Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Күч түзүмдөрүнүн талашканы эмне?


Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтык жана алардын мамилелериндеги акыркы чыңалуулардын себептери эмнеде?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыштарды издөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев, Жогорку Кеңештин сот, укук маселелери, мыйзамдуулук, коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков, Коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков.

“Азаттык”: Акыркы күндөрү эл оозунда Башкы прокуратура, милиция жана коопсуздук кызматтары тымызын тирешип, кылмышка каршы күрөшүү жүргүзбөй, бири бирине каршы компромат жыйноо менен алектенип жатат деген пикир кеңири тарады. Мындай жоромолдорду акыркы окуя - Ички иштер министрлигинин кылмыш издөө боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилигинин жана кызматкеринин маңзат сатуу боюнча кылмышка тиешеси бар деген шек менен кармалышы күчөткөндөй болду окшойт. Азыр алардын тарапкерлери бул окуяны саясий заказ, прокуратура менен коопсуздук кызматынын кызыкчылыгында жасалган иш деп айтып жатышат.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги болсо полковниктердин камалышы түшүнүксүз болуп жатканын айтышууда. Мындай пикирин ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирген эле:

Мелис Турганбаев: Бул окуя боюнча Башкы прокуратурада козголгон иш бар болчу, иликтөө иши татынакай жүрүп жаткан. Бүгүнкү күндө эмне себептен булар камакка алганын түшүнбөй турабыз. Балдар өз жумушун жасап аткан, эч жакка качкан жок, чакырганда барып атышкан. Бул жерде аларды кармоонун кажети жок. Баңгизатка байланыштуу айтып атышат. Биздин эки структура - баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы өзүнүн операциясын жүргүзүшкөн, ГУУРдун кызматкерлери өзүнүкүн жүргүзгөн. Жашыруун оперативдик маалыматтар менен иштегенине байланыштуу булар бири бирине айтышпайт. Азыр тергөө жүрүп атат, албетте бардыгын сот чечет. Бирок сотко чейин килейген эки полковникти алып барып камап коюшу туура эмес.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуздар:



“Азаттык”: Коопсуздук комитети азырынча бул иш боюнча өз комментарийин бере элек. Туратбек мырза, сиз кандай деп комментарий бересиз, негизи бул маселенин төркүнү эмнеде?

Туратбек Мадылбеков: Менин баамымда, Улуттук коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин ортосунда тирешүү бар деп эч качан айтпайт элем. Бардыгы өз кызматын кылып атат.

Тирешүү мурда кайсы бир жылдары болгон, бирок бүгүнкү күндө мен андай деп айта албайм. Бул жерде Ички иштер министрлигинин эки структурасынын жүргүзгөн иштеринин негизинде түшүнбөстүк болду. Бири мыйзамдын негизинде атайын бул жакка алып келип, бетин ачуу боюнча, экинчиси келген нерсени кармап бетин ачуу боюнча эки жактан иштерди жүргүзүп, түшүнбөстүк болуп калды. Ошондуктан бул жерде эки жактан тең маалыматтарды алып иретке келтире турган координациялаган фигура керек болчу. Ушул болбой калгандын негизинде ушундай түшүнбөстүк болду.

Ал эми Тлек Алибаев боюнча айтсам, биз жаш кезде чогуу иштегенбиз. 30 жылга жакын иштесе, дагы мындай бир учурун уккан да, байкаган да эмесмин. Тлек Алибаев опыттуу, бүгүнкү күндө кыргыз элине керектүү кызматкер. Азыр түшүнүксүз себеп менен отурат деп ойлойм.

“Азаттык”: Артур мырза, сиз коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштедиңиз. Сиздин учурда ушундай жагдайлар болчу беле? Негизи ич ара жана тартип коргоо кызматташтыкта кандай координация болчу эле?

Артур Медетбеков: Мурун да, азыр да тартип коргоо органдарынын жетечилеринин ортосунда тирешүү, атаандашуу саясаты эч убакта андай болгон эмес. Азыр эл арасында сөз, имиш, ушактар жүрүп атат. Бул ММКлар аркылуу элге ушундай түшүндүрмө берген үчүн болуп атат.

Азыркы убакта тартип коргоо органдарынын жетекчилери кылмыш иштерине болгон өз аракеттерин жасап атышат. Бирок, тилекке каршы, кандайдыр бир деңгээлде орто башкармачылыктардын жетекчилеринин ортосунда түшүнбөстүк, же иш боюнча атаандаштык жүрүп кеткен мисалдар бар. Ушул мисалдардан ММК пайдаланып, туура эмес түшүнүктөрдү эл арасында таратууда.

“Азаттык”: Буга чейин Панфиловдо да прокуратура менен коопсуздук кызматкерлерине каршы Ички иштер министрлигинин кызматкерлери чабуул уюштурду деп, андан кийин Чалдоварда ички иштер кызматкерлери менен коопсуздук кызматкерлеринин массалык мушташы болду деп, ушуга байлыныштуу кылмыш иштери козголуп, комиссиялар түзүлдү эле. Жакында кылмыш издөө боюнча башкы башкармалыктын жетекчилиги жана бир кызматкери кармалды деп атабыз. Жаныбек мырза, ушунун чоо-жайына сиз түшүндүрмө бере аласызбы? Бул ушул структуралардын ортосундагы пикир келишпестик, тирешүүдөн келип чыгып атабы, же башка себептери барбы?

Жаныбек Салиев: ММКда көп талкуу болуп атат, эл да буга кызыгууда. Акыркы кылмыш иш боюнча айтсам, ар ким өзүнүн ишин кылып атканда, ГУУРдон бүт мыйзамга ылайык Ички иштер министрлигинин ичинде болгон буйруктардын негизинде ишин жасаган.

Азыркы күндө тергөө амалдары менен ошонун баары далил болуп чыкты. Бирок ГУУРдун кызматкерлери кылып аткан ишине бир дагы далил келтире албай коюшту. Тергөө амалдары жүрүп жатканына байланыштуу мен көп нерсени айта албайм. Бирок тирешүү деген жок, тескерисинче тыгыз мамиледе иштегени үчүн ушундай оор кылмыштар ачылып атат. Себеби оперативдүү чабуул топтор бизге мызамдын негизинде материалдарды алып келишет, биз тергөө амалдарын жүргүзөбүз.

Жаза процессуалдык кодексинин 36-беренесинде жазылган, тергөөчү тергөө амалдарын жүргүзүп атканда токтом чыгарып, ар бир оперативдүү ишти жүргүзгөнгө бирөөгө милдет кылып жүктөсө, аны милдеттүү түрдө аткарыш керек. Биз биргелешкен топ түзүп иштеген иштер бар. Бул жерде эч кандай тирешүү жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG