Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Орусия "Кыргызстандын мандаринин" кармады


Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке быйыл августта кирген.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке быйыл августта кирген.

Орус өкмөтү кытай мандариндери Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз ташылып жатканын айтып чыкты.

Россельхознадзордын баамында, Кытай продукциясын Кыргызстанда өндүрүлгөн деген документ менен Орусиянын аймагына алып кирүү “системалык мүнөзгө” айланып бара жатат.

11-декабрда Кытайдан ташылып келаткан, Кыргызстандан фитосанитардык сертификаттары берилген 40 тонна мандарин Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы өткөрмө бекеттен кармалган. Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын билдиришинче, документте мандарин "Кыргызстанда өндүрүлгөн" деп жазылган жана мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан.

Ошондой эле берилген сертификат күмөндүү экени белгиленген. Документ кагазга Казакстандын Айыл чарба министрлигинин мөөрү басылган.

Кыргызстандын Бажы кызматынын өкүлү Абдурашит Якубакуновдун маалымдашынча, Кытайдан ташылып келген цитрус өсүмдүктөрү толук текшерүүдөн өтөт жана Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык биримдиктин ичинде эч тоскоолдуксуз сатылышы керек:

- Кытайдан келген мандарин, лимон бажы көзөмөлүнөн өтөт. Бардык бажы төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин сатууга чыгат. Кыргызстанга кирип, бардык текшерүүдөн өткөн товарлар Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде эч кандай тоскоолдуксуз айлантылат.

Якубакунов цитрус өсүмдүктөрү аткезчилик жол менен да ташыларын, ал негизинен Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында болорун кошумчалады:

- Мына, кечээ эле Баткенде биздин кызматкерлер мыйзамсыз ташылып келаткан лимонду колго түшүрүштү. Ал боюнча азыр тергөө жүрүп жатат. Аткезчилик жол менен алынып келаткан мандарин да кармалган учурлар болгон. Мисалы, жакында эле Баткенде үч тонна мандарин мыйзамсыз ташылып келатканын аныктаганбыз. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, бардык төлөмдөр жана айып төлөнгөндөн кийин ээсине кайтарып бергенбиз.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл инспекциясынын кызматкери Замир Стамкуловдун кармалган мандариндерге байланыштуу Орусия расмий суроо жөнөтө электигин кабарлады. Анын айтуусунда, бул боюнча инспекцияда кызматтык иликтөө жүргөн. Анда механикалык катадан улам мандарин боюнча документтин "Кытай" деген жерине "Кыргызстан" деп жазылып калганы аныкталган:

- Кытайдан фитосанитардык сертификат менен келгенден кийин бул жактан лабораториядан анализ алынып, текшерүүдөн өткөн. Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы аны базарга чыгарган. Ал жерде биздин инспектор механикалык гана ката кетирген. Кыргызстанда мандарин өспөөрүн баары эле, ошол эле орустар да билет да. Болгондо да 40 тонна экен. Ал Кытайдын эле мандарини. Орустар Кытайдан өздөрү деле алып жатпайбы. Бул жерде биздин инспектордун эле кемчилиги. Өндүргөн өлкө деген жерге Кытай дегендин ордуна Кыргызстан деп жазып койгон. Анткени анын алдында алма үчүн толтурулган сертификат оңдолбой калган. Ушундан улам мандарин да Кыргызстандыкы болуп калган. Болбосо баарыбыз эле бизде мандарин өспөй турганын билебиз да. Механикалык катадан улам "Кытай" деген жерге "Кыргызстан" деп жазылып калган.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришине каршы уюшулган жарандык кыймылдын өкүлү Марат Мүсүралиевдин баамында, мандариндер маселесинин саясий өңүтү да болушу мүмкүн. Анын пикиринде, ушундай ыкма менен Орусия Кыргызстанга сес көрсөткүсү келиши ыктымал:

- Тышкы саясаттагы Кыргызстандын кандайдыр бир соңку кадамдары Орусияга, Кремлге жакпай калды го деп ойлоп жатам. Мисалы, президентибиз Кувейт жана Катарга барып келди, өкмөт башчы Кытайда Түркмөнстандан Кытайга газды Кыргызстан аркылуу ташууну макулдашты. Балким ушул документтер Москвага жакпай калып, ушундай белги берип жатышы мүмкүн.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке ушул жылы кирди. Кыргыз бийликтери бир топ мүмкүнчүлүк ачылат деп ишендиргени менен кээ бир тармактар, байкоочулардын билдиришинче, жеңил өнөр жайы, айыл чарба, соода-сатык тармагы каатчылыкка кабылды.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG