Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Чек арада уурданып май ташуу уланууда


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

​Күйүүчү май ташуучулар ассоциациясы аткезчиликке бөгөт коюу үчүн Казакстандан автоунаа менен май ташып өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну сунуштоодо.

Ишкерлер мунай продуктыларын мыйзамсыз ташуудан мамлекеттик казынага салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард сомдой каражат түшпөй каларын ырастоодо. Ал ортодо атайын күзөт топтору көзөмөл бекеттерде күнү-түнү туруп, Казакстандан күйүүчү-майлоочу майдын ташылуусуна байкоо салууда..

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 2015-жылдын башынан тартып Кыргызстанга 724 миң тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май импорттолгон. Бирок бирикменин аткаруучу директору Улан Куловдун белгилешинче, аткезчиликтен улам ай сайын анын көлөмү кыскарууда. Өткөн айда 36 миң, бул айда 50 миң тоннага аз күйүүчү май ташылып келген.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

- Азыр суроо-талап азайган жок, ошого карабай расмий ташылып келген мунай көлөмү азайып жаткандыктан башка жактан да ташылып келип жатат, деген тыянак чыгарып жатабыз. Жыл аягына чейин расмий түрдө 180 миң тоннага импорт азаят. Бюджетке 1 млрд. сомго чейин каражат түшпөй калат. Өкмөткө бир нече сунуштарды киргизгенбиз. Анын ичинде көзөмөлдү күчөтүү, автотранспорт менен киргизгенге убактылуу тыюу салуу керек эле. Экинчиден, акцизди азайтуу. Азыр бир тоннага 5 миң сом, биз аны 3 миңге түшүрүү сунушун айтып жатабыз.

Куловдун белгилешинче, Казакстандан Кыргызстандын аймагына автотранспорт менен отун ташып өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча токтом даярдалды. Ал учурда коомдук талкууда турат. Май ташуучулар ноябрда бул документ кабыл алынат деп үмүттөнүп турушат.

Ал ортодо чек арадагы жети өткөрмө бекетте атайын күзөт топтору күйүүчү-майлоочу майдын ташылышына байкоо салууда. Экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиевдин айтуусунда, азырынча ири көлөмдө май ташыган учурлар каттала элек.

- Талас облусунан баштап Ысык-Көлдүн эң акыркы өткөрмө бекети Каркырага чейин бардык жерде күзөт иштеп атат. Чоң машиналар менен мыйзамсыз алып кирип аткан учур бир дагы жолу катталган жок. Биз күн сайын маалымат алып жатабыз. Экинчи маселе, жергиликтүү тургундар Казакстандын аймагына кирип барып машинасы менен бактарын толтуруп келип жатышат. Таластан Жамбылга чейин 20 чакырым. Эки-үч жолу кирет экен, бирок бизде мынча жолу кир же кирбе, бакты эмнеге толтуруп келип атасың деп сурай албайбыз да. Андай норма жок да.

Кыргызстанга салыштырганда Казакстанда күйүүчү май 10-12 сомго арзан. Жумалиев белгилегендей, кошуна өлкөгө өтүп барып машинанасын бензинге толтуруп келип жаткан көрүнүштөр бар экенин Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Болот Аманбеков да “Азаттыкка” ырастады. Алар Кыргызстандагы баадан 1,5-2 сомго арзан сатышат.

Газпром май куюучу жайы
Газпром май куюучу жайы

- Атайын солярка, бензин менен иштеген балдар бар, ошолор кирип-чыгып жатышат. Мурда мен деле ташып жүргөм да Жамбылдан. Көбүнчө Жамбыл аркылуу Бишкекке каттаган автобустар бактарын толтуруп куюп келип жатат. Алар бир алып келгенде 1-2 тонна алып келишет, бактары ошондой. Келгенде Газпромдон 2 сом айырма болот. Азыр биз 36дан куюп жатпайлыбы, алар солярканы 34 сомдон берет.

Ал эми чет элдик инвесторлор бирлигинин мүчөсү, эксперт Искендер Шаршеев бул жаатта тыюу салуу деле жыйынтык бербейт деген ойдо. Анткени жергиликтүү эл өзүнө ыңгайлуу жана арзан товарды талап кыла берет.

- Казакстандын чек арачыларынын аракетине карабастан, бавры бир ушундай көрүнүштөр болуп жатат. Демек бизде тыюу салынса деле бул жыйынтыгын бербеши мүмкүн. Атайын жакшылап жумуш жүргүзбөсө коррупциянын артынанбы же башка себептерден уламбы бул көрүнүш улана берет. Эгер жергиликтүү элди ойлосок, бул жакшы, ал эми мамлекетти, бюджетте иштегендерди ойлосок мыйзам боюнча чара көрүш керек.

Буга чейин экономика министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов кыргыз өкмөтү күйүүчү майдын кээ бир түрлөрүн чек арадан автоунаа менен алып өтүүгө тыюу салууну жана акциздик салыктын өлчөмүн төмөндөтүүнү көздөп жатканын айткан. Ал эми нефтетрейдерлер биримдиги мунай базарындагы ишкерлер аткезчилик жолу менен ташыгандарга атаандаш боло албай калышы ыктамал деп кооптонуп турушат.

Адистер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип, бажы жана чек ара бекеттери ачылган соң Казакстандан мыйзамсыз жол менен май ташуу күч алганын белгилешүүдө. Ал эми айрым жергиликтүү тургундар октябрдын башында Казакстандан күйүүчү май жана унду тоскоолдуксуз алып өтүүгө уруксат берүүнү талап кылып "Ак-Жол" чек бекетинде нааразылыкка чыгышкан.

XS
SM
MD
LG