Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Жол кырсыгы: айдоо маданияты азайды


Жол кырсыктары айдан-айга, жылдан-жылга көбөйүп, ага жараша жол коопсуздугу коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. "Азаттыктын" кабарчылары бул көйгөйдүн себептерин ар тараптан сураштырышты.

Айдоочунун жол эрежесин сактабай, машине айдоо маданиятына маани бербегенинин айынан адам өмүрүнө залал келтирген учурлар Нарын сыяктуу чакан шаарларда да арбын катталып келатат. Аны иретке келтирүүнүн жолун жергиликтүүлөр жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзам чегинде иштешинен жана айдоочулардын жол эрежелерин так билишинен көрүшөт дейт аймактагы кабарчыбыз Токтосун Шамбетов:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00
Түз линк


Жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн бирден бир себеби катары айдоочулук күбөлүктүн туш келди сатылышы да аталууда. Айдоочулук күбөлүк алуунун мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдорун кабарчыбыз Улан Эгизбаев иликтеген:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00
Түз линк


Алыскы сапарга чыккан жүргүнчүнүн коопсуздугуна айдоочу жооптуу болгону менен, ал пайда табууга ыктап, башкы жоопкерчиликти эстен чыгарган учурлар көп кездешет. Өз коопсуздугуна караганда каражатын үнөмдөөгө артыкчылык бергендер жүргүнчүлөр арасында да аз эмес. Ош-Бишкек жолундагы сапарга чыккандардын коопсуздугуна канчалык маани беришерине Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов кайрылат:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00
Түз линк

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жол эрежелерин бузган жана арак ичип рулга отурган айдоочуларга айып пулду эселеп көбөйтүүнү сунуштоодо. Бул демилгени Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги да колдоп, мындай кадам аркылуу күн санап көбөйүп жаткан жол кырсыктарын азайтууга ишенип турушат. Айып пулду көбөйтүү аркылуу жол кырсыктарын азайтуу канчалык реалдуу? Жанар Акаев баяндайт:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00
Түз линк

Арак ичип алып машине айдагандарга Кыргызстанда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууга чейинки жазалар колдонулганы менен статистикалык маалыматтар айдоочунун ичимдик ичип алышы жол кырсыктарынын эң башкы себеби экенин көрсөтүүдө. Ысык-Көлдүн тургундарына кабарчыбыз Мария Колесникова суроо узаткан:

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG