Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдады


Жол-кайгуул кызматкерлери. Бишкек, 22-июль, 2012.
Жол-кайгуул кызматкерлери. Бишкек, 22-июль, 2012.

Кыргызстанда эми мас абалында машине айдагандар 20 миң сомго чейин айыппул төлөйт, же үч жыл айдоочулук укуктан ажырайт.

Президент Алмазбек Атамбаев 4-июлда кол койгон мыйзамга ылайык, жол эрежесин бузгандарга карата айыппул 10 эсеге жакын жогорулатылды. Мыйзам бир айдан соң, 4-августтан тарта күчүнө кирет.

Жогорулаган айыппул жол кырсыгын азайтабы?

Жол кыймылы тууралуу мыйзамга жана административдик жоопкерчилик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза чаралары бир топ катаалдаштырылды. Тагыраак айтканда жол эрежесин бузгандар учурда 100 сомдон 3000 сомго чейин айыппул төлөсө, 4-августтан тарта 500 сомдон 20 миң сомго чейин акчалай жазага тартылышат.

Бул тууралуу жаңы мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, мыйзам күн санап көбөйүп бараткан жол кырсыктарын азайтууну максат кылат:

- Бул мыйзам 4-августтан иштеп баштайт. Менимче, штрафтардын жогорулашы менен жол кырсыктары таптакыр жоюлуп кетпесе да жол эрежесин бузгандар азаят. Биз айрым беренелер боюнча айыпулду 200-300 сомго гана көтөрдүк, ал эми ичкилик ичип же баңгизат колдонуп транспорт башкаргандарга 20 миң сом акчалай жаза чектедик. Ошондуктан бул мыйзам бардык айдоочулар үчүн, алардын коопсуздугу үчүн өтө керектүү.

Эң чоң айыппул 20 миң сом...

Мас абалында рулга отургандар буга чейин 1500 сом айып төлөп же 1 жыл айдоочулук укуктан ажырап келишсе, эми 10 миң сом айыппул төлөйт же 1 жыл айдоочулук менен коштошот. Эгер "жинди суудан" сеп этип алып жол кырсыгына себепкер болсо 20 миң сом акчалай жаза тартат же 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Мындан сырткары белгиленген ылдамдыктан ашып айдагандардын жазасы да эки эсеге жогорулатылды.

Мыйзамдагы дагы бир жаңычылдык - автоунааны эч негизсиз токтоткон жол-кайгуул кызматкерлерине каршы көрүлгөн чара. Эгер айдоочу инспектордун мыйзамсыз токтотконун сотто далилдеп берсе "кызыл таякчандарга" 5 миң сомдук жаза чектелет. Сот видеотасмаларды далил катары карайт.

Жол-кайгуул кызматын ичинен билген жарандык активист Калича Умуралиева айыппулдардын жогорулашын толугу менен колдойт. Бирок ал жол кырсыктарын чындап азайтуу үчүн жазаларды дагы да катаалдантуу керек деген ойдо:

- Штрафты көбөйтүү эң туура. Биринчиден, айдоочулар туура жолго түшүп, эрежелерди сыйлай баштайт. Экичиден, штраф көбөйтүлгөндөн кийин МАИ кызматкерлерине протокол толтуруу ыңгайлуу болуп калат. Анткени анчалык сумманы ар бир айдоочу эле жанынан бере албайт да. Бирок жазаларды дагы да күчөтүш керек. Өзгөчө мас абалында машине айдагандарга элүү миң сом да аздык кылат. Мындан өкмөткө да пайда болмок.

Жаңы мыйзам МАИчилердин “ставкасын” көтөрөбү?

Деген менен жазалардын күчөтүлүшүнө баары эле макул эмес. Рулга отурганына 33 жылдын жүзү болгон таксист Жаныбек Жапаров каршылардын бири. Ал айыппулдун жогорулашы менен жол кырсыгы азайбай эле, тескерисинче МАИчилердин алкымы чоңоет деген ойдо:

- Эми жол кырсыгы деген айтып келбейт да. Штраф көбөйсө жол кырсыгы азаят деп ким кепилдик бере алат? Мен күнүнө 500 сом тапсам, анан аны МАИчиге алып койчу эми деп жалдырсам үй-бүлөмдү ким багат? Мурун го жүз сом берип кетип калчыбуз. Жол эрежесин бузбай айдаган айдоочуларды табуу кыйын. Анткени шаардагы автотыгындар, тажрыйбасыз айдоочулар сени эреже бузууга түртөт. Мындан карапайым эле элге кыйын болуп калат.

Депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорунда айдоочуларга салынган айыпулдун 25 пайызы сыйлык катары жол-кайгуул кызматкерлерине бөлүнөрүн айтат. Анын ишениминде, бул алардын таза иштешине түрткү болот:

- Штрафтын 25 пайызы МАИ кызматкерлерине түшөт. Маселен, 20 миң сомдун 5 миңи инспекторлорго бөлүнөт. Бул акча менен материалдык базаны оңдосо болот. Кошумча сыйлыктар каралат.

Кыргызстанда жалпы транспорт каражаттарынын саны миллиондон ашат. Күн сайын орто эсеп менен 16 жол кырсыгы катталат жана андан 3 адам ажал табат. Адистер жол кырсыгынын күн санап өсүп жатышына жол-кайгуул кызматындагы паракорлук, айдоочулук күбөлүктөрдүн сатылышы, айдоочулук маданияттын жоктугу, жолдордун начар абалы, жол эрежелеринин айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр тарабынан одоно бузулушу сыяктуу бир канча жагдайлар себеп экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG