Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Москвадагы өз жана өгөй мигранттар


Москвадагы мигрант келин. 2014-жыл
Москвадагы мигрант келин. 2014-жыл

"Кара тизме" маселеси, кагаз иши менен чатагы жок карапайым мигранттарды катуу жүдөттү.

Орусиянын аймагынан чыкса эле кайра кире албай калат делген, тобокел тобундагы мигранттардын саны 190 миңге чамалуу болчу. Евразия экономикалык биримдигине кирүүдөгү шарттардын бири дал ошол кыргызстандыктардын миграциялык тарыхын тазалоо эле.

Бул үчүн орус бийлиги 10-июлдан 1-ноябрга чейин өз аймагынан сыртка чыгып-кирип, тазаланып алууга мүмкүндүк берген. Тилекке каршы, мигранттар арасында буга ишенбегендер арбын.

Москва: өз жана өгөй мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:19 0:00

Маалымат алуу үчүн орус миграция кызматынын маалымат бюросунда кезекке тургандарды көрүүгө болот. Борбордун ичин уруксат болбогондуктан кирип тарта албадык. Мындай жагдайга кабылган мигранттарды алдап-соолап акчасын шыпыргандар да бар. Алар кара тизмеден чыгармак тургай, жарандык да алып беребиз деп шыпылдайт.

Москва: өз жана өгөй мигранттар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

Патент жоюлуп, мындан ары кыргызстандыктар орусиялыктардай эле эмгек келишимин түзүп, пенсия фондуна акча которто алышат жана кирешесинен салык төлөйт.

Бирок көпчүлүк мекендештерибиз, анын ичинде орус жарандыгын алгандар деле айлыгынын кай бир бөлүгүн көмүскө, конверт менен алары талашсыз. Ал эми аз гана бөлүгү ачык берилип, андан салык, социалдык төлөмдөр төлөнөт. Орусия салык мыйзамына ылайык, жумушчу кирешесинин 13 пайызын мамлекетке төлөсө, жумуш берүүчүнүн салыгы, социалдык төлөмү 30 пайызга чейин жетет. Мындай шартта жумуш берүүчү мыйзамдуу айлык төлөөнү анчейин каалабайт. Кээ бир мекендештерибиз ошон үчүн келишим менен иштешине ишене беришпейт.

Москва: өз жана өгөй мигранттар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00

Соодагерлерден тышкары, Кыргызстандыктар биримдиктин алкагында төрт экономикалык багыт эмгек базары, товар жүгүртүү, кызмат көрсөтүү, эркин акча жүгүртүү боюнча иш алып бара алат. Бирок Кыргызстандын жаңы союздаштарына шыр кошула албай жатканы да маалым. Кыргызстандык эт-сүт азыктарына коюлган чек биринчи кезекте ушул багытта эл аралык базарды көздөп жаткан айыл чарбасындагылардын шаабайын суутту. Комиссия болсо стандарттар аткарылмайын кызматташуу болбосун эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG