Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Коопсуздук: Ишенген кожом сен болсоң ...


Күчөтүлгөн тартипке Ош окуясынын бир жылдыгы жакындашы да себеп болду.
Күчөтүлгөн тартипке Ош окуясынын бир жылдыгы жакындашы да себеп болду.

Алдыдагы май майрамдарын утурлай 30-апрелден баштап Кыргызстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.

Буга өткөн жылкы июнь окуяларынын бир жылдыгынын жакындап келе жаткандыгы да себеп болду. Ошол эле учурда парламент өлкөдөгү коопсуздукту талкуулоонун жыйынтыгы менен чек ара кызматынын кол башчысын жана анын орун басарын кызматтан алуу талабын койду. Анын аталган тармактын жетекчилигинин дарегине бир катар сын-пикирлер айтылып, алардын жоосунсуз жоруктарын чагылдырган фактылар келтирилген.

Коопсуздук чаралары

Алдыдагы май майрамдарынын учурунда коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдары тиешелүү иш-чараларды бекитти. Ошондой эле ички коопсуздукту бекемдөө багытында диний кырдаалга жана улуттар аралык мамилеге таасир этүүчү жагдайларды көзөмөлдөө иштери күч алгандыгы айтылды.

Ички иштер министринин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов ар кандай күтүлбөстүктөрдүн алдын-алуу боюнча иш-чаралардын мерчеми иштелип чыккандыгына токтолду:

- Ички иштер органдары тарабынан өткөн жылкы июнь окуяларынын бир жылдыгына байланыштуу атайын коопсуздук чаралары иштелип чыкты. Ар кандай шарт-жагдайларды алдын алуу боюнча Ошто жана Бишкекте атайын машыгуулар өткөрүлдү. Бүгүнтөн баштап ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат абалына өткөрүлдү.

Чек ара кызматындагы “чеке жылытпаган” иштер

Ошондой эле өлкөнүн чек ара коопсуздугун күчөтүү маселеси да күн тартибине койулууда. Бирок аталган тармактын жетекчилигинин акылга сыйгыс жүрүм-туруму жана коопсуздукка коркунуч келтире турган аракеттери 29-апрель күнү парламенттин кароосуна койулду. Бул боюнча чек ара кызматынын полковниктеринин кайрылуу каты депутаттарга таркатылып берилди. Бирок анын мазмууну этикалык себептерден улам ачык жарыяланган жок.
Мурда бир аскер бөлүгүндө бир жоокер кокустан каза болсо, бүтүндөй командачылык кызматтарынан кетишет эле. Азыр мына башында эки жоокер, анан бир сержант өлтүрүлүп жатса... Жөн эле өлүм эмес, токмоктолуп өлтүрүлүп жатса, буга жоопкерчилик болуш керек да...
Ахматбек Келдибеков

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча комитетинин төрагасы Исмаил Исаков чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленовду жана анын орун басары Чолпонбек Турусбековду кызматтан алуу сунушу менен чыкты:

- Жетекчиге мына момундай кемчилдиктер бар экен оңдоңуз деп айтса, ага эч кандай реакция кылбаса андай жетекчини эмне кылыш керек? Анын арты менен мына чек ара кызматынын аскерлеринин арасынан тартипсиздик орун алып, бирин-бири токмоктоп, барымтага алып, керек болсо бирин-бири өлтүргөн учурлар катталып жатса. Мына жанагы катта дагы көрсөтүлгөндөй аны көзөмөлдөй тургандар өздөрү аскер бөлүктөрүндө арак ичип алышып, тайраңдап жүрүшсө эмне кылыш керек өзүңүздөр айткылачы. Алдыңарда берилген маалыматты карап, ошонун негизинде добуш берип койуңуздар.

Ким кимдин башынан аттады?

Буга чейин Закир Тиленов чек ара коопсуздугун бекемдөөдө аскерий жана каржылык ресурстардын жетишсиздигин айтып чыккан. Бирок айрым эл өкүлдөрү жетекчиликте кемчилик орун алган учурда башка көйгөйлөрдү мисал келтирүүгө негиз жок деп айтышты. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев чек ара кызматынын эмгек жамаатынын атынан жазылган ал кайрылуу каттан кабары жок экендигин белгиледи. Анын айтымында, мындай даттануулар алгач жетекчиликке келиш керек эле:

- Бул жамааттык арызды мен биринчи жолу көрүп жатам. Бирок мындай арыз-даттануу биринчи бизге келиш керек эле. Анан жетекчиликтин башын аттап өтүп анан башка тарап аркылуу арыздарын жөнөтүү туура эмес. Биз ошого жооп бербей койгондо анан ушундай кылышса туура болмок. Биз бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөбүз.

Чек арадагы кайдыгерлик, же коопсуздук кимдин колунда?

Анткен менен чек ара кызматынын полковниктеринин атынан даярдалган кайрылуу каты эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн кыжырын келтирди. Алардын айрымдары мындай жетекчилерге өлкөнүн чек ара коопсуздугун ишенүүгө болбойт деп чыгышты. Ошол эле учурда айрым депутаттар орун басарынын жосунсуз жоругу үчүн кол башчынын жоопкерчилигин талап кылууну туура эмес деген турумду карманышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Закир Тиленов чек ара кызматындагы жоокерлердин жана сержанттын өлүмү үчүн жооп берүүгө тийиш деди:

- Мурда бир аскер бөлүгүндө бир жоокер кокустан каза болсо, бүтүндөй командачылык кызматтарынан кетишет эле. Азыр мына башында эки жоокер, анан бир сержант өлтүрүлүп жатса... Жөн эле өлүм эмес, токмоктолуп өлтүрүлүп жатса, буга жоопкерчилик болуш керек да. Биздин бир тууганыбыз болсо дагы жоопкерчилигин карашыбыз керек. Мынтип олтурсак өлкөнүн коопсуздугу кандай абалда калат? Президент өзү дагы бул боюнча чечкиндүү чечим кабыл алат деп ишенем. Себеби аморалдык жүрүм-турум боюнча жанагы катты окугандан кийин кайсы жетекчи карап отура алат?

Жыйынтыгында чек ара кызматынын жетекчилигин алмаштыруу сунушу бекитилди. Ошондой эле Коргоо кеңешине жакын арада чек ара коопсуздугунун көйгөйлөрүн токтоосуз кароо маселеси тапшырылды.

XS
SM
MD
LG