Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Жолдон чыккан жоболоң


Балыкчы - Корумду трассасы
Балыкчы - Корумду трассасы

Жол оңдоого байланышкан маселелерде өкмөт башчы менен транспорт министринин ортосундагы тирешүү коомчулукта өнөкөт коррупциянын уланышы катары бааланса, башкалары парламенттеги саясий күчтөрдүн азыркы өкмөттү кулатуу аракети деп сыпаттоодо.

Жолдон чыккан жоболоңдуу маселеде мыйзам бузуулар барбы? Ага өкмөт жетекчиси же министрдин канчалык тиешеси бар? Премьер-министрдин транспорт министрине байланыштуу сунушу мамлекет башчыдан эмне үчүн колдоо тапкан жок?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, депутаттык комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев менен өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы, мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Азиз Алиев катышты.

"Азаттык": Кубанычбек мырза, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттен жол оңдоого ири көлөмдөгү акча - 7 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп, ишке киришкенде эле чуу чыкты. Депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендер мыйзамды одоно бузуу менен өткөнүн билдиришкен. Ага кандай далилдерди айта аласыз?

Кубанычбек Жумалиев: Мыйзам бузуулардын катталганынын негизги себеби, өлкө бюджетинен ири суммадагы акча бөлүнүп, мындай ири долбоорлорго тендер өткөрүү тажрыйбасынын жоктугу болгон.

Чатактын баары Жол чарба департаменти тендердик комиссияда жол салуу боюнча тажрыйбасы жок компанияны тандап алгандыгында. Жолдун курулушун көзөмөлдөө да өкмөттүн курулуш бөлүмүнө жүктөлүп калган.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, быйыл жайында Кыргызстанда, Ысык-Көлдө КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жыйыны, Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну өтө тургандыктан президент тарабынан өкмөткө тапшырма берилген. Өкмөт кайдан болсо да акча таап, долбоорду ишке ашырууга киришкен. Чет элдик компанияларды чакырып, тандоо көп убакыт ала турганын билгенден кийин, айласыз ушул жолго барышкан. Өкмөт башчы ага жараша буйрук чыгарган.

Бүгүн болуп жаткан карама-каршылыктын негизи – жол куруу боюнча тендер өткөрүү, аны көзөмөлдөөнү Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине берип койгондугу, жоопкерчиликти министрликке бериш керек болчу деген пикирлер болууда. Андай документтин долбоору транспорт министринин орун басары Уезбаев тарабынан даярдалып, сунуш кылыныптыр. Ошентсе да Конституциянын 10-17-беренесине ылайык премьер-министр андай буйруктарды чыгарууга укуктуу, ошол себептүү анын чыгарган чечимин мыйзамсыз деп атоого болбойт.

Бирок өкмөт башчынын буйругун Жол чарба департаменти туура эмес аткарган. Тактап айтканда, чатактын баары Жол чарба департаменти тендердик комиссияда жол салуу боюнча тажрыйбасы жок компанияны тандап алгандыгында. Жолдун курулушун көзөмөлдөө да өкмөттүн курулуш бөлүмүнө жүктөлүп калган. Ошондуктан транспорт министри бул иштен четте калгандай болуп, күнөөнү өкмөт башчыга жүктөп жатат.

Бүгүнкү жагдайыбыз кандай, өкмөт аталган жолго деп болгону 180 миллион сом бөлүптүр, берки компания жолдо 570 миллион сомдон ашык иш аткарып коюптур. Эгер ушул чырга байлап ишти токтотуп койсок, биздин мамлекет көп зыян тартып калат. Алдыда чоң иш чаралар турат. Ошондуктан менин позициям ишти токтотпоо керек. Тендер кандай өткөн, мыйзам кайсы жерден бузулган Коррупцияга каршы күрөшүү органы, прокуратура ж.б. териштире берсин.

Тендерди өткөрүү боюнча одоно мыйзам бузуулар болгон. Бир топ укуктук, ченемдик жоболордун бузулушуна жол берилген. Ошонун арты менен туура эмес келишимдер түзүлүп калган.
Азиз Алиев

"Азаттык": Азиз мырза, сиз мүчө болгон мекемелер аралык комиссия мыйзамсыз аракеттердин болушуна транспорт министри Малабаевдин күнөөсү бар деген корутунду чыгарды. Ага кандай негиздер түрткү болду?

Азиз Алиев: Мекемелер аралык комиссия кыска мөөнөттө иштеди. Тендерди өткөрүү боюнча одоно мыйзам бузуулар болгон. Тендер даярдалып, өткөрүлүп бүткөнгө чейин бир топ укуктук, ченемдик жоболордун бузулушуна жол берилген. Ошонун арты менен туура эмес келишимдер түзүлүп калган.

Биздин комиссиянын жыйынтыгы боюнча жогорудагы биз айткан мыйзам бузууларга өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык түздөн түз министрлик жооп берет, тармактын саясатын аныктоо, жүргүзүү да министрдин жеке жоопкерчилигине кирет.

Экинчиден, маселе каржы, акча жөнүндө болуп жаткандыктан анын да биринчи жоопкерчилиги министрге жүктөлгөн. Ошондуктан азыр министрдин билбей калдым, укпай калдым, мени четтетип коюшту дегенине биз кошула албайбыз.

XS
SM
MD
LG