Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Маликов кол салууну ИМден көрүүдө


Дин таануучу кол салуу артында радикалдуу топтор турганын жана ишмердиги менен байланыштуу экенин айтты.

Маликов 26-ноябрда кечинде Бишкектеги Асанбай кичи районундагы “Народный” дүкөнүнүн жанында белгисиз эки адамдан бычак жеп ооруканага түшкөн. Милиция окуяны турмуштук чыр-чатак деп билдирип “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иш козгоду.

Кадыр Маликов бычакталышы боюнча өзү айтып берди. Кол салуу алдын ала уюштурулганын жана бычак, электрошокер менен кол салгандардын максаты аны өлтүрүү болгонун билдирди:

- Мен унаама барганда аны кара түстөгү терезелери караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унаа тороп алыптыр. Алар мени унаасына отургузуп алгандан кийин мени электрошокер менен сабай башташты. Бычак менен моюн тушка саюуга аракет кылышты. Кол салгандар экөө болчу жана “Аллоху акбар” деп кыйкырып жатышты. Мен да аларга жооп кылып “Аллоху акбар” деп кыйкырып, каршылык көрсөтө баштадым. Алар мени унаанын арткы орундугуна түртүп отургузууга аракет кылып жатканда качып чыкканга үлгүрдүм. Канжалап жанымдан өтүп бараткан унаалардан жардам сурай баштадым.

Кадыр Маликов учурда ооруканада жатат
Кадыр Маликов учурда ооруканада жатат

Кадыр Маликов бул кол салуунун артында “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдогон радикал топтор турат деп эсептейт. Анын билдиришинче, буга чейин эскертүүлөр, артынан аңдуу болгон:

- Ушул жылдын жай айында Сириянын Ракка шаарындагы “Ислам мамлекетин” колдогон террорчул топтор мени жана Казакстандагы дагы бир дин таануучуну өлтүрүү боюнча чечим чыгарышканы тууралуу менде маалымат бар болчу. Бул жүз пайыз тастыкталган маалымат. Ошондой эле жайында мени өлтүрүү үчүн үйүмдүн жана мен намазга барып турган мечиттин жанында топтор аңдып турган. Ошондуктан мен “Ислам мамлекети” тууралуу пикиримди айтуудан убактылуу карманганга мажбур болгом. Кечээги окуя “Ислам мамлекети” жана такфир идеологиясына каршы чыккандардын баарынын өмүрү коркунучта экенин көрсөттү.

Кадыр Маликовдун тууганы Тимур Элебесов 27-ноябрда журналисттер жыйынында милицияны туура эмес маалымат берип жатат деп айыптады жана кылмыш иш адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча козголушу керектигин билдирди:

- Кадыр буга чейин аны коргоп берүү тууралуу өлкө жетекчилигине бир канча жолу кайрылган. Ага газ тапанча колдонууга уруксат бергенден башка жардам бере алышкан эмес. Тилекке каршы, ал тапанчаны пайдаланганга үлгүргөн деле жок. Биз, анын туугандары күч органдарынан бул окуяга олуттуу мамиле жасашын суранат элек. Анткени радикал топтор чектен чыгып, бул жакта да кол салууну баштады.

Азыр милиция бул окуяны кер-мур айтышуудан чыккан турмуштук чыр-чатак деп билдирип жатат. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун маалымдашынча, кол салгандардын тек-жайы аныкталды, бирок азырынча колго түшө элек, унаа болсо конуштардын биринен табылды:

- Маликовго кол салган эки жарандын ким экени такталды. Алар 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундары. Алар унаасын Бишкектеги “Алтын ордо” конушунун экинчи көчөсүнө таштап кеткен. Ал жерде кылмышка шектүү бир адамдын тууганы жашайт экен. Ошол адамдын үйүнүн эшигинин алдынан табылды. Азыр алардын туугандары, үй-бүлөсү, баары менен иш жүрүп жатат. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иш козголгон. Биздеги оперативдүү маалымат боюнча “Аллоху акбар” деп Маликов кыйкырган. Биздин тергөөчүлөр сурашканда “Кудай сактасын” деп келме келтиргем дептир. Ал эми экинчи тарап антип кыйкырбаптыр.

Азыр Кадыр Маликов Бишкектеги Травматология жана ортопедия бөлүмүндө жатат. Кол салуудан бети-башы көгөрүп оң жак бети жана колу тилинген, кан көп кеткен. Ага 26-ноябрь күнү кечинде операция жасалып, 27-ноябрда эртең менен реанимациядан палатага которулду. Абалы оор, бирок туруктуу.

XS
SM
MD
LG