Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Кыргызстанда Орусия лоббиси күч алдыбы?


Орусия -- Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин.
Орусия -- Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин.
Мамлекеттик Дума төрагасы Сергей Нарышкиндин сапарына аралаш Кыргызстанда орус тилинин күндөрү өткөнү турат. Орусиянын илим жана маданият борбору чет жердеги мекендештери менен кызматташтык агенттигинин сайты аркылуу тараткан маалыматка караганда, аптанын акырына чейин маданий күндөрдүн алкагында түрдүү иш-чаралар өтөт.

Акыркы кездери саясий-экономикалык эле эмес, маданий кызматташтык жаатында бул өңдүү ар кыл долбоорлор күжүрмөн иштеп жатат. Муну Орусиянын өз кызыкчылыгын жергиликтүү коомго сиңирүү максатындагы аракеттери деп баалагандар да болууда. Андай саясатчылардын бири, депутат Өмүрбек Абдырахманов өзүнүн төмөнкүдөй жүйөсүн келтирди:

- Маданий-маалымат фонду деген ачылган. Ал жакка орус бийлигинин бюджетинен көп акча которулган. Ошондон улам rus.kg, vesti.kg сыяктуу сайттар ачылган. Анан биздин сайттар менен да иштешет. Орусияны мактаган, Кыргызстан Орусияга кошулса жыргайт, Бажы биримдигине кошулса жыргайт, Евразия биримдигине кошулса жыргайт, ЖККУга кошулмайынча Кыргызстанды башкалар “жеп” коёт деген сыяктуу ачыктан ачык материалдарды берип атат.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикирине караганда, Орусиянын кызыкчылыгын Кыргызстанда орустар эмес, биринчи кезекте кыргызстандык аттуу-баштуу саясатчылар өздөрү коргоп, таламын талашуу менен алектенүүдө. Аларды жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары колдошот дейт:

- Орусиялык лобби бар. Аны аттуу-баштуу көптөгөн саясатчылар кылып атышат. Агенттиктер бар, мисалы, 24kg, Белый парус сыяктуу. Мен аларды жамандаган жокмун. Мындай караганда Орусиянын кызыкчылыгын коргоп жатат. Орусияны кичине эле сындап койсоң, Кыргызстанды жамандап башташат.

Орусиянын кызыкчылыгын таңуулоо жүрүп жатат деген көз караш караманча калп, тескерисинче эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүн кыргыз коомчулугу кубатташы керек, анткени бул биринчи кезекте Кыргызстан үчүн керек дейт журналист Кабай Карабеков:

- Нарындабы, Баткендеби орусча бир да сөз билишпейт. Бул проблема. Ошол эле Баткендин жарымы азыр Орусияда иштеп атышат, а орус тилин начар билишет. Орусиянын бул жерде экономикалык кызматташтыкты күчөтүп жатканы да туура. Биз Орусия позициясын солгундатпаганга умтулушубуз керек.

Карабековдун пикиринде, тең ата кызматташтык болбой жатат, Орусия экономикалык жардамдарды берип атса, буга Кыргызстан өз мигранттарын жөнөтүү менен жооп кайтарууда.

Жергиликтүү эксперттердин бири Аскарбек Мамбеталиев болсо кыргыз бийлиги экономикалык кызыкчылыкка жетеленип, көз карандысыздык өңдүү баалуулуктардан уттуруп жатат дейт:

- Расизм күчтүү. Ушул жагы аябай тынчсыздандырат. Орто Азия жөнүндө алардын пикирлери таптакыр адамгерчиликтүү эмес. Москвада канча адамдар кор болуп келип атышат. Ошол жагын чоңдор ойлобой атышат.

Кыргызстан акыркы жылдары Орусия менен саясий, социалдык -экономикалык, маданий алакалары бекемделип, негизги стратегиялык өнөктөш катары камыр-жумур кызматташууда. Муну Камбар-Ата ГЭСинин курулушу, Бажы биримдигине кирүү, “Кыргызгаз” ишканасын иштетүүгө берүү сыяктуу экономикалык ири долбоорлор далилдеп турат. Акыркы мезгилдери маданий кызматташтык жаатында ири долбоорлор ишке ашырыла баштады. Мындай кызматташтыктын келечегине ишенбеген жергиликтүү саясатчылар болсо Борбор Азияда таасирин арттыруу үчүн Орусия Кыргызстанды "оюнчук" кылып жатат, ошондуктан Кыргызстан өз алдынча тиричилик кылуунун жолдорун издеши керек дешет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG