Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Болот Абдырахманов: “Манаста” коопсуздук көзөмөлдө


"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

Эл аралык “Манас аба майданы” АКсынын президенти Болот Абдырахманов аталган аэропорттогу коопсуздук чаралары тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Москвадагы Домодедово аэропортундагы жардырууну уксаңыз керек. Бизге ушундан улам Манас аба майданында коопсуздук чаралары тууралуу тынчсызданып угармандар чалып жатышат. Ушул маалда аэропортто кандай коопсуздук чаралар көрүлүп жатат?

Б. Абдырахманов: Манас эл аралык аэропортунда баягы Спорт ордосундагы жардыруудан кийин ошол күндөн ушул күнгө чейин коопсуздук кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп келатышат. Ошондуктан биздин аэропорт аркылуу уча турган адамдарга айтат элем, камсанабай эле келип уча беришсин. Себиби биздин коопсуздук кызматкерлери машина коё турган жайларды, жүк коюлган жерлерди, уча турган адамдарды текшерүүгө алып турушат. Бизде милиция кызматкерлери менен бирдикте ушул ишти аткарып келатабыз. Эми ушундай кырсыктардан кудай сактасын дейли.

“Азаттык”: Сиз ушул Спорт сарайынын жанындагы жардыруудан кийин көзөмөлдү күчөттүк дедиңиз. Сиздер ушундай кырсыктар болгондон кийин эле коопсуздук чараларды күчөтөсүздөрбү?

Б. Абдырахманов: Жок-жок. Аэропортту билесиз да, бизди стратегиялык объект дейт. Ошондук коопсуздук биринчи орунда турат. Биз биринчи кезекте уча турган адамдардын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Ошондуктан бизде жүктөрдү, уча турган адамдарды текшерген кызматыбыз бар. Алар ушундай кылдаттык менен иш кылышат. Ал жерде кесипкөй кызматкерлер иштейт.

“Азаттык”: Бул кесипөй кызматкерлер кимдер милициябы, же атайын кызматтын өкүлдөрүбү? Алар кантип кайтарышат?

Б. Абдырахманов: Бизде чоң коопсуздук кызматы бар. Алар аэробекеттин ичин карайт. Учактарды кайтарышат. Ал эми сырт жагын, жанагы унаалар токтоочу жерлердин баарын милиция кызматкерлери карап, ошолор жооп беришет.

Аэробекеттин ичинин баарына видео камералар коюлган. Биздин көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү ошо менен иш алып барышат. Ким келди, ким чыкты, кайсы сумка, кандай каробка менен чыгып жатат, алардын баары көзөмөлгө алынган.

Сиз жана сурабадыңызбы, терракт болсо эле көзөмөлдү күчөтөсүңөрбү деп. Негизи эле биздин аэропортто коопсуздук биринчи орунда, биз ушуга жооп беришибиз керек.

“Азаттык”: Видео камералар аркылуу жүрүм-туруму шек жараткан адамдарды аныктай алган адистериңиздер, же кызмат барбы? Адатта террористтик актыга даярданган адамдардын белгилүү бир жүрүм-туруму болот дешет.

Б. Абдырахманов: Бизде ошондой атайын окуудан өткөн адистер иштешет. Алтүгүл үнүн укпаса да эмне жөнүндо сүйлөшүп жатканын байкап кое алган адистер бар.

“Азаттык”: Домодедовада жардыруу жүк жүктөгөн жерде болду деп айтылууда. Сиздерде бул жакты текшерүү кандай? Кээде жүктү тапшырып коюп эле кетип калгандар болот эмеспи, алардын багажын кантип текшересиздер?

Б. Абдырахманов: Бизде жүк жүктөгөн терминал бар. Жүгүн тапшырып кетерден мурда ошол терминалда жүктөр текшерилет: жарылуучу заттар, маңзаттар, кесүүчү-сайуучу буюм-тайымдар жокпу деп текшерип туруп анан документтер толтурулат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG