Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Орусияда үч кыргыз мигрант кырсыкка кабылды


"Карабашмедь" заводу. 2015-жыл
"Карабашмедь" заводу. 2015-жыл

Челябинск облусундагы «Карабашмедь» заводунда жарылуу болуп, тогуз жумушчу жабыркаган. Алардын үчөө Кыргызстандын жараны экени маалым болду.

Орусиянын Челябинск облусундагы жез иштетүүчү «Карабашмедь» заводундагы кырсыктан тогуз жумушчу жабыркап, ушу тапта төртөөнүн абалы оор. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар арасында үч кыргызстандык бар.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары 20 жаштагы Адилет Дыйканов жана 27 жаштагы Кубанычбек Нуркулов ушу тапта Челябинск шаарындагы ооруканада жатышат. Дагы бир жабырлануучу 21 жаштагы Элмурат Рысбек уулунун абалы оор болгондуктан, Карабаш аймагындагы ооруканада калтырылган. Дарыгерлердин айтымында, анын баш мээси чайкалып, кабыргасы сынган. Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка металл иштеткен цехке буунун капташы себеп болгон.

Челябинсктеги эки жаран үч күн бекер дарыланып, ооруканадан 3-октябрда чыгарыларын "Азаттыкка” "Замандаш” ассоциациясынын Челябинсктеги өкүлү Зыйна Бакирова билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз мигранттары келишимдин негизинде иштеп жүргөн:

- Ооруканадан балдар менен кезиккенимде, алар атайын эмгек келишиминин негизинде иштеп жатышканын айтышты. Бул сөз канчалык чын экенин билбейм. Балдардын айтымында, алар кыргыздар иштеткен Екатеринбургдагы фирма аркылуу цехке жумушка орношкон. Биз маектешип атканда алар улам бирөөгө чалып, телефондогу кишинин макулдугу менен сүйлөп жатышты. Менимче, цех менен фирма жетекчилери өз ара сүйлөшүп алышкан. Дарыгерлерге да жолуктум, алар мыйзам боюнча үч күн бекер дарылап, эртең ооруканадан чыгарарын билдиришти. Балдар мага “Жумушсуз калбайбызбы, цехтен чыгарып жиберишпейби?”, - деген суроолорду узатып жатышты.

Ассоциациянын билдиришинче, жабыркаган кыргыз мигранттарынын туугандары окуя тууралуу кабардар, алардын айрымдары Екатеринбургда иштешет. Дарыланып жаткандардын бири менен байланышка чыкканыбызда абалы туруктуу экенин айтып, бирок суроолорубузга толук жооп берүүнү каалаган жок.

Заводдогу кырсык кыргыз мигранттары жабыркаган алгачкы окуя эмес, буга чейин жумуш келишиминин жоктугунан мигранттар укуктарын толук коргой албаганы айтылып келген. Адатта иш берүүчүлөр социалдык төлөмдөр менен салыктардан үнөмдөө максатында көпчүлүк мигранттарга, анын ичинде орус жарандыгын алгандарга деле айлыгынын бир бөлүгүн жашырып төлөйт.

Орусиянын азыркы салык мыйзамына ылайык, жумушчу кирешесинин 13 пайызын мамлекетке төлөсө, жумуш берүүчүнүн салыгы, социалдык төлөмү 30 пайызга чейин жетет. Мындай шартта жумуш берүүчү мыйзамдуу айлыкты кагаздарда толук көрсөтүүнү анчейин каалабайт. Ошондуктан тезирээк иш табууга кызыкдар мигранттар көп учурда келишим түзбөй иштегенге деле макул болушат.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлү Каныбек Сартпаев келишим түзүү менен мигранттарда жеңилдикке ээ болуу мүмкүндүгү бар деп билдирди:

- Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жумуш берүүчү тарап менен мигранттын ортосунда келишим түзүлүшү керек. Жумуш берүүчү андан кийин аймактык ФМСке кыргыз мигранттарынын санын маалымдайт. Жумуш келишиминин жоктугунан мигрант ар кандай жагдайларга тушугат. Келишим болсо, толук жоопкерчиликти жумуш берүүчү тарап алат.

Акыркы жабыркаган кыргызстандык мигранттардын саламаттыгына кам көрүүгө милдеттенме алган-албаганын «Карабашмедь» ишканасы ачык айта элек. Кыргызстандын Екатеринбургдагы өкүлчүлүгү жарандардын саламаттыгы көңүл сыртында калбайт деп ишендирди.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG