Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Орусия Камбар-Атага акча издөөдө


Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимдерди Кыргызстан жол-жободон өткөрдү. Эми орус тарап курулушту каржылоонун жолун караштырып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, Интер РАО Камбар-Ата-1 ГЭСин күрөөгө коюп, насыя алууну көздөп жатат.

Орусиянын энергетика министри Александр Новактын маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, орус тарап Камбар-Ата -1 ГЭСин каржылоонун эки жолун караштырып жатат. Анын бири боюнча, Интер РАО “Иркутскэнергону” сатып, андан түшкөн каражатты Камбар-Атаны курууга жумшоону караштырууда. Экинчиси боюнча, ГЭСтин өзүн күрөөгө коюп, насыя алуу жагы каралууда.

Интер РАОнун ичинде “Иркутскэнергону” сатып, анын акчасына Камбар-Ата ГЭСин куруу карышылыктарга туш болуп жатканы маалым. Компанияда “Иркутскэнергону” сатуудан түшкөн акча ички долбоорлорго жумшалыш керек деген ойлор айтылууда. Ошондуктан экинчи вариант көтөрүлүп жаткандай.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин маалымат кызматы Камбар-Атаны күрөөгө коюп, насыя алуу маселеси тактоону талап кыларын билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча келишимде ГЭСти күрөөгө коюу мүмкүнчүлүгү каралбаганын айтып, ага Кыргызстан жол бербейт дейт:

- Камбар-Атанын өзүн күрөөгө коюп, башка жактан насыя алуу келишимде белгиленген эмес. Кыргызстан тарап ага жол бербейт. ГЭСтин курулушу 100% орус тараптан каржылана турган долбоор деп келишимге кол коюлган.

Арапбаевдин айтымында, эгерде орус тарап чындап эле ГЭСти күрөөгө коюп, насыя тартууну көздөгөн болсо, анда Кыргызстан өзү эле ал ГЭСти күрөөгө коюп, насыя алса болот деген маселе көтөрүлөт.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев Камбар-Атаны күрөөгө коюп, насыя алуу боюнча маалыматтын чыгышын, долбоор боюнча келишимдин шарттары толук ачык айтылбаганы менен байланыштырат. Ал Камбар-Атаны күрөөгө коюуга кескин каршы чыгып, "эгерде андай болсо, Кыргызстан өзү күрөөгө коюп, насыя алыш керек эле, ошондо ГЭС толугу менен Кыргызстандын менчигинде калмак", дейт Үмбеталиев.

ГЭС күрөөгө коюлса, кандай коркунуч жаралары тууралуу Үмбеталиев буларды билдирди:

- Курулуп бүткөндөн кийин өз убагында насыяны төлөй албай калса, насыя берген банк сотко берип, ГЭСти алып койот. Ошону менен биздин Камбар-Ата ГЭСи башка мамлекетке өтүп кетет. Ошондой коркунучу бар.

Азыркы кезде Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн 15 млн. доллар бөлгөн. Негиздемени түзүү боюнча конкурс жарыяланып, ага Франция, Австрия, Канада жана башка мамлекеттерден келген беш компания катышуу ниетин билдиргенин Энергетика жана өнөр жай министрлиги 11-мартта жарыялаган.

Техника-экономикалык негиздеменин түзүлүшү менен ГЭСти курууга канча каражат кетери, анын кубаты кандай болоору аныкталмакчы.

Азыркы мезгилде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 2 млрд. доллардын тегерегинде каражат керектиги болжолдонууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG