Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Москва: кыргыз жараны теракт жасоону мерчемдегенби?


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада теракт жасоону мерчемдеген топ кармалганын жарыялады.

Негизги өзөгүн Өзбекстандын жарандары түзгөн 12 адамдан турган бул топто Кыргызстандын да бир жараны бар экени айтылууда. Москвадагы кыргыз элчилигинен азыр бул иштин чоо-жайы иликтенип жатканын билдиришти.

4-майда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада бир катар террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөгөн борбор азиялыктардан турган топ кармалганын кабарлаган. Көп өтпөй орус маалымат каражаттары Федералдык коопсуздук кызматына таянуу менен бул кабарды биринен сала бири жайылта баштады. Анда бул топ Сирия менен Түркиядагы террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы менен Орусия баш калаасында май майрамдары учурунда эл көп чогулган жерлерде удаама-удаа теракттарды жасоого белсенгени, шектүүлөрдүн экөөнөн буга далил катары аталган өлкөлөрдөгү согушкерлер менен кат алышуулары табылганы айтылат.

Теракт жасоого шектелген топ 12 кишиден туруп, анын тогузу Өзбекстандын, экөө Орусиянын, бирөө Кыргызстандын жараны экени кабарланып жатат.

Мындан улам Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиевге кайрылдык:

- Кармалган топто Кыргызстандын да жарандары бар деп биз да угуп атабыз. Бирок азырынча колубузда расмий маалымат жок. Эми булар оор берене - терроризм боюнча кармалып жаткандыктан маалымат алуу да кыйын. Башка жеңилирээк иш болгондо дароо маалымат алмакпыз. Ошентсе да бул боюнча тиешелүү тараптарга кайрылабыз.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү ачык айтыла элек. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголуп, теракт жасоого шектелгендер көрсөтмө берүүдө.

Москвадагы кыргыз элчилигинин өкүлү Айдана Макилова террор жасоого шектелгендерин арасындагы Кыргызстандын жараны байланышкан жагдай иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин тиешелүү кызматкерлер бул боюнча иш жүргүзүп баштады. Колубузда маалымат бар, бирок азырынча жетишсиз. Тактоону улантып жатабыз. Анын үстүнө Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы да тергөө кызыкчылыгына байлап, көп нерсени ачык айтпай жатат.

Элчилик өкүлү азыр маалымат каражаттарында бул иш боюнча ар кандай маалымат айтылып жатканын, так маалымат иликтөөлөр бүткөндөн кийин гана берилерин кошумчалады.

Орус медиасы Федералдык коопсуздук кызматына шилтеп жазганына караганда, бул топтун мүчөлөрү баш калалап турган Новоясеневск проспектисиндеги бир үйдү тинтүүдө көптөгөн курал-жарак, жардыргыч заттар, теракт жасоого керектүү жабдыктар жана экстремисттик мазмундагы китептер табылган. Ошондой эле Москва чыгышындагы Гольяново районунда Федералдык коопсуздук кызматы согушкерликке шектелгендердин бирин кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, ок ата баштаганы, натыйжада бутуна тийген октон жаракат алып колго түшкөнү да кабарланды.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG