Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Дин таануучу Кадыр Маликовду сабап кетишти


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Дин таануучу Кадыр Маликов бетине, колуна бычак жеп, операция жасалды. Учурда Бишкек шаарында кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жарыяланып, издөө жүрүп жатат.

Теолог жана саясат таануучу Маликовдун бычак жегенин күч органдары азырынча турмуштук чыр-чатак деп болжолдошууда. Айрым эксперттер өлкөдө диний радикализмди сындап жүргөндөрдүн коопсуздугуна чындап эле коркунуч бар экенин айтып жатышат.

Диний серепчи, саясат таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов бычак жеген окуя 26-ноябрда кечки саат жетилер чамасында Асанбай кичи районундагы “Народный” дүкөнүнүн алдында болгон. Милициянын алдын ала маалыматына караганда, дүкөндөн чыккан Кадыр Маликов машинасынын артына токтотуп койгон БМВ үлгүсүндөгү унааны анын ичиндегилерден алып туруусун суранган. Бирок машинаны ичиндегилер айдоочу жок экендигин айтып, макул болушкан эмес. Бир канча убакыт өткөндөн кийин экинчи ирет суранганда кайым айтыша кетишкен. Натыйжада БМВ үлгүсүндөгү унаадагылар Кадыровго кол көтөрүп, бычак да колдонушкан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов окуяны Маликовдун ишмердигине байланыштуу деп айтуу азырынча эрте экендигин белгиледи. Учурда Бишкек шаарында кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жарыяланып, издөө жүрүп жатат. Шаардын кирген-чыккан жериндеги блокпостторго тапшырма берилген.

- Атайын жасалган окуя эмес деп жатабыз. Себеби өз ара чатактан чыр чыгып кеткени айтылууда. Биз күбөлөрдүн айтуусуна таянып, алдын ала маалымат берүүдөбүз. Ал жерде көп кишилер чатакка күбө болгон экен. Азыр кылмышкерлерди кармоо операциясын баштадык, шаар боюнча блокпосттор иштеп жатат. Тергөө иштери башталды.

Маликовго кечинде Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунунда операция жасалды. Дарыгерлердин айтымында, бычак анын бетине жана колуна сайылган. Илимий борбордун директору, академик Сабырбек Жумабеков азыркы кезде бейтаптын абалы оор, бирок туруктуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Азыр операция жасалып бүтүп, реанимацияга которулду. Абалы оор, бирок туруктуу. Кан көп кетип калган, бетинин оң жагы тилинип, колуна да бычак тийген. Көздөрү көгала, мээси да чайкалган.

Буга чейин жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү диний аалымдарга кол салган фактыларды эске алганда, Кыргызстандагы бул окуя түрдүү божомолдорго жем таштады. Анын үстүнө серепчилер өлкөдө диний радикализмдин коркунучу күчөп баратканын эскертип келишет. Мындай учурда радикал диний топторду сынга алган кадыр-барктуу диний ишмерлердин, аалымдардын коопсуздугу коркунучта болоору бышык дейт серепчи Канатбек Мурзахалилов:

- Бүгүнкү күндө “Ислам мамлекти” деген радикал топ, терроризм күч алып жаткан учур. Аларды сындап, радикалдашып бараткандары ачык айтып жаткандардын өмүрүнө коркунуч бар. Түндүк Кавказдагы окуялар, Татарстандагы муфтийге кол салган фактыларды тана албайбыз. Кыргыз коомунда да радикалдашуу коркунучу күч болуп калды. Бул окуя радикализмге байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолду да четке кагууга болбойт.

Дин таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап келе жатканы менен белгилүү.

27-ноябрда Кадыров Бишкектеги “Акипресс” маалыматт агенттигинде “Терроризм менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек да, эмнени кылбашы керек” деген темадагы маалымат жыйынына катышары мерчемделген болчу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG