Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

ЖККУ жетекчилери Канттагы базада болду


ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа, кыргызстандын вице-премьер-министри Шамил Атаханов (оңдо) жана башка өкүлдөр.
ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа, кыргызстандын вице-премьер-министри Шамил Атаханов (оңдо) жана башка өкүлдөр.

Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун туруктуу кеңешинин эки күндүк көчмө жыйыны өтүүдө.

Бул жыйындын алкагында 15-апрелде уюмга кирген мамлекеттердин өкүлдөрү Канттагы орус аскерий базасынын мүмкүнчүлүктөрү, ыктымал болгон коркунучтарга карата даярдыгы менен таанышты. Кыргызстан быйыл ЖККУга төрагалык кылууда.


Кыргызстандын Кант шаарында жайгашкан орус авиациялык базасы ЖККУга кирген мамлекеттердин бүтүндүгүн коргоого багытталган. Мындай пикирин уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа 15-апрелде аскерий базага барган учурунда билдирди.

- Биздин башкы максатыбыз аскерий базаны көрүп, команданчылык менен таанышуу, бул жерде жыйын өткөрүп, уюмга таандык маселелерди талкуулоо. Ошондой эле базанын уюмдун алкагында алдына коюлган максаттарга даярдыгын көрүү. Бул база ЖККУ күчтөрүнүн курамында. Ал ЖККУга кирген мамлекеттердин суверенитетин жана бүтүндүгүн камсыздоо максатында зарыл болгон учурда жүргүзүлүүчү ыктымал болгон аба операцияларын коргоого багытталган. Менин билишимче, ошондой эле бул базага Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн учкучтарын окутуп үйрөтүү жана Кыргызстандан аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо милдети да жүктөлгөн. Бул база Орусия федерациясыныкы, бирок ал милдети жагынан ЖККУнун алкагында иш алып барат.

Баш катчы жетектеген уюмдун туруктуу кеңешинин өкүлдөрү жана орусиялык журналисттер 15-апрелде Москвадан түз эле Канттагы орусиялык аскерий базага учуп келди.

Бордюжанын айтымында, ЖККУнун туруктуу кеңеши үзгүлтүксүз иш алып барган орган катары уюмга кирген мамлекеттердин күчтөрүнүн даярдыктары менен таанышып турат. Алар Канттагы аскерий аба базадагы СУ-25 үлгүсүндөгү учактын жана МИ-8 үлгүсүндөгү тик учактын асманда жасаган түрдүү аракеттерине күбө болуп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө баа берди.

Кант шаарында 2003-жылдан бери орусиялык 999-авиациялык база жайгашкан. Бирок ал ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн алкагында иш алып барат.

Кыргызстан быйыл аталган уюмга төрагалык кылууда. Ага ылайык, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бир катар иш чаралары мерчемделген.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов эки күндүк иш чарага токтолуп, май айында уюмга кирген мамлекеттердин башчылары Кыргызстанда жолугушарын билдирди.

- Кыргызстанда уюмдун туруктуу кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Биринчи Кант базасында, андан кийин Кой-Таш аскер бөлүгүндө болобуз. Мындан тышкары, бир канча жолугушуулар болот Бишкекте. Бул саясий жана аскерий уюм. Анын алкагында эки тараптуу кызматташтыктар талкууланууда.

ЖККУдагы Кыргызстандын өкүлү жана уюмдун туруктуу кеңешинин быйылкы төрагасы Нурбек Ильязовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, уюмдун башкы максаты тышкы коркунучтарга каршы туруу. Ал тышкы коркунучтар деп, Ооганстандагы абалды, мыйзамсыз маң заттарын жана курал сатууну атады.

Жолугушууга Кыргызстандан ошондой эле Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана коргоо министри Таалайбек Өмүралиев катышты.

ЖККУнун туруктуу кеңешинин мүчөлөрү 16-апрелде Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу Кой-Таш аскер бөлүгүнүн даярдыгын да көрөт жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Уюмга Кыргызстандан тышкары, Орусия, Казакстан, Армения, Тажикстан жана Беларус кирет. Өзбекстан өткөн жылы бул уюмдан чыккандыгын жарыялаган.


ЖККУ Канттагы базанын абалын карады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

XS
SM
MD
LG