Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Ата-энелер: мектепте билим эмес, акча алдыга чыкты


Ак-Өргөө жаңы конушундагы мектептин ачылышы. 1-сентябр, 2011-жыл.
Ак-Өргөө жаңы конушундагы мектептин ачылышы. 1-сентябр, 2011-жыл.

Кыргызстандын орто мектептеринде ар кандай себептер менен акча чогултуулар уланууда.

Буга билим берүү министрлигинин буйругу себеп болуп жаткандыгы 19-сентябрда Бишкекте облустар менен бирге мектептердеги акча чогултууларды талкуулаган видео жыйында айтылды. Ал эми Билим берүү министрлиги каражат чогултууларга тиешеси жоктугун, аны мектептердеги ата-энелер фонддору өз ыктыяры менен берип жаткандыгын белгилешүүдө.

Акчанын дарегин билген барбы?

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалациясынын Бишкектеги кеңсесинде уюштурулган видео көпүрөгө Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан ата-энелер жана жергиликтүү билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, Бишкектен балдар укугун коргоо уюмдарынын, Билим берүү министрлигинен атайын адамдары болду.
Акыркы мезгилде оюбуз мектептердеги билимдин сапатына эмес, акчага ооп баратат...


Нарын шаарынын тургуну Анара Жамгырчиеванын кызы облус борборундагы Чкалов атындагы гимназияда окуйт. Ал мектепке берген акчасынын кайда, эмнеге жумшалып жаткандыгын сурап койгондугу үчүн кызына мектеп жетекчилиги тарабынан кысым болгондугун айтууда. Анара Жамгырчиева “өз кызым үчүн берген акчанын тагдырын билгенге укуктуумун” деп эсептейт.

- Мектепке барып сурасам, “балаң үчүн 100 сомду аясаң, анда балаңды алып кет” деп айтты. Менин баламдын кайда окуй турганын силер чечпейсиңер, менин балам ушул жерде окуйт, болгону мен берип жаткан акчамдын эмнеге жумшалып жатканын билүүгө укуктуумун дедим.

Облустарды бириктирген видеожыйынга катышкан адистер Кыргызстанда билим берүү толугу менен бекер экендигин айтышууда. Бирок мектептерде түзүлгөн ата-энелер комитети жана фонддору акча чогултууну улантып жатат. Балыкчы шаарынын тургуну Мамбетимин Өмүракунов бул фонддор эмне үчүн түзүлгөнүнө кызыгып, билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнө суроо узатты.

Министрдин буйругу: кайчы жагдайлар
Муну коррупция деп гана айтыш керек. Ата-энелер, сиздер, “фонддорго акча берип жатабыз” деп өзүңөрдү актабагыла. Сиздер, балдарыңыздардын билимге болгон укугун бузуп жатасыздар.


Билим берүү министрилиги 2010-жылы май айында буйрук чыгарып, мектептердеги акча чогултууларга ырасмий тыюу салган. Бирок ал буйрукта акча чогултууга тыюу салынганы менен, ошол эле кезде уруксат берилип калгандыгын Бишкектеги Балдар укугун коргоо коомдук бирикмесинин кызматкери Нүргүл Алыбаева белгилөөдө.

- Ал буйруктун башында “мугалимдер тарабынан эч кандай акча жыйналбасын” деп жазылып турат. Бирок ошол буйруктун башка пунктунда “эгер ата-энелердин комитети акча чогултуу боюнча чечим кабыл алса, анда чогулта берсин” деп жазылып турат.

Алыбаева буйруктагы кайчы түшүнүктү алып салуу зарылдыгын, болбосо мектеп жетекчиликтери буга таянып, акча чогултууларды уланта берерин кошумчалады.

Ал эми Балдардын укугун коргоо лигасынын өкүлү Айзат Көкүлөва бул коррупциялык иштерге жол ачып жаткандыгын, анда ата-энелердин да күнөөсү бар экендигин айтат.

- Муну коррупция деп гана айтыш керек. Ата-энелер, сиздер, “фонддорго акча берип жатабыз” деп өзүңөрдү актабагыла. Сиздер, балдарыңыздардын билимге болгон укугун бузуп жатасыздар.

Андыктан, мектептердин алдындагы ата-энелердин фонддорун жоюу керек деген маселе да көтөрүлдү. Ата-энелердин айтымында, ал фонддордун жетекчилери жана уюштуруучулары мектеп директоруна же мугалимдерге жакын адамдар болушат. Буга ылайык, ал каражаттар кайда кетип жаткандыгы да белгисиз калган учурлар арбын.

Видеокөпүрөгө Баткен шаарынан катышкан Минавар Каримова мектептерде билим эмес, акча алдыңкы орунга чыккандыгын айта кетти.

-“Ыктыярдуу”, “өз макулдугу менен”, “фонд” деген сөздөрдү жоюш керек. Азыркы мезгилде мектептердеги билимдин сапатына эмес, оюбуз акчага ооп баратат.

Акча чогултууга министрликтин тиешеси жок

Бирок Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү мындай дооматтар менен макул эмес. Аталган министрликтин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева орто мектептерде билим берүү бекер экендигин, ата-энелер фонддору тарабынан акча чогултууларга мектептердин эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.

-Ата-энелердин фонд түзгөнүнө министрликтин да, билим берүү башкармалыктарынын да, мектептердин да тиешеси жок. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде бул сыяктуу фонддорду түзсө болот. Ошонун негизинде мектеп директорлору менен ата-энелер фонддорду түзүшүп, акча чогултуп жаткан.

Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова окуучулардан акча чогултууга тыюу салган министрдин буйругу чыккандан бери абал бир топ жөнгө салынганына токтолду.

- Буйрук чыккандан бери аябай жакшы маселелер көтөрүлүп, көп терс көрүнүштөр жоголду мектептерде. Бирок айрым жерлерде бул буйрукту бузуулар болду. Аларга Билим берүү башкармалыгы тарабынан сөгүш жарыяланды. Бул буйруктун таасири аябай чоң болду.

Айнагүл Ниязова мамлекеттен бөлүнгөн каражат мектептердеги өңдөп-түзөө иштерине жетпей тургандыгын, ал эми ата-энелер фонддору тарабынан эле быйыл Бишкек шаары боюнча 18 млн. сом чогулганын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG