Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Иманкулов: Курал алып жүрүү коопсуздукту жүз пайыз кепилдебейт


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Депутаттардын курал алып жүрүүсүнө уруксат берүү демилгесине байланыштуу суроолорго УКМК төрагасынын орун басары Марат Иманкулов жооп берди.

“Азаттык”: Сиз депутаттардын курал алып жүрүүсүнө уруксат берүү демилгесине кандай карайсыз?

Марат Иманкулов: Эми билесиздер, куралдын өзүнүн өзгөчөлүгү бар да. Курал алып жүрүү коопсуздуктун жүз пайыз кепилдиги деп эсептей албайм. Мен алысмын андан. Депутаттардын да, жарандардын да коопсуздугун сактоо үчүн биздин мамлекетте тартипти орнотуш керек. Бекем тартип жана мыйзамдуулук болушу керек. Кылмышкерлер менен, анын ичинде уюшулган кылмыштуулук менен жакшылап иш жүргүзүп, алар коомго, коомдун ичинде жашап жаткан ар бир адамга, жаранга жана депутаттарга, башка бийлик бутактарындагы адамдарга кол салбагандай маанайды түзүү керек. Ошондо ар бирибиздин, жөнөкөй жарандын да, депутаттын да, башка адамдардын да коопсуздугу көбүнчө сакталганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми ар бир депутатка бирден тапанча карматып койгондо деле, аны аталганы бар, аталбаганы бар. Кээ кезде атайылап бир нерсе кыла турган болсо, аны колдонгонго эч ким мүмкүнчүлүгү да болбой калат. Ага үлгүрбөй да калат. Ошондуктан бардык депутаттарга тапанча карматып коюп, өзүңдүн коопсуздугунду өзүң сакта дегенди мен бул нерсенин абалдан чыгуу жолу деп эсептебейм.

“Азаттык”: Азыркы тапта чындап эле ушундай демилегелерди көтөрүп, курал алып жүрүүгө зарылчылык бар беле?

Марат Иманкулов: Эгерде депутаттардын коопсуздугуна коркунуч келе турган болсо, алар мамлекеттик кызматта жүргөндөн кийин ошондой бир маалымат болуп, же өзүлөрү сезе турган болсо, укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Укук коргоо органдары муну териштирип, эгерде ошондой коркунуч бар болсо, бул коркунучтардан ажыратышыбыз керек. Эгер конкреттүү адамдар тарабынан коркунуч болуп, кылмышкерлер коркунуч туудура турган болсо, укук коргоо органдары алар менен иштеш керек да, аларды ушундай коркунуч кылганга жол бербеш керек. Анан депутаттар тапанча алып өздөрүнүн коопсуздугун сактайт дегенден, андан абсолюттук коопсуздук келет дегенден мен алысмын.

“Азаттык”: Эмне себептен куралга уруксат берүү керек деген демилгелер көтөрүлүп жатат деп ойлойсуз? Бул коопсуздукту сактоо максатында элеби?

Марат Иманкулов: Эми биринчиден эле мен ойлойм, бул кооптонуу болуш керек. Кандайдыр бир өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч болуп калышы мүмкүн деген кооптонуу менен кылып жатат болуш керек. Башка эмне кылат? Депутаттар курал-жарак алып туруп бирөөгө кол салмак беле? Мен бул нерсени четке кагам. Кол сала турган болсо, атайын куралданмак беле? Бирөөгө кол салып, кылмыш кылам дегендер, алар билинбей жасайт. Анан депутаттардын арасында андай адамдар бар деп ойлобойм. Бул кооптонуу болуш керек. Өздөрүнүн жанагы кандайдыр бир коркунуч болуп калышы мүмкүн, же коркунучтар барбы деген кооптонуулардын негизинде демилге көтөрүп жатышы мүмкүн.

“Азаттык”: Апрель айынын башында парламентте эки депутаттын урушунан кийинки текшерүүдө 10 тапанча жана Калашников үлгүсүндөгү автомат табылган. Анан депутаттарда курал-жарак болсо, коркунучтуу учурлар пайда болбойбу? Кесепети эмне болушу мүмкүн?

Марат Иманкулов: Сиз айткан курал-жарактар депутаттардан эмес, жан сакчылардан алынган. Аларды карап көрсөк, алар мыйзамдуу түрдө алып жүргөн экен. Алар менен кээ бирөөнү келишим түзүп өзүлөрүнө кызматка алып жүрүшкөн экен. Эми биз демократиялык мамлекет болгондон кийин ар бир жаран кандай кылып өзүнүн коопсуздугун сактаганга укуктуу. Бул жагынан кала берсин. Эгер ал курал-жарактарды мыйзамсыз пайдаланып, мыйзамсыз сактап жүрө турган болсо, андай адамдар мыйзам чегинде жооп беришет. Бирок жанагыдай кайтарып жүргөнү бул факт. Бирок жалан эле куралды кармап жүрүп, өзүнүн өмүрүн сактап, өзүнүн коопсуздугун абсолюттук сактай алабыз дегенден мен алысмын.

Ошон үчүн биз биринчиден, мамлекетибизде, коомдун ичинде бир киши бир кишини курал колдонуп өлтүрүп кетпегендей атмосфера түзүү керек. Ошондой тартип орнотуш керек. Бекем мамлекеттик тартип болуш керек. Кылмышкерлер кол салбагандай кылып тургандай шартка келишибиз керек. Мына азыр кылып жаткан иштердин баары ушул багытта болуп жатпайбы. Бул эң биринчи коопсуздук. Анан таптакыр болбой калганда, албетте бизде мамлекетте кайтарууга боло турган атайын кызматкерлер бар. Ал мыйзамда көрсөтүлгөн. Биздин мамлекеттин жетекчилери аларды коргоого тийиш. Андайларды биздин атайын кызмат коргоп жүрүшөт.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG