Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Алдамчылыктан азап тарткан мигранттар


Орусияда кармалган мигранттар, 19-ноябрь, 2013.
Орусияда кармалган мигранттар, 19-ноябрь, 2013.

Орусияда алдамчылыктын айынан жабыркаган кыргызстандык мигранттар көбөйүүдө. Алар көбүнчө мигранттарга жасалма документтерди сатууну бизнеске айланткан фирмалардын тузагына чалынат.

Жасалма документтердин айынан жазага тартылып, Орусиядан депортацияланган кыргызстандыктардын саны арбын. Кээ бир учурларда мигранттар документтери жасалма экенин да билбей калышат.

Жасалма документтен жапа чегип...

Дилбар Усупбекованын Москвага келип иштегенине 7 жылдын жүзү болду. Бул убакыттын аралыгында ал мигранттын жашоосунун ысык-суугун көрүп, бардык айла-амалын үйрөндү.

Москвага келген мигранттар алгач эле бул шаарда каттоого туруу маселесин чечиши керек. Ал эми Москвада мигранттарга каттоо күбөлүктөрүн жана ишке уруксат кагаздарын даярдап берчү фирмалар бар. Бул фирмалар Орусиянын миграциялык расмий органдары менен тил табышып, мигранттарга керектүү документтерди бүткөрүп турат.

Дилбар Усупбекованын айтымында, дал ушундай фирмалар мигранттарга жасалма документтерди даярдап, анын айынан жабыр тарткан мигранттар көбөйүүдө:

- Орусияга келген мигранттар керектүү документтерди бүткөрүү үчүн тааныш издей баштайт. Ал тааныштар аркылуу документтерди жасап берчү фирмаларга келишет. Мындай фирмалардын арасында чындап эле расмий органдар менен иштешип, документ бүтүргөндөр бар. Ошол эле учурда жасалма документ жасагандар да бар. Ошондой жасалма документ жасаган фирмаларга туш келип калып, депортация болгон, камалып кеткен кыргыздар көп болууда. Мындан эч бир күнөөсү жок камалып кеткен кыргыздар абдан көп.

Негизинен Орусиянын миграция мыйзамына ылайык, тыштан келген жарандар бул өлкөдө үй айга чейин туруктуу каттоосу жок жашай алат. Бул убакыт аяктаган соң кыргызстандыктар мамлекеттен чыгышы керек, же расмий жумушка орношуп, каттоосун узартышы зарыл.

Ал эми жумушка орношуу үчүн атайын уруксат кагаздары талап кылынат. Мындай уруксат кагаздарды жасатып берем деп өз кызматын сунуштаган кыргызстандыктарды Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин имаратынын айланасынан оңой эле табууга болот. Маселен, элчиликке жакын жайгашкан Добрынин метросунда мындай кызматты бизге да сунушташты:

- Каттоо күбөлүктү Большая Ордынка көчөсүндө биздин балдар жасашат. Бара берсең болот. Элчиликтин бет маңдайындагы имаратка кирсең эле жасап бере салышат.

- Баасы канча болот?

- Баасы 800 рублдан башталат. 1000-1300 рублга чейин. Аны бат эле жасап берет.

- Андан маселе чыкпайбы?

- Жок, маселе чыкпайт.

Бирок бул кеңседегилер комментарий берүүдөн баш тартышты.


"Арзандын тузу татыбайт"


Ошол эле учурда Орусиядагы мигранттар арасында мындай жасалма күбөлүктөрдү алууга өздөрү деле кызыкдар болгондор арбын экен. Себеби мындай күбөлүктүн баасы расмий органдардыкынан бир кыйла арзан. Ошондуктан иштин оңоюна качырып, жасалма документ алууга ыктагандар көп экенин Москвадагы мигранттарга укуктук жардам берчү “Айым” борборунун өкүлү Айгүл Токбаева билдирди:

- Андайлар абдан көп. Өзүбүздүн эле жарандар мекендештерин алдап жатышат. Бизге кайрылган учурда сурасак "кошунам жасап берген, тууганым жасатып берген" деп эле отуруп калышат. Анын үстүнө арзан экенине качырып, мындай документтерди жасалма экенинин билсе да өздөрү жасатып алышат.

Орусиядагы мигранттар арасында алдамчы фирмалардан жабыр тарткандар көп экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен да тастыкташат. Элчи Болот Жунусов мындай топторду көзөмөлгө алууга элчилик колдон келген аракетин көрүп жатканын билдирди:

- Мындай маселе бар: Учурда ушундай фирма уюштуруп, жасалма документ жасаганы үчүн 5 адам камакта. Мындай иш менен алектенген көп кишиге, айрыкча мурун келип бул жакка көнүп алгандарга жагат экен. Жеңил документтерди жасап, өзүнүн жердештерине сатып, алдап коюшат экен. Анан жасалма документ менен кармалып калып жатышат. Элчиликтин жанындагы имаратта эле беш-алты фирма бар. Ал жакта иштегендердин көпчүлүгү Орусиянын жарандары. Алардын ишине кийлигишүү да биз үчүн кыйын болуп жатат. Буга чейин бир ирет биздин консулдар ал имараттан 3 жасалма мөөр таап чыгышкан болчу.

Ошол эле учурда элчиликтен жасалма документтер менен кармалгандар арасында Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген учурлар арбын болуп жатканын эскертишти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG