Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

ӨКМ: Суу ташкындан кооптонууга негиз жок

Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00
Түз линк

Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу

Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын жана шаардыктарды дүрбөлөңгө салды.

Суу ташкын тууралуу кабар бүгүн эртең мененки саат ондор чамасында тарап, аны уккандар заматта дүрбөлөңгө түштү. Мындан улам Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов маалымат жыйынын өткөрүп, шаарды суу каптайт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун билдирди. Анын айтымында, көлдүн деңгээли күн ысып, мөңгүлөрдүн көбүрөөк эришинен улам көтөрүлгөн. Азыр көлдөн келген Ала-Арча суусунун көлөмү азайып калды. Бишкекти аралап өткөн суулардын деңгээли коркунуч жаратпайт.

Тез-Төр көлүнүн суусу куюлган Ала-Арча дарыясынын Байтик айылындагы бөлүгүндө суу нугунан ашкан жок. Аталган айылга барган “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Жолдошбаевдин билдиришинче, азыр дарыядан ылайланган суу агып жатат. Эвакуация жүргүзүлөөрүн уккан жергиликтүү тургундар суунун жээгине топтолгон. Айрымдары Байтиктеги көрүстөн жайгашкан дөңсөө жерге машиналары менен чыгып алышкан.

Бүгүн саат ондор чамасында Адыгене капчыгайындагы Тез-Төр көлү ташыганы тууралуу кабар түшкөндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча суусун бойлой жайгашкан айылдарга эвакуация тууралуу эскертүү берген экен. Мындан тышкары Чоң-Арык айылынын жашоочулары менен Ала-Арча капчыгайында эс алып жүргөндөр коопсуз жайга жеткирилген. Министрлик дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун, суунун көлөмү азайып калганын билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат тогуз жарым-ондор чамасында көл суусунун ташышынан улам аймактагы Ала-Арча дарыясынын агымы секундуна 15-20 кубдан 30-35 кубга чейин көбөйгөн. Азыр көлдөн ташыган суунун көлөмү азайганынан улам дарыянын деңгээли түшүп, коркунуч азайды.

Кооптуу жагдай түзүлгөн Байтик айылынан сүрөтбаян

Байтиктиктер дүрбөлөңгө түштү

Дүрбөлөңгө түшкөн Байтик айылынын тургундары.
1/21 Дүрбөлөңгө түшкөн Байтик айылынын тургундары.
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
2/21

Байтиктиктер көпүрөдөн унаа өтпөшү үчүн жолду таш менен тосуп койду.
3/21 Байтиктиктер көпүрөдөн унаа өтпөшү үчүн жолду таш менен тосуп койду.
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
Байтик айылынын ортосунан өткөн Ала-Арча суусу
4/21 Байтик айылынын ортосунан өткөн Ала-Арча суусу
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
Байтиктиктер
5/21 Байтиктиктер
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
Кашка-Суу айылындагы канал
6/21 Кашка-Суу айылындагы канал
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
Адистер кооптуу жагдай түзүлгөн жерге дароо жетишти.
7/21 Адистер кооптуу жагдай түзүлгөн жерге дароо жетишти.
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
8/21

9/21

Дүрбөлөңгө түшкөн элдин айрымдары тоого карай качышты. 
10/21 Дүрбөлөңгө түшкөн элдин айрымдары тоого карай качышты. 
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
Дарыядагы суу ылайланып, демейдеги көлөмүнөн көбөйүп кетти.
11/21 Дарыядагы суу ылайланып, демейдеги көлөмүнөн көбөйүп кетти.
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
Дарыядагы суу ылайланып, демейдеги көлөмүнөн көбөйүп кетти.
12/21 Дарыядагы суу ылайланып, демейдеги көлөмүнөн көбөйүп кетти.
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
13/21

Байтик
14/21 Байтик
Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын дүрбөлөңгө салды. (Жанар Жолдошбаевдин фотобаяны)
15/21

16/21

17/21

18/21

19/21

20/21

21/21

Артка
Алдыга
Куржундар
XS
SM
MD
LG