Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Орусия Кыргызстанга “жашыл коридор” ачууну көздөйт


Орусия Кыргызстанга Бажы биримдигинин артыкчылыгын көрсөтүүгө киришүүдө.

Бул үчүн 5-марттан тарта Москва Кыргызстандын товарлары үчүн “жашыл коридор” ача баштамакчы. Кыргызстанда болсо Бажы биримдигине кирүү кымбатчылыкка, сооданын солгундоосуна алып келет деген чочулоор күчтүү.

Мына ошол чочулоолорду жоюп, Бажы биримдигинин артыкчылыгын көрсөтүү үчүн орус тарап Кыргызстан товарларына "жашыл коридор" ачууну көздөп жатат. Андай “ коридор” ачаарын Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов февраль айында Бишкекке сапарында билдирген:


- Мен Орусия Федерациясынын Бажы кызматынын жетекчиси катары, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусияга өткөрүүдө “жашыл коридор” ачуу демилгесин көтөрдүм. Анда Кыргызстан товарлары үчүн бажы талаптары жеңилдетилет. Бул эми Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн алкагында жасалат.

Кыргызстан Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаевдин билдирүүсүнө караганда, Орусия “жашыл коридорду ” качан ачаары так эмес. Болгону андай коридор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат:

- 5-марттан баштап (Жашыл коридор) ишке киришип жатат деген сөз жалган болуп чыкты. Анткени мындай далалат Кыргызстан тараптан болуп жатат. Ошондуктан тагыраак айтканда, Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын ортосундагы бажы өткөрмө пункттарында жеңилдетилген тартип азыркы учурда каралып жатат.

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары, Бажы биримдигине кирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Олег Панкратовдун айтымында, “Жашыл коридор” ачылса биринчи кезекте биздин айыл чарба продукциялары үчүн ачылат.

Ал эми Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесине токтолгон Панкратов, иш бекитилген план менен жүрүп жатат дейт:

- Эки тарап бекиткен план бар. Ал боюнча иштеп жатабыз. Саясатчылар ар кандай даталарды айтып жатышат. Бирок Бажы биримдигине кирүү боюнча планды расмий түрдө эч ким өзгөрткөн жок. Ошондуктан биз “жол картасын” 2013-жылдын соңуна карай бүтүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Панкратовдун айтымында, “жол картасы” кабыл алынгандан кийин гана парламент тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизет. Ал маселе 2014-жылга өтүп кетиши күтүлөт.

Кыргызстандын мурунку каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү максатын кескин сынга алып, Орусия, Казакстан, Беларус Дүйнөлүк соода уюмуна баратканда, биз бажы салыгын көтөрүшүбүз туура эмес деп билдирет. Жапаровдун айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе Торугарт, Эркеч-Там бажы бекеттери жабылат. Кытай товарлары болсо токтобойт, ал өзүнө Орусиянын аймагынан жол таап чыгышы мүмкүн. Жапаров анда Кыргызстандын кызыкчылыгы эмне болот деген суроону коёт.

Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Гүлнара Өскөнбаева, “жашыл коридор” ачуу, Бажы биримдигине кирүү сыяктуу аракеттер Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр үчүн жакшы шарт түзүүгө тийиш дейт. Бирок кошуна өлкөлөрдө биздин этти,сүттү сатууга тыюлар алынбай турат. Ветеринардык сертификат берүү жолго коюлган эмес. Бул маселени мамлекет чечпесе, иш алдыга жылбайт, дейт Өскөнбаева.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG