Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Эки кыргыз мигрант курулушта каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусияда Ленинград облусунун Мурино аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан оор жүктөрдү жана куруучуларды трос менен көтөрчү такта үзүлүп, эки кыргызстандык каза болду. Дагы бирөөнүн абалы оор.

Каза болгон 29 жана 35 жаштагы кыргызстандыктар Ош облусунун тургундары. Алар “Петрострой” курулуш компаниясында иштешчү. 14-июлда алар иштеп жаткан оор жүк жана курулушчуларды трос менен өйдө көтөрчү такта үзүлүп кеткен.

Аталган фирманын өкүлү Ирана Евинанын “Азаттыкка” билдиришинче, окуя боюнча комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

- Кырсыктын себептери такталууда. Учурда кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү. Мындан сырткары тартип коргоо органдары да териштирүү жүргүзүп жатат. Мындан башка маалымат азырынча берилбейт.

Москвадагы элчиликтин билдиришинче, каза болгондордун бирөө Орусиянын жарандыгын алган. Кырсыктан дагы бир кыргызстандык жабыркап, дарыгерлер абалы оор экенин билдиришүүдө.

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы консулдугунун өкүлү Азамат Мамышевдин белгилешинче, маркумдардын жакындарын таап, сөөгүн Кыргызстанга жиберүү иштери жүрүүдө.

- Азыр каза болгон жана жараат алган кыргызстандыктардын жакындары менен жолугуп, бардык тараптан жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Орусиянын жарандык алган мекендешибиз жумушка жакында эле киргендиктен курулуш компаниясы менен келишимдери жок экен. Ал эми экинчи жаран үч жылдан бери мыйзамдуу иштеп келаткан. Бригадирдин жана ошол жерде көргөн-билгендердин айтымында, куруучуларды көтөрчү такта алтынчы кабаттан үзүлүп кеткен. Дагы бир кыргызстандык учурда ооруканада, реанимация бөлүмүндө жатат. Анын колу-буту сынган, башынан жаракат алган. Үчөө тең Ош облусунун тургундары.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү курулуш, кызмат көрсөтүү тармагында иштешет. Адистер кызмат учурунда каза болгон учурлар ар бир эки-үч айда катталып, көп учурда алардын укуктары корголбой каларын белгилешет.

Санкт-Петербург шаарындагы адвокаттык палатанын мүчөсү Мирбек Токтошевдин айтымында, мигранттар катышкан айрым кырсыктар билинбей кала берет.

- Биздин жердештер эки-үч айда, жарым жылда бир ушул сыяктуу кырсыктарга учурайт. Орусияда курулуш тармагында иштегендердин бардыгы эле мыйзамдуу иштейт деп айтуу кыйын. Биздин жердештер оозеки келишип эле кагазга кол койбой иштей беришет. Иш берүүчүлөр да ошондон колдонушат. Ушундай учурда мигранттар иш берүүчүнүн айткандарына ишенип, унчукпай жүрө беришет. Анткени мындай окуя болгондо Эмгек инспекциясы, прокуратурадан келип текшерет.

Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Өктөм Мамаеванын айтымында, учурда экономикалык кризиске байланыштуу мигранттар оор шарттарга карабай иштөөгө даяр.

- Азыр келип жаткан адамдар иш таба албай отурушат. Бажы биримдигине кирдик, патент системасы жоюлат деген менен азыр жумуш жок. Бардык кризис барып туруп ушул жерге келген. "Кандай гана иш болбосун иштейм" деп атышат. Өзүбүздө жумуш орундарын түзүп, өндүрүштү өнүктүргөндө, экономиканы көтөргөндө жакшы болот эле.

Ал эми консулдуктун өкүлү Азамат Мамышев кырсык болгон “Петрострой” компаниясы маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө, оорулуунун дары-дармеги жана башка бардык чыгымдарды төлөп берүүгө макул болгонун билдирди. Документтер топтолуп даяр болгон соң маркумдардын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG