Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

“Кыргыз ынтымагы”: “Патриоттор” менен “кыргызча” сүйлөшөлү


Орусияда кыздарга запкы көрсөтүп жаткан өздөрүн "патриоттор" деп атагандар менен "кыргызча" күрөшкөн "Кыргыз ынтымагы" аттуу топ пайда болду. Аталган топтун мүчөсү Анарбай Мырзакаримов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: "Кыргыз ынтымагы" качан, ким тарабынан, эмне максат менен түзүлгөнүн айтып берсеңиз?

Мырзакаримов: “Кыргыз ынтымагынын” түзүлгөнүнө бир жыл болуп калды. Бир жылдан бери биз Орусиянын 15 облусун кыдырып келдик. Ал жердеги кыргыз мигранттарынын башын бириктирдик.

“Азаттык”: Кандай жол менен? Барып сүйлөшөсүздөрбү?

Мырзакаримов: Ал жерде диаспора бар, карапайым эл бар. Карапайым эл топтолот, ошондо бардык темаларды ортого коюп, элдин бардыгы биз атйкандарды туура деп жатат. Мисалы, аксакалдарыбыз изилдеп тааптыр, “кыргыз” деген сөз Кыргыз деген кишиден келип чыккан экен. Ал киши жашоосунда ыймандуу, кичи пейил, айкөл, акылдуу, билимдүү, таланттуу, касиеттүү жигит болгон экен.

“Азаттык”: Анарбай мырза, уюмуңуздардын диний багыты жокпу?

Мырзакаримов: Бул жерде Манас атанын осуяттары эле кетип жатат.

“Азаттык”: Анан сиздер жанагы кыздарга кол салган, өздөрүн “патриоттор” деп жаткан балдарды өз күчүңөр менен табат экенсиздер. Кантип, кандай жол менен?

Мырзакаримов: Эми бул жерде кыргыздар баарыбыз бир тууган болгондон кийин анча-мынча каталарды таап, аларды туура жолго салып, таарынышкандарды жараштырыш керек, мамилеси бузулгандардын мамилесин чыңдаш керек. Өзүңөр көргөндөй Орусияда эч кандай эрежелер сакталбай, башка улуттарга уят болуп жатабыз.

“Азаттык”: Акыркы окуяга токтолсок, дагы бир жаңы видео чыгып, ал жерде кызды урган балдарды таапсыздар. Кантип?

Мырзакаримов: Тааныштарыбыз көп. Азыр биз баарыбыз бириктик, биз Кыргыз атанын балдарыбыз деп жашап жатабыз.

“Азаттык”: Кантип деген суроого жооп ала албай койдум. Жанагы кыздарды кордогондорду тапсаңыздар, аларды эмнеге милицияга бербей жатасыздар?

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Мырзакаримов: Аларды милицияга берип, каматып жибергенден эмне чыгат эле? Азыр бир бала үйлөнөм деп жатат ошол кызга. Маселени "кыргызча" эле өз ара чечишип алсак, ошого кандай дейсиз?

“Азаттык”: Ал кыз жашагысы келбей жатыптыр го. Көбүнчө зордуктап койгон учурлар да болуп жатат, кыз зордукчу менен кантип жашайт?

Мырзакаримов: Биз зордуктаган жокпуз.

“Азаттык”: Жок, сиздерди айткан жокмун.

Мырзакаримов: Кыздын туугандары милицияга бербей, өзүбүз эле чечебиз дешти.

“Азаттык”: Ошону туура дейсизби? Бизде Конституция бар, мыйзамдар бар, адам укугу...

Мырзакаримов: Биз Конституцияга, бийликке каршы чыкпайбыз. Болгону мигранттардын көйгөйлөрүн чечип берели деп жатабыз.

“Азаттык”: Сиздерди ким каржылайт? Орусиянын 15 облусун кыдыруу үчүн каражат керек да?

Мырзакаримов: Алла колдогон мезгилде жолуңду ачып койот экен. Биз салык салмай дегендерди токтоттурдук.

“Азаттык”: Кантип? Сиздер айтсаңар эле угуп калып жатышабы?

Мырзакаримов: Эми биз келишимге келип жатабыз да.

“Азаттык”: Ошентсе да, кантип кыдырдыңар?

Мырзакаримов: Бизди ар бир шаарда тосуп алып, узатып коюп жатышты.

“Азаттык”: “Кыргыз ынтымагында” канча мүчө бар?

Мырзакаримов: Орусиянын бардык шаарларында эл өзү татыктуу жигиттерди көрсөткөн.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG