Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Меккеге 4 миң зыяратчы барып калды


Учурда кыргызстандык 4 миң зыяратчы Сауд Арапстанга барып, тиешелүү диний жөрөлгөлөрдү жасашууда.

Бул тууралуу Мекке шаарындагы Кыргызстандын Ажылык штабынан билдиришти. Ал эми калган миң зыяратчы 31-октябрга чейин Сауд Арапстанга учуп кетишмекчи.

Мекке шаарында кыргызстандык ажыларды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча атайын штаб түзүлгөн. Штаб башчысы Рахматула Эгембердиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Азыр Мекке шаарында 3600 ажы бар, ал эми 200дөй ажы Мадина шаарында. Жалпысынан 3800дөй ажы келген эле. Бүгүн Кыргызстандан дагы учак келди. Ошону менен 4 миңдей ажы Сауд Арапстанга келип калды.

Эгембердиев зыяратчылар Мекке шаарында эки районго жайгаштырылып, жатакана менен камсыз болгондугун кошумчалады. Учурда ажылыкка тиешелүү диний эрежелерди жасап жатышкан экен.

- Адамдар келери менен эле кичи ажылык жасап, Мекке шаарындагы ыйык жерлерге зыярат кылып жатышат. Кээ бирлери келер замат эле Мадинага Мухаммед пайгамбарыбыздын мүрзөсүнө зыяратка барышкан. Ал эми кээ бирлер түз эле Меккеге келишкен. Алар Мадинага Курман айттан кийин барышат.

Тумоолоп калган зыяратчылар бар

Меккедеги ажылык штабдын билдиргенине караганда, ажылыктын негизги делген эрежелери 3-ноябрда башталары күтүлүүдө. Анда Мина өрөөнүнө баруу жана шайтанга таш ыргытуу сыяктуу жөрөлгөлөр жасалмакчы. Ажылыктын шарты боюнча булардын баары Курман айтка чейин жасалып бүтүшү керек. Ал эми Курман айтты белгилөө 6 же 7-ноябрга деп болжолдонууда.

Ошондой эле Кыргызстандан барган зыяратчылар жайгашкан эки райондо бирден тез жардам көрсөтүүчү оорукана уюштурулган. Ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинен зыяратчыларды коштоп барган алты дарыгер тумоолоп, суук тийгизип алган же кан басымы көтөрүлгөн адамдарга жардам көрсөтүүдө.

Дарыгерлердин бири Ниймат Мамажусупов буларга токтолду:

- Сыртка чыксаң аябай ысык, тердеп кетесиң. Каабага барганда жылаңайлак басат. Ал мрамор да, буттары ооруп жүргөндөрдүн оорусу козголуп калууда. Тердеп чыгып, ысыкта суу ичишет, тамактары кармап калат. Ал эми жатаканаларына келсе, бардык жерде желдеткичтер иштеп турат. Ошентип ар кандай себептер менен бир күндө 50-60 адам кайрылып жатат.

Зыяратчылардын ою Кыргызстанда

Мамажусупов
ажылар Сауд Арапстанда жүрүшкөнү менен баарынын эле ою Кыргызстанда экендигин айта кетти:

- "Элибиз ынтымактуу болуп, татыктуу президентти шайлап алса" деп жатабыз. Бул жакка келген 5 миң ажы Каабага барган сайын Алла тааладан дуба кылып жатабыз.
Азыр Мекке шаарында 3600 ажы бар, ал эми 200дөй ажы Мадина шаарында.

Кыргызстандагы “Ажылык жана Умра” борбору зыяратчылар учактар менен Ош жана Бишкек шаарларынан жөнөп жатышканын, акыркылары 31-октябрда кетерин маалымдады. “Ажылык жана Умра” борборунун уюштуруу кеңешинин мүчөсү Базарбай Тентимишев:

- Калган ажылар беш каттам менен учушат. Алар менен миңдей адам кетип жатат. Акыркы учак Ош аэропортунан 31-октябрда учат.

Быйыл Сауд Арапстан Кыргызстанга 5 миң квота бөлүп берген. Зыяратчылар Меккеге 11-октябрдан тарта уча башташкан болчу.
XS
SM
MD
LG