Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Кызыл-Кыяда “жихадчылар” табылды


УКМК Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жашыруун жихад тобу аныкталып, аны 2011-жылы Тажикстандын атуулу уюштурганын жарыялады.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2011-жылы Тажикстандын жараны Кушмуродов түптөгөн Жихад экстремисттик тобунун 10 мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен “Азаттыка” билдиришти. Маалыматка караганда, бул мыйзамсыз топ Кызыл-Кыяда былтыр уюшулуп, арасына шаардагы жаштарды тарата баштаган. Уюм исламды жамынып, жер-жерлерде жамааттарды түптөө иштерин жүргүзүп келгени айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Токталиев 24-27-май күндөрү Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү бийлик жана диниятчылар менен биргелешкен түшүндүрүү иштери жүгүзүлгөнүн айтат:

- Аталаган топ 2011-жылы Кара-Суу шаарында атайын операция учурунда жок кылынган Тажик Республикасынын жараны Кушмуродов тарабынан түзүлүп, баштапкы диний билими жок жаштарды исламдын бурмаланган түшүндүрмөлөрү аркылуу катарына тарткан. Буларга түшүндүрүү иштери аталган адамдардын туугандарынын жана коомдук диний ишмерлердин катышуусу менен өттү. Жаштар туура эмес жолго түшкөнүн моюндап, мындан ары террористтик жана диний экстремисттик багыттагы иштерге барбоого эскертүү алышты. Аталган топтун четте жүгөн бир мүчөсүнө кылмыш иши козголуп, учурда издөө жарыяланды.

Мындай мыйзамсыз экстремисттик топторго, катталбаган агымдарга жаштардын кирип кетиши негизинен башка идеологиялык багыттын жоктугу, алар менен кимдир бирөө алектенбегени менен сыпатталып жатат.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Колик Улукбеков мындай агымдар мечиттерде, же расмий уюмдарда алектенбесин айтат:

- Кызыл-Кыяда көпчүлүк жаштар өз жумуштары менен жүрө берет. Сен эмне кылып жатасын деген киши жок. Анан булар динди жамынганы менен мечитте иш жүргүзбөйт. Көчө-көйдө же кайсыл бир жерде мен мындай экстремисттик топко үндөп жаткандарды көргөнүм жок. Бирок ар кандай ишти жасап жаткандар бар. Демек алар менен алектенип жолун тоскондор аз да. Мечитке да жаштар барып турушат. Бирок өтө эле көп эмес.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Карамат Орозова аймакта минтип исламды жамынып алып, экстремисттик аракет жасап жаткандарга тоскоол боло алчу диниятчылар өздөрү да өтө кесипкөй эмес деп эсептейт:

- Балдарды кичинесинен тарбиялабасак бул маселе өтө татаалдашып кетиши мүмкүн. Мисалы мына Кара-Бак айылында эле 3 мектеп, 7 мечит бар. Мечитте деле молдокелер бар дечи. Бирок алардын деле деңгээли толук жетишээрлик деп айтуу кыйын да. Ошондуктан жаштардын багытын өзгөртүү керек. Жаштардан кадрларды чыгарып, бардык тарапка жаштарды тартышыбыз керек. Анткени көнүл бурулбаган бала кандай өсөөрүн айтуу кыйын да. Жаштар үчүн мамлекет каражат аябаш керек. Болбосо кийин кыйын болуп калышы ыктымал.

Жергиликтүү серепчи Батыр Шүкүров бир топ жылдан бери жаштар менен иш алып барат. Анын айтымында, бийлик качан мындай топтор түзүлүп иш жүргүзүп калганда эмес, түзүлгөнгө чейин алдын алышы керек:

- Жаштар үчүн атайын арналган, түзүлгөн шарттардын аздыгынан, алар алектене турган нерселердин жоктугунан ошондой жолго барып жатат деп ойлойбуз да. Менин оюмча, көп улуттуу, калк жыш жерлерде ушундай багытка кирип кеткендер арбыныраак. Ал эми айыл жерлеринде болсо ким кайда басканы, эмне кылып жатканы дароо дайын болот. Мында топторго киргендер керек болсо жаман иштерди жасап, мамлекетке кандайдыр бир талаптар менен чыгып, коркунуч келтириши да мүмкүн. Ошондуктан мамлекет бул маселеге астейдил мамиле жасаш керек.

Канткен менен Кызыл-Кыя шаары мындай агымдар менен мыйзамсыз топтордун бутасына айлангандай. Анткени, ушул жылдын апрель айында да бул шаарда экстремисттик агымга мүчө болуп, үйүндө бир топ куралдарды, ок дарыларды, мыйзамсыз адабияттарды катып жүргөн үй-бүлө аныкталган болчу.

XS
SM
MD
LG