Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Депутат Султановдун үйүндө жарылуу болду


Марат Султановдун үйүндө жарылуу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

28-апрелге караган түнү ЖК депутаты Марат Султановдун Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылындагы үйүндө жарылуу болду.

Депутаттын үйүнүн короосуна РГД согуштук гранатасы ыргытылганы болжолдонууда. Жарылуудан эч ким жабыркаган жок. Окуя болгон жерге барган кабарчыбыз Султановдун үйүнүн биринчи кабатындагы айнеги талкаланып, короосунда жардыргыч заттын сыныктары табылганын айтууда. Азыр жардыргыч заттын күчү, көлөмү такталууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Баатырканов окуя түнкү саат 2-3төр чамасында болгонун “Азаттыкка” билдирди. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедовдун айтымында, азыр бул окуя УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.

Депутат Марат Султанов өзү болсо "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, азырынча бул окуя боюнча жоромолу жоктугун, кастарын тиккен душманы деле болбогонун айтты. Бирок айрым бир күчтөр саясий көз карашына байланыштуу аны кимдир бирөөлөр менен тукуруу максатында ушундай кадамга барышы мүмкүн дегендей божомолдоп жатканын кыйытты.

Бул сиздин алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетиңизге байланыштуу болушу мүмкүнбү деген суроого берген жообунда Марат Султанов мындай божомолду да четке какпасын айтты. Буга чейин Марат Султанов президенттик шайлоого талапкерлигин коёру тууралуу имиш кептер айтылып келген.

Марат Султанов - Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына "Ата-Журт" партиясы аркылуу келген. Бирок кесиптештеринен айырмаланып башкаруучу коалицияга кирген эмес. Азыр элүү жаштын кырында. 20 жылдан бери саясатта жүрүп буга чейинки эки президенттин тушунда тең жооптуу кызматтарды аркалап келген. Маселен, биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда Улуттук банктын төрагасы, каржы министри болуп турган. Андан кийинки президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда (2005-2010 жылдары) Жогорку Кеңештин төрагасы, Социалдык фонддун төрагасы, каржы министри болгон.

XS
SM
MD
LG