Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

ЕАЭБ "кара тизменин" жаңы толкунун жаратчудай


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Кыргызстан Евразия Экономикалык биримдигине кошулгандан кийин мигранттар арасында административдик мыйзам бузуулар көбөйгөнү Бишкекте өткөн жыйында айтылды.

23-ноябрда өткөн жыйынга Орусиядан, Казакстандан, Тажикстандан келген эксперттер катышты. Алар биримдикке киргенден кийин мигранттар арасында административдик мыйзам бузуулар көбөйүп, расмий каттоого тургандардын саны азайганын, Сахароводогу мигранттарды кармоочу жайдагы басмырланган укуктар тууралуу өз байкоолору менен бөлүштү.

Санкт-Петербургдагы "ПСП-ФОНД" социалдык долбоорунун өкүлү Андрей Якимовдун маалыматына караганда, биримдикке киргенден бери Ала-Тоодон Орусияга аттанган аялдардын, балдардын саны өскөн.

Якимовдун айтымында, бул кыргыз мигранттарынын Орусияга үй-бүлөсү менен көчө баштаганын түшүндүрөт. Бирок адис баргандардын баары эле өз турмушун калыпка салып, жашоосун жакшыртып кетти деп эсептебейт. Мисалы, кечээ жакында "ПСП-ФОНД" социалдык долбоору жүргүзгөн сурамжылоо учурунда кыргыз мигранттары өздөрүнүн бир топ көйгөлөрүн белгилешкен:

Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

- Сурамжылоо учурунда айтылган эң башкы көйгөй төмөнкүлөр: биринчиден, жумуш ордун табуу кыйын, экинчиден, документ ырастоо кымбат, үчүнчүдөн мыйзамсыз жумушка орношуудан бир топ көйгөйлөр келип чыгат. Ошол эле учурда жеке менин пикиримде мигранттардын Орусия мамлекетинин негизги мыйзамдарын билбегени да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда. Мындан сырткары Орусиядагы экономикалык кыйынчылыкка байланыштуу тапкан кирешенин азайганын, күч түзүмдөрүнүн адилетсиз мамилесин, улутуна карап жектөөлөрдү жана эмгек укугунун бузулушун белгилешти.

Адистер эмгек мигранттары Кыргызстан Евразия Экономикалык биримдигине кошулуу этабы жүрүп жаткан учурда да бир топ административдик мыйзам бузууга туш болгонун белгилешти.

Эл аралык укук коргоого көмөктөшүү борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатовдун божомолунда, эми анын айынан алдыда "кара тизмеге" кирчүлөрдүн кийинки толкуну пайда болушу мүмкүн:

- 1-январдан баштап: “Мына биз Евразия Экономикалык биримдигине кирдик. Эч кандай документтердин кереги жок” деген маалымат таркап кетти. Мындай жалган сенсация 1-январда болду. Экинчи жалган маалымат 8-майда протоколго кол коюлгандан кийин болду. Үчүнчү маалымат 25-майда ратификация болгондон кийин жүрдү. Керек болсо Москвадагы миграциялык комитет биздин атуулдарга патент бербей баштады. Биз Евразия Экономикалык биримдигине 12-августта кирдик. Эми ошол 12-августка чейин жаңылыш маалыматтардан улам документсиз иштеп калган жарандар кайрадан "кара тизмеге" кирип калат деп ойлойм.

Акылбек Ташбулатов ушундай жагдайлардан улам учурда укук коргоочулар, мамлекеттик тиешелүү мекемелер мигранттардын укугун коргоого тиешелүү чечимдерди кабыл алышы керек деп эсептейт.

Учурда Сахалинде иштеп жүргөн Альфиза Табылдиева Акылбек Ташбулатовдун божомолун негиздүү экенин айтты. Табылдиеванын айтымында, учурда Орусияда документи өз учурунда катталбай калгандан улам жумушка чыга албай жүргөн мекендештер бар.

- Мен февраль, апрель айларында Москвага, андан ары Украинага чыгып келип документтеримди талап кылган шарттарга тууралап койгом. Андыктан менимче азыр мыйзамдын чегинде аракеттенген эмгек мигранттарына жеңил болуп калды.

Мигранттар камагындагы азап

Москвада чет элдик жарандардын жана мигранттардын укугун коргоо боюнча иш алып барган “Мемориал” борборунун адиси Сергей Михеев Сахарово кыштагындагы мигранттарды убактылуу камоочу жайда адам укугун бузуу чегине жеткени тууралуу коңгуроо какты:

Москванын райондорунун бириндеги убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар. 2013-жыл.
Москванын райондорунун бириндеги убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар. 2013-жыл.

- Ал жерде камалып чыккан бир каарманыбыздын айтымында, бир жылда бир гана жолу таза абага чыкканга мүмкүнчүлүк болгон. Ал жыл бою шарты өтө начар камерада кармалган. Негизинен ал жерде болуп келген арыздануучуларда камералар дайыма толтура болуп турарын, жеке гигенаны сактоого такыр мүмкүн эмес экенин айтышат. Күндүн жарыгы тийбейт. Камалгандарды топ-тобу менен бир камерада кармашат экен. Элдин көптүгүнөн уктаганга да керебеттер жетпейт. Дааратканасы да ичинде. Кыйноолор да болуп турат. Тамагы өтө начар.

Сергей Михеев бул жайга кокусунан полиция текшерген учурда документин чөнтөгүнө сала чыкпаган ар бир эле мигрант суроо-сопкутсуз жылдап жатып калышы мүмкүндүгүн да айтып кетти. Андагы абалды жана мыйзамдуулукту оңдоого жалпы коомчулук киришүүсү зарыл. Жакында бул убактылуу камоочу жайда 70тен ашуун кыргызстандык жаран бар экени маалым болгон.

Учурда Орусияда расмий түрдө 514 миң кыргызстандык жаран иштеп жатат. Алардын 300 миңден ашууну эркектер, 200 миңден ашууну аялдар. Балдардын саны жүз миңге чукул.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG