздан ажыраптырбыз, 55 миңден ашык балдарыбыз жаракат алган. Ал эми 2003-2013-жылдар аралыгында жол кырсыгынан 11 миңден ашык адам каза тапса, 65 миңден ашык адам жараат алган экен.

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Экономикага алып келген зыянын карай турган болсок, 2013-жылы 16 миллиард сом жол кырсыгынан талкаланган машиналарды оңдоого, кырсыктын кесепетин жоюуга сарпталган. Андан тышкары 2014-жылы мас абалында 15 миңге чукул гана адам кармалып, анын болгон 8 пайызына кылмыш иши козголуп, анын теңи гана сотко жеткен. Соттон кийин да иш эмне менен аяктаганы белгисиз.

Ошондуктан, экинчи жолу мас абалында кармалса, жол кырсыгына себепчи болсо беш жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратылсын деп жатабыз. Эгер кырсыктын кесепетинен бир адам каза болсо, анда айдоочулук укуктан түбөлүккө ажыратылып, машинасы конфискацияланып, аукциондо сатылсын деп жатабыз. Эгер аны милиция кызматкери кармап туруп коё берсе жана андан кийин жол кырсыгына кабылса милиция кызматкери ишинен четтетилип, 20 миң сомдук айып төлөсүн деген жобону киргизип жатабыз.

Мындан тышкары мас абалында жүрүп кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн кызмат адамдары соту болобу, прокурору болобу, депутаты болобу кызматынан четтетилет деген жобону киргизип жатабыз.

“Азаттык”: Ахмед мырза, Акылбек мырза мас айдоочуларга патрулдук милиция жардам берип, аларды үйүнө чейин жеткириш керек деп билдирди. Мындай кызматты аткаруу мүмкүнбү? Бишкекти эле ала турган болсок күнүгө орто эсеп менен канча мас айдоочуну кармайсыңар жана аларга карата кандай жаза колдонулат?

2003-2013-жылдар аралыгында жол кырсыгынан 11 миңден ашык адам каза таап, 65 миңден ашык адам жараат алды.

Ахмед Нурмамбетов: Эгер милиция мас айдоочуну коё бере турган болсо кандай жаза тартары Административдик кодексте каралган. Ага кошумча жаза каралса абдан эле жакшы болот деген ойдобуз. Ал эми Кыргызстан боюнча быйыл мас абалында кармалган айдоочулардын саны 10 231 адам болду. Былтыр 12 611 адам кармалган. Мас абалында биринчи жолу кармалса 10 миң айып төлөйт, экинчи жолу кармалса 20 миң сом төлөйт же айдоочулук укугу чектелет.

“Азаттык”: Чынара айым, сиз жетектеген “Жол коопсуздугу” бирикмесинин сайтында жүргүзүлгөн “Жол эрежелерин бузгандарга айыппулду көбөйтүү керекпи?” деген сурамжылоого катышкан 1183 адамдын 52 проценти жок деп, 35 процентке жакыны ооба деп, 14 процентке жакыны мен бузбайм деп жооп бериптир. Демек, мындай көрсөткүч жол коопсуздугун сактагандарга караганда бузгандар көп экендигин билдиреби?

Чынара Касмамбетова: Туура, бирок биз мындай сурамжылоону 2013-жылдан бери жүргүзүп келе жатабыз. Негизи ушундай суроого катышкан адамдардын 50% жакыны каршы чыгышат. Себеби, баары бир жазалоого келгенде көп кишилер кутулуп кетишет, телефон чалуу укугу деген күчтүү, барып-барып катардагы жөнөкөй адамдар эле жоопко тартылат деген нааразылыктарды айтышат. Буга биздин менталитет, мыйзамды аткарбай, өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз биринчи орунга чыккан түшүнүк менен жашообуз башкы себеп. Тааныштык менен телефондун укугу мыйзамга караганда күчтүү болуп жатат. Ошентип, менталитет менен маданий деңгээлибиз ушундай көйгөйгө алып келип жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG