Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

Талас: жарылган машинеден бир өмүр жайрады


Таластагы өрт
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

Күйүүчү май ташыган машине күйүп жатат. ("Азаттыктын" "Көрөгөч" көзөнөгүнө түшкөн тасма.)

Талас шаарында күйүүчү май ташыган машина жарылып, андан жабыркаган алты кишинин бири ооруканада каза тапты.

25-августта “Биримдик” ишканасынын май ташыган унаасы он тонна күйүүчү майы менен ишкананын базасынан күйүп кеткен. Кыргызстандын ичинде күйүүчү майлар негизинен оор авто унаалар менен ташылат. Май ташуу, сактоо жана куюу коопсуздугу кандай?

Талас шаарында май ташыган КаМАЗ машинасы 25-августта жарылып, алты киши жабыркады. Алардын төртөө ооруканага түшүп, бирөө каза болгон. Талас облустук биргелешкен ооруканасынын трамватология бөлүмүнүн башчысы Акыл Калыбаевдин 26-августта билдиришинче, күйгөндөрдүн абалы оор.

- Бирөө түндө кайтыш болду. Дагы ооруканада төртөө бар. Алар да оор абалда. Ооруканага түшкөндө эле абалдары оор болчу. Денелери 90-100 пайызга чейин күйүп калган. Ооруканадагы төрт адамды да сактап калууга көзүбүз жетпей турат. Анткени алардын абалы абдан оор.

Окуя 25 август күнү түш ченде Талас шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген “Биримдик” ачык акционердик коомунун автобазасында болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун маалыматында, аталган базага тиешелүү он тонналык машине ичиндеги соляркасы менен күйүп кеткен.

- КаМАЗ үлгүсүндөгү май ташуучу унаасы он тонналык цистернасы менен, атап айтканда ичиндеги соляркасы менен күйүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочусу жана дагы 5 адам жабыркап, ар кандай деңгээлдеги күйүк жаракаттарын алып, ооруканага жеткирилген.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын жана жакында кылмыш иши козголо турганын маалымдады. “Биримдик” ачык акционердик коому Талас облусундагы айрым багыттар боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган ишкана. Анын директору Мурат Курманалиев өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиеванын агасы болот.

Иликтөөнүн жыйынтыгына жараша тиешелүү чаралар көрүлөт дейт Экологиялык жана техникалык инспекциянын башкы адиси Улан Исмаилов.

- Окуяга тиешелүү техникалык талаптарды сактабагандык себеп болду деп ойлойм. Биз бул боюнча административдик чара көрөбүз. Кандай гана болбосун ишкананын жетекчилиги жооп берет. “Биримдик” ишканасынын жетекчиси Мурат Курманалиев деген адам экен.

Кыргызстандын ичинде күйүүчү майлар негизинен оор автоунаалар менен ташылат. Аны ташуу, сактоо жана куюу боюнча техникалык катуу талаптар бар. Улан Исмаиловдин айтымында, бирок мунай компанияларынын баары тең эле техникалык талаптарды сактай бербейт:

- Булар өзгөчө жүктөрдү ташыган атайын унаалар. Аларга талаптар күчтүү. Биринчиден, алардын атайын үн чыгаруучу жабдуулары жана чапталган белгилери болушу керек. Андан тышкары өрт өчүргүчтөрү болушу зарыл. Ошондой эле машиналардын өзүндө учкундарды өчүрө турган атайын орнотулган жабдуулары жана башка шарттары болушу керек.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов күйүүчү майды жеткирүү, сактоо жана куюу боюнча техникалык талаптар сакталбайт дегенге кошулбайт:

- Май ташуунун техникалык талаптары бар. Аларды компаниялар аткарып, тиешелүү шарттарды толук сакташат. Биздин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстандагы бардык компанияларга жооп бере албайт. Биздин курамда 10 компания бар. А негизи өлкө боюнча май ташыган жыйырмадай компания иштейт.

Кыргызстанда 900гө жакын май куюучу жайлар бар. Ошондой эле ири делген нефтебазалардын саны 20га чукул.

XS
SM
MD
LG