Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Богатырев: Батукаев маселеси президенттин деңгээлинде чечилбейт


"Перспектива" аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышы айрым саясий күчтөр үчүн бийликке чабуул жасоого шылтоо болууда деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

“Азаттык”: Валентин мырза, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши саясий элитага ушунчалык эле катуу тийди деп ойлойсузбу? Мынчалык ызы-чуунун чыгышына эмне себеп?

Валентин Богатырев: Батукаев бул - шылтоо. Шылтоо бийликке чабуул койууга гана мүмкүнчүлүк түздү. Мен башынан эле Атамбаевге мамлекетте эки реалдуу оппозиция бар деп айтып келем, анын бири Бабанов болсо, экинчиси “Ата Мекен” партиясы. Бирок экөө тең сыртынан Атамбаевге лоялдуу көрүнөт.

Эсиңизде болсо, былтыр күз айында “Ата Мекен” партиясына Бабанов жана анын тарапташтары өтө катуу чабуул жасашкан. Ошол окуялар Жогорку Кеңеште талданып жатканда, бул иште мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев чоң рол ойногону ачыкка чыккан эле. Рысалиев Жогорку Кеңеште Атамбаевдин буйругу менен ушул кадамга барганын кыйыткан.

Ошентип “Ата Мекен” бул чабуул Атамбаевдин макулдугу менен ишке ашканынан белги алган. Менин оюмча, мародерлук боюнча дооматтар “Ата Мекенди” толугу менен алсыратты. Андыктан “Ата Мекен” эртеби-кечпи контр-чабуул жасамак. Батукаевге байланышкан кырдаал ага жакшы шарт түздү десек болот.

“Азаттык”: Батукаевдин түрмөдөн эрте бошоп, өлкөдөн чыгып кетишинде такыр мыйзам бузулган жок дейсизби?

Валентин Богатырев: Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча эч кандай мыйзам бузуу жок. Формалдуу түрдө бардык эрежелер сакталган. Анын бошотулушу, ага паспорттун берилиши, чек арадан өтүшү – баары мыйзам чегинде. Болгону бул иштер өтө тездик менен жасалганы гана таңдануу жаратты.

Батукаевди бошотуу боюнча сөздөр жана аракеттер буга чейин эле болуп келгени азыр ачыкталып жатат. Жарым жыл мурда, бир жыл мурда Батукаевдин Чеченстандагы туугандары ар кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүп келген. Анын ден соолугу чындап эле начар экендигинен күмөн санабайм. Бул баңгизатты көп колдонгондон улам болушу мүмкүн. Ак кан тууралуу диагнозун өз көзүм менен көрбөсөм да, бир жыл мурун уккам. Азыр “ден соолукка байланыштуу бошотулду” деген себепти кабыл алгысы келбегендер деле анын саламаттыгы чын эле начар экенин тана алышпайт.

Ошондуктан Батукаевдин адамдары биздин системаны эске алып, айрым адамдарга акча сунуштаса керек. Мындай тактык акча бергенде гана ишке ашат.

“Азаттык”: Бирок маселе кандай деңгээлде чечилген? Чечим президентке барып такалган, атүгүл орус элитасы кийлигишкен деген кептер чыгып кетти. Мындай сөздөрдүн чыгышы жөндүүбү?

Валентин Богатырев: Жок, бул эми саясат таануучулардын оорукчан фантазиялары. Батукаев “мыйзамдагы чечен ууру” болгон күндө да, анын кетиши мамлекеттик масштабда, Атамбаев, Шувалов же Путиндин деңгээлинде чечиле турган маселе эмес. Бул жерден мен тышкы саясий контекстти көрбөй турам. Батукаевдин Кыргызстандан кетиши эч кандай суроолорду чечпейт жана кыргыз-орус алакасына таасир тийгизбейт.

Бирок кызыгы, системаны жакшы билген адам катары айтсам, административдик ресурс да бул суроону мындай тез жана жылма чече алмак эмес. Бул суроо бирөө буйрук же чоң акча бергендиги үчүн чечилген жок, бул суроо Батукаевдин жакындары жакшылап ойлонуп, даярданганы үчүн чечилди. Алар аны алып чыгуу мыйзамдуу экенин да билишкен. Ал эми биздикилер Камчы Көлбаевдин аренада пайда болушун эске алып, балким, ашыкча баш ооруну каалашкан жок.

Бул ишти керек болсо Атаханов да эмес, Рысалиев да эмес, Акун да эмес, Батукаевдин эле адамдары бүтүргөн.

“Азаттык”: Эми саясий күчтөрдүн тирешин эске алганда, “Ата Мекендин” азыркы аракеттерине канча упай берет элеңиз?

Валентин Богатырев: Жогорку баа бере албайм. Парламенттик шайлоо жакындаган сайын “Ата Мекен” радикалдуу оппозицияга айлана баштайт. Себеби аларда башка айла жок. Мародерлук деген көөдөн кийин алар нааразылык маанайды гана колдоно алышат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG