Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

УКМК маалымат чабуулун майтарууга киришти


Кыргызстанда сексен пайызга жакын маалымат чет элдик маалымат каражаттары аркылуу таралаары айтылып келет.
Кыргызстанда сексен пайызга жакын маалымат чет элдик маалымат каражаттары аркылуу таралаары айтылып келет.

Кыргызстандын атайын кызматы ар кандай чагымдарга байланышкан маалымат чабуулун ооздуктоого киришти.

Буга байланыштуу мамлекеттин маалымат коопсуздугун камсыздоочу атайын программа ишке киргизилет. Анын жардамы аркылуу интернет сайттардагы улуттар аралык кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга алып келүүчү маалыматтардын булагы аныкталып, аларга укуктук баа берүүгө шарт түзүлөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бул демилгесин коомчулук туура көргөнү менен экинчи жагынан андай шылтоо менен сөз эркиндигине басым жасалбайбы деген чочулоолор бар.

“Иритме” интернет сайттары иликтенет

Улуттар аралык кастыкты жана аймактык ажырымды козутуучу чагымчылардын чабуулун баштан кечирген Кыргызстандын атайын кызматы маалымат коопсуздугун бекемдөөнү колго алмакчы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамиль Атаханов интернет мейкиндиги аркылуу таралуучу чагымчыл маалыматтарды ооздуктоо үчүн атайын компьютердик программа иштелип чыккандыгын белгиледи:

- Биз маалымат коопсуздугун көзөмөлдөп, ага шек келтирген маалыматтарга укуктук баа бермекчибиз. Маалыматтарды иликтеп, аларды текшерүү үчүн атайын жабдуу керек. Ошол үчүн биз атайын долбоор кабыл алып, интернет сайттардагы козутуучу маалыматтарды таап чыгуучу изилдөө программасын иштеп чыктык. Бул боюнча келишимге кол коюлуп, аталган программа 3-4 айдан кийин ишке киришмекчи. Азыр ал сыноодон өткөрүлүп жатат.

Бурмаланган маалыматты бура тарткандар кимдер?

Маалымат коопсуздугу демекчи жакында эле Кыргызстан орусиялык маалымат каражаттарынын кезектеги чагымчыл чабуулуна дуушар болду. Оштогу орусиялык офицердин аялынын өз уулуна карата мыкаачылыгын айрым сайттар анын үй-бүлөсүнө кол салуу катары жазышты. Кыргызстандын ички иштер органдары аны төгүндөгөнүнө карабастан орусиялык сайттардагы ал маалымат эки күн бою өзгөрүүсүз турду. Ал окуя бурмаланган маалыматтын негизинде интернетте талкууланып, Кыргызстанга каршы маанайды күчөттү.

Иликтөөдө бурмаланган маалыматты “Российская газетанын” Бишкектеги өкүлчүлүгү тараткандагы маалым болду.

Аталган басылманын журналисти Дмитрий Евлашков алгачкы маалымат Оштогу орусиялык аскер кызматчысынан алынгандыгын белгиледи:

- Мага ал окуяны орусиялык чек ара кызматынын бир офицери кабарлады. Ошол учурда окуя боюнча расмий маалымат жок болчу. Бул жерде ал маалыматтын кесепетин баалай албаган Оштогу Орусиянын башкы консулдугунун күнөөсү. Анан ИИМдин маалымат борбору өз учурунда кабарлаганда болмок. Азыр “Российская газетаны” улуттар аралык кастыкты козутту деп айыптагылары келип жатат. Бирок биз берген маалыматта козутуучу эч нерсе жок болчу. Бизге кандай кабарлашса, ошондой жарыялаганбыз. Ооба, биз дагы расмий билдирүү чыкканча күтүп турсак болмок. Бирок ал учурда окуянын расмий версиясы ишенимдүү негиздер менен бекемделе элек болчу.

Анткен менен бурмаланган маалыматтын таралышын Кыргызстандын беделине шек келтирүү үчүн атайын уюштурулган чагым катары карагандар арбын. Аны окуп алган орус улутчулдары ансыз да оор абалда жүрүшкөн кыргыз мигранттарына кол салууну күчөтүшпөйбү деген тынчсыздануулар көбөйдү.

Орус офицеринин үй-бүлөсүндөгү кайгыны башкача өңүткө бурууда Орусиянын Кыргызстанда иштеген атайын кызматынын колу болушу мүмкүн дегендер да жок эмес.

“Чыгыш-Батыш стратегиясы” аналитикалык тобунун жетекчиси Дмитрий Орлов маалыматты бурмалап тараткандарга чара көрүлүшү керек деп эсептейт:

- Кандайча кадимки үй-бүлөдөгү оор кылмыштан орчун бир саясий чагым жасагылары келишкендигин түшүнбөдүм. Мындай чагым кандайдыр бир күчтөргө пайдалуу болсо керек. Анткени мындай учурду алар өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонгусу келиши да мүмкүн. Мына ошондуктан бурмаланган маалыматты таратуу Орусиянын атайын кызматынын орто звеносунун жогору жактын уруксатысыз эле ойлоп таап чыгара койгон оперативдүү оюну да болушу мүмкүн. Андай болсо нормалдуу мамлекеттерде ошого катышы барларды ал үчүн погону менен кошо башын жулуп коюшат. Мен буга жогортон кандайдыр бир реакция болот деп ойлойм.

Кыргызстанга каршы багытталган чагымчыл маалыматтар биринчи жолу эле таралып жаткан жок. Кыргызстанда эки жылдан бери эле күтүлүп жаткан кандайдыр бир башаламандыктар, куралдуу көңтөрүштөр жана улуттар аралык чатактар туурасында чагымчыл маалыматтар дайын-дареги белгисиз интернет сайттары аркылуу байма-бай жарыяланып келеатат.

Чет элдик ММК кыргыз маалымат айдыңында

Медиа талдоочу Бакыт Орунбеков мына ушундай жагдайга жол берген мамлекеттин маалымат саясатынын бошоңдугун сынга алды:

- Кыргызстандагы маалымат коопсуздугуна байланыштуу коркунуч буга чейин деле болгон. Азыркы учурда деле ар кандай саясий абалдан же мамлекеттер аралык мамилеге байланыштуу ал нерсе улантылып жатат. Бул жерде мамлекет өзүнүн маалымат айдыңын бекемдөө боюнча саясатын ишке ашыра албай жатат. Мисалы, Кыргызстанда сексен пайызга жакын маалымат чет элдик маалымат каражаттары аркылуу таралат. Эң көбүн Орусиянын телеберүүлөрү, анан Казакстандын жана Өзбекстандыкы түзөт. Бул алардын маалымат аркылуу таасир этүүсүнө шарт түзүп отурат. Ал эми кошуна мамлекеттер бул көйгөйдү мурда эле чечип алышкан. Биздин бийликте саясий эрк жокпу, же башкача ойлонушабы негедир ушул маселеге чекит койо албай жатат.

Ошол эле кезде коомчулукта бийлик экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен сөз эркиндигин муунтпайбы деген күмөн саноолор дагы күч. Ошондуктан маалымат коопсуздугун бекемдөө чаралары атайын мыйзамдын негизинде ачык-айкын ишке ашырылышы керек, дешет медиа талдоочулар.

XS
SM
MD
LG