Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Мамытов: Чек арачы ток болсо, чеп бек болот


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара кризисин жоюу, каражат жагынан чабал, саны жагынан аз Кыргызстан чек ара кызматын күчтөндүрүү үчүн кандай аракет көрүлөөрү тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын жаңыдан дайындалган төрагасы Токон Мамытов маек курду.

- Сох-Чарбак жаңжалынан кийин өкүм сүргөн чек ара кризисин жоюу үчүн биринчи кадамыңыз кандай болот?

- Адегенде Сох-Чарбак жаңжалынын чыгыш себептерин комплекстүү түрдө карашыбыз керек. Азыр бул чатакка 20 жылдан бери топтолуп, чечилбей калган маселелер түрткү болду деп байма-бай эле айтылып жатат. Мен деле андай пикирлерге кошулам.

Ачык эле айтайын, коңшу мамлекеттер менен чек арабызды толугу менен аныктап, тактамайын мындай чатактар боло берет. Дал ушундай олку-солку кырдаалда чек ара кызматынан чек аранын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматтык, аскердик тартипти күчөтүү зарыл.

Ар бир чек арачы, чек ара тозотунун командири алдына коюлган милдетти жана максатты так түшүнө билип, аны кайсы жолдор менен аткараарын билиши керек. Ошондуктан жетекчи катары ички тартипти күчөтүүнү колго алышым керек.

Экинчиден, чек арачылардан тартипти талап кылуу үчүн аларды социалдык камкордуккка алып, тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Бул жакшы айлык акы, социалдык компенсациялар, жашаганга турак жай, аскерлерге болсо кийим-кече, сапаттуу тамак-аш.

Үчүнчүдөн, чек арада инженердик-техникалык тосмолор болот. Өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте такталган аймактарга ушундай тосмолорду орнотууну уланта беришибиз керек. Мындан тышкары аскерлер арасындагы тартипти күчөтүү зарылдыгын да көрүп турам.

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:



- Ал эми конкреттүү Сох-Чарбак жаңжалындагы кризис боюнча эмнелер жасалат?

- Чек арачылар чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып келишкен, аны уланта беришет. Муну менен катар дал ушундай кырдаалда коңшу өлкөлөрдүн чек арачылары менен биргеликте кырдаалдан чыгуунун жолдору да иштелип чыгышы керек. Ошондуктан коңшу мамлекеттин тиешелүү жетекчилери менен жолугуп, ушул боюнча сүйлөшсөк деген ойлор бар.

Сүйлөшүүлөр уланат

- Чарбактыктарга келтирилген материалдык гана эмес, моралдык да чыгымдар төлөнүш керек деген маселе коюлуп жатат. Демек ошонун баары эсептелип бүтүп, чыгымдар төлөнгүчө Сохтон чыккан чек ара тозоттору ачылбай турабы?

- Учурда Сохтун тегерегиндеги 5 чек ара өткөрмө бекети жабык. Мунун айынан Сох анклавынын ичинде эле эмес, анын айланасында калган Бөжөй, Таян, Согмент деген биздин айылдардын калкы деле жабыркап жатат. Ал тургай Кыргызстандын аймагынан бөлүнүп калган Бөжөй айылынын тургундарында азык-түлүк көйгөйү жарала баштады. Дагы жакшы, өкмөт тик учактар менен керектүү нерселерди жеткиргенге аракет кылып жатат.

Ошондуктан эл кыйналбашы үчүн ошол жактагы аким, губернатор, чек ара бекеттеринин башчылары ийри отуруп, түз кеңешип, тозотторду ачышыбыз керек. Биз үч тозотту ачсак, алар да ошол эле сандагы тозот ачкандай тил табышып, анан бул маселени чечүү керек болуп жатат.

Ал эми материалдык чыгымдарды төлөп берүү боюнча айтсак, азыркыга чейин айрымдарына тыйын-тыпыр алып келип төлөп кетишти. Дагы сүйлөшүүлөр болот, анда да төлөшөт. Бул маселелер бара-бара чечилип келатат.

- Бирок Өзбекстан жооп катары Оштогу "Достук" чек ара өткөрмөсүн жапты. Бул эки коңшу өлкө ортосундагы психологиялык согуштун башталышы эмеспи? Мындай тирешти жоюу үчүн Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы менен сүйлөшүп жатасызбы?

- Жок, азырынча сүйлөшө элекпиз. Бирок жакын арада коңшу мамлекеттин чек ара кызматынын жетекчилери кездешип, сүйлөшүү боюнча даярдык көрүп жатабыз. Бирок ал кандай деңгээлде сүйлөшүү болоору азырынча белгисиз. Ошентсе да кайсы убак болбосун, кайда болбосун алар менен сүйлөшүүгө даярмын. Ал эми психологиялык согуш башталды дегенге мен кошула албайм. Бул жерде түшүнбөстүк болуп жатат деп айтаар элем.

Тынч жатпаган күчтөр

- Айрым билермандар Сох-Чарбак жаңжалына расмий Ташкент кызыкдар эмес болчу, кайсы бир кыянатчыл күчтөр тукурду деп жазышты. Буга сиздин комментарийиңиз кандай?

- Мен деле буга Ташкенттин, же Бишкек, Дүйшөмбүнүн тиешеси бар деп айта албайм. Аны далилдей турган фактылар жок. Мында өлкөлөр аралык, улуттар аралык, социалдык-экономикалык жана чек ара маселелерин чечилбегенинен эле болуп жатат. Бирок дал ушундай чек ара аймактарындагы жер, суу, жайыт талаштан айрым күчтөр, диний-экстремисттик топтор, мыйзамсыз куралдуу жана террорчул топтор колдонуп жатат.

Муну менен катар айрым өзбек бийлигине каршы же Кыргызстан менен Өзбекстан чатакташып калса, өзүнө упай топтоону каалап, кырдаалдан пайдаланалы деген саясий күчтөр да бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

- Чек араны тактоодо эки тарап өзүнө ылайык карта менен иштөөнү талап кылып жатат. Эгер ушундай эле көгөрүп туруп алышса, талашты чечүүнүн башка кандай жолдору болушу мүмкүн? Мисалы, канча бир жылга мораторий жарыялоо же талаштуу жерлерди алмаштыруу сыяктуу жолдор бар дешет.

- Эми Союз таркаган соң анан курамына кирген 15 өлкө үч маселени чечүүгө киришкен. Алар: саясий, экономикалык жана чек ара маселелери. Себеби ал кезде бардык өлкөлөрдүн ортосунда эле чек ара жок болчу.

Ошол мезгилде ушул чек ара маселесин чечүүгө киришкенде Кыргызстан бир аз артта калды. Себеби өлкө ичиндеги саясий иштер менен алектенип эле чек арага көп көңүл бурбай койдук. Мисалы, коңшу мамлекеттер чек ара кызматтарын түзүшсө, биз 1998-жылга чейин аны кайтарууну Орусияга берип, алар кеткен соң гана мындай кызматты түзгөнбүз. Мына ушунун баары эле азыркыдай кырдаалга жол ачкан себептерден болууда.

Ал эми чек ара тактоо иштерин айтсак, бизде жалпы чек аранын узундугу 1373 чакырым, бул айрым маалыматтарда 1378 чакырым деп айтылып жүрөт. Мына ушунун 1100 чакырымы учурда такталып бүткөн. Ошентип 200 чакырымдан ашык 58 жер тилкеси тактала элек.

Мында Өзбекстан 1924-26-жылы бекитилген картаны көтөрүп жатат. Биз болсо 1956-58-жылдагы карта боюнча тактоону талап кылып жатабыз. Талаш-тартыш мына ушул жерде болуп жатат. Эми мындан чыгуу үчүн өз беттегенибизди эле кармап тура бербей стандарттуу эмес, башка жолдорду карашыбыз керек болуп турат.

Дүйнө жүзүндө анклав, эксклав деген чек арага байланыштуу чатакташа жүргөн 30-40 мамлекет бар. Алар анклав менен алмашып, же башка жол менен тил табышып, чечишип келатат. Ошондуктан биз да алардын тажрыйбасын эске алып, ордубузда тура бербей, маселени алдыга жылдыруунун жаңы жолдорун карашыбыз керек болуп турат.

- Чек ара азабын тарткан аймактардын тургундары жергиликтүү да, борбордук бийлик да суу жүрөктүк кылат, бекем тура албайт деп даттанышат. Мисалы, эки ортодо кичине эле чыр чыкса, коңшулардын аскерлери да, милициясы да өз жагына болушабыз деп жетип келишет экен. Ал эми кыргызстандык күч органдары теңелбейли деп четте карап турушат дешет.

- Мен биздин күч органдары теңелбейли деп эле четте турушпаса керек деп ойлойм. Биз тараптан тартип коргоо органдары буга көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүп, жылыш болуп келатат. Мисалы, акыркы эле окуяларда Баткен облустук прокуратурасы мыйзамдын негизинде чек араны бузуп өтүп, тартип бузгандарга кылмыш ишти убагында козгоп, Өзбекстан тарапка өткөрүп, жоопко тартууну талап кылып жатат.

ИИМ да, биздин кызмат да мындай жаңжалдын кайталанбашы үчүн көптөгөн иштерди аткарып жатат. Анан суу жүрөктүк кылып жатат деген туура эмес. Мындай маселелерди союл алып эле чуркабай, дипломатиялык жолдор аркылуу, акыл жана амал менен чечүү керек. Ошондо утуш биздики болот.

.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG