Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Жал айылындагы бир үйдө жардыруу болду


Орок айылындагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
Түз линк

Жардыруудан үйдүн айнектери күбүлүп калган.

Бишкектин чет жакасындагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүндө кечээ кечинде жардыруу болуп, бактыга жараша андан эч ким жабыркаган жок.

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кубатбек Дүйшөналиевдин Жал айылындагы үйүнүн короосунда кечээ кечки саат 10дорго чукул жардыруу болгон. Дүйшөналиев “Азаттыкка” бул жардырууга айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тиешеси болушу мүмкүн экенин, анткени буга чейин анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтты: “Айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тушунда Жал айылында 27 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткен, азыр ал жерди кайра алуу боюнча иштер жүрүп жаткан”, - дейт Дүйшөналиев.

Бул жардыруудан үйдүн короо жактагы терезелерин айнектери күбүлүп, темир дарбазанын каалгасы жулунуп кеткен. Азырынча бул жерде кандай зат жарылганы белгисиз. Окуя болгон жерде жүргөн милиция кызматкерлери да азырынча бул жардыруу боюнча эч кандай маалымат бере албастыгын, баары иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болоорун айтышууда. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан "Азаттыкка” бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө иштери башталганын билдиришти.

Орок айыл өкмөтүнө караштуу Жал айылынын 50дөй тургуну ушул эле күнү аталган айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Анара Касымованын кысым менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыртышты. Касымова мындай аракеттер мыйзамсыз экенин айтып, тиешелүү органдарга кайрыла турганын билдирди. Жалдыктар ага чейин айыл өкмөттүн мурунку жетекчиси Жеңиш Эшенкуловдун үйүнө чейин барып, аны таппай келишти. Алардын айтымында, Эшенкуловдун тушунда 27 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткен, бул иш сотко жетип 24-февралда Жогорку Сот аны караганы жатат.

XS
SM
MD
LG