Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Кулаган учактын экологиялык зыяны такталууда


3-майда Панфилов районунда кыйраган америкалык учактын экологияга келтирген зыяны иликтенүүдө.

Ал эми бир учкучтун жана учактын кара кутусунун дайыны ушул кезге чейин табылбай жатат. Аларды издөө үчүн иттер менен кинологдор да тартылды.

Учактын кыйрашы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия учкучтар менен диспетчердин акыркы мүнөттөгү сүйлөшүүлөрүн угуп, бирок учактын кыйроо себебин тактоо мүмкүн болбогонун билдирди.

Зыян бар-жогун комиссия аныктайт

Мамлекеттик комиссия учактын кыйроо себептери менен бирге экологияга келтирилген залака өлчөмүн да иликтеп жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгына жараша анын зыяны аныкталмакчы.

- Жарылуу болгондон кийин эле барып, анализдерин алышкан. Жыйынтыгы чыккандан кийин биз ал боюнча өз сөзүбүздү айтабыз. Зыян болуп-болбогонун анализдер көрсөтөт. Азырынча так айтыш кыйын. Анткени күйүүчү май асмандан жарылса, ошол жактан эле күйүп кетиши да мүмкүн.

"Манастагы" Транзиттик жүк ташуу борбордун КС-130 маркасындагы кара май ташуучу учагы кулаган учурда, ичинде 60 тонна күйүүчү май болгону кабарлаган. Абдыкалык Рустамовдун билдиришинче, эгер кара май 6 миң метр бийиктиктен төгүлө турган болсо, бууланып кетип, зыяны болбошу мүмкүн.

Учак кыйрап түшкөн Панфилов районунун акиминин орун басары Канат Давлетовдун айтымында, кырсыктан мал-жанга эч кандай зыян болгон эмес. Бирок жайытты күйгүзүп жиберген экен.

- Жайыттан албетте чыгым болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция бул боюнча бүгүнкү күндө иштеп жатат. Айыл өкмөттүн эсептеп чыкканы боюнча, 100 гектардын тегерегиндеги жерге учак үч бөлүнүп түшкөн. Булактын нугуна да түшкөн.

Учкуч жана кара куту изделүүдө

Транзиттик борбордун учагынын кыйрашы боюнча кыргыз өкмөтү Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов башында турган мамлекеттик комиссия түзгөн. Комиссиянын 13-майда билдиргенине караганда, азырынча учактын бир учкучунан жана кара кутудан али дайын жок. Аларды издөө үчүн иттер менен кинологдор тартылды. Ошондой эле комиссия учак менен диспетчерлердин акыркы мүнөттөрдөгү сүйлөшүүлөрүн угушуп, бирок азырынча учактын кыйроо себептерин таба алышкан эмес.

Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов буларды айтты:

- Техникалык комиссия учкучтар менен диспетчерлердин диалогун угушуп, учактын кыйроо себебин аныктоо мүмкүн болгон жок. Азыркы учурда самолеттогу үчүнчү учкучту жана кара кутуну табуу боюнча издөө кинологдордун иттери менен уланып жатат. Кырсыкка учурагандардын калдыктарын болсо, соттук-медициналык эксперттер текшерүүдө.

Учак кулаган мезгилде ичинде үч учкуч болгон. Алардын экөөсүнүн күйгөн сөөгү буга чейин табылган болчу. Транзиттик борбор да учкучту жана учактын кара кутусун издөө уланып жатканын маалымдады. Мамлекеттик комиссиянын айтымында, Транзиттик борбор алар менен тыгыз кызматташып жатат.

Ал эми 13-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жыл аягында, Транзиттик борборду чыгаруу боюнча америкалык тарапка расмий нота жөнөтүлө турганын билдирди. Ал бул маалыматты Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Келишим бүтөрүнө, 2014-жылдын ортосуна 180 күн калганга чейин биз АКШ тарапты кабардар кылышыбыз керек. Демек ушул жылдын акыры чейин биз аларга келишим соңуна чыгаары боюнча айтышыбыз керек.

2003-жылы ачылган бул база 2009-жылдын 14-июлунда америка-кыргыз келишими боюнча Транзиттик борборго өзгөртүлүп, беш жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Бул борбор аркылуу бир айда 11 миллион фунт жүк ташылып, бир күндө 2 миңдей аскер келип-кетет.

3-майда Транзиттик борборго тиешелүү “Боинг-707” үлгүсүндөгү учак, Чүйдүн Панфилов районундагы Чолок-Арык айылына жакын, эл жашабаган ээн жерге кулаган болчу. Ал “Манастагы” Транзиттик борбордон көтөрүлүп, Ооганстанга багыт алганда кыйроого учураган.

XS
SM
MD
LG