Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Талас: жарылуудан дагы үч адам каза тапты


Таластагы өрт
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

Күйүүчү май ташыган машине күйүп жатат. ("Азаттыктын" "Көрөгөч" көзөнөгүнө түшкөн тасма).

Таластагы автобазадан чыккан өрттөн жабыркап, оор абалда жаткан үч адам бүгүн каза болду, ушул эле кырсыктан буга чейин бир киши набыт болгон эле.

Облустук милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Жергиликтүү эл аймакта Казакстандан аткезчилик жол менен ташылган күйүүчү майды сатууда техникалык талаптар такыр аткарылбай турганын айтышууда.

Адам өмүрүн жалмаган каргашалуу окуя 25-август күнү күндүзгү саат 11 чамасында Талас шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген “Биримдик” ачык акционердик коомунун автобазасында орун алган. КамАЗ жана автобустун жарылуусунан улам бир айдоочу менен кошо төрт адам жабыркап, өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирөө ошол эле күнү жантаслим болгон. Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Акыл Калыбаев бүгүн дагы жабыркагандардын үчөө каза болгонун айтты:

- Бешөөнү тең оор абалда реанимацияга жаткырганбыз. Бирөө ошол эле күнү каза болгон. Анан дагы үчөө кайтыш болду. Бир киши азыр оор абалда жатат. Бишкектен эки адис чакырганбыз. Мындай окуя биздин бөлүмдүн тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автобазада күйгөн унаада он тоннадай күйүүчү май болгонун билдирген. Бирок “Биримдик” ишканасынын жетекчиси Мурат Курманалиев бул маалыматты жалганга чыгарып, автоунаада 1 литр да май болбогонун айтууда. Анын айтымында, ишкананын аймагына кирип, ээси оңдоп жаткан автобустан өрт чыккан жана ал автобус “Биримдик” ишканасына таандык эмес:

- Менде күнөө болсо жоопкерчиликти алууга даярмын. Андан качпайм. Бирок бизге таңкалычтуусу бул күндүзгү саат 11де болуп жатат. Ошол убакта жарык да өчүп калган. Турган автоунаа заматта эле күйүп кетти. Күн жылуу болчу. Эмнеден улам мындай болгонун короодо жүргөн биз билбей жатабыз.

Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургун “Азаттыкка” атын атагысы келбей, бирок бул кырсыкка “Биримдик” ишканасынын шалаакылыгы, техникалык талаптарды, коопсуздук эрежелерин такыр сактабаганы себеп болду деген пикирин айтты. Анын айтымында, Казакстандан арзан күйүүчү май ташып иштеген жергиликтүүлөр коопсуздук эрежелери менен иши жок:

- Казакстандын Тараз шаарында солярка арзан болот. Анан Таласка каттаган автобустар ал жактан солярканы куйдуруп келишет да бензовоздорго кол менен эле куюп өткөрүшөт. Бул аткезчилик. “Биримдиктин” ичинен куюштуруп алышып, анан башка май куюучу бекеттерге сатышат деп уккам.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, “Биримдик” ишканасынын жетекчиси Мурат Курманалиев жана башкалар тергөөчүлөргө сурак берүүдө. Курманалиев өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиеванын бир тууганы экени айтылган, бирок ал болгону фамилиялары окшоштугун айтууда.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысеитов аталган окуядан кийин “Өрт коопсуздугунун эрежерин бузуу”, “Адам өмүрүнө жана башка оор кесепеттерге алып келүү” сыяктуу беренелер боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Өрттүн чыгуу себептерин иликтөө үчүн Бишкектен тиешелүү кызматтын адистери Таласка барды, алар жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы жакынкы күндөрү айтылмакчы.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG