Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Өзбекстанда да миңдеген мал өлгөнү айтылууда


Жалал-Абадда койлордун жапырт кырылышына байланыштуу суроолорго республикалык ветеринардык департаменттин башкы директору Жаныбек Султанов жооп берди.

“Азаттык”: Азыр чечекке каршы дарынын айынан өлгөн койдун саны 2 миңге чукулдады. Кырдаал кандай болуп атат?

Жаныбек Султанов: 3200 доза вакцинаны Өзбекстандын жараны алып келип Кыргызстандагы жеке менчик дарыканага саткан экен. Ал жерден көбүнесе элдин малын чогултуп баккан чабандар өздөрү дарыны алып эмдешкен.

“Азаттык”: Демек бул мыйзамсыз алынып келинген дарылар экен да?

Жаныбек Султанов: Булардын бардыгы мыйзамсыз алынып келинген. Мамлекеттик ветеринардык кызматка маалымат берип, же ушул дары менен эмдесек болобу деп сураган эмес. Өзүм билемдик менен жасаган иштин жыйынтыгы ушундай болуп жатат.

“Азаттык”: Эмнеге бул көз жаздымда калып, текшерилген эмес?

Жаныбек Султанов: Бизде биринчиден, ветерианардык адистер өтө аз. Республика боюнча 30% эле камсыз болгон. Экинчиден, ветеринардык кызмат экиге бөлүнүп кеткен. Бул маселелерди ветеринардык инспекция көзөмөлдөш керек эле. Азыр белгисиз себептер менен ушундай болуп жатпайбы, Өзбекстандан алып келип бул жакка дарыканага сатканын эч ким билген жок да. Биз жыйынтыгын гана көрүп жатабыз. Негизи мамлекеттин эсебинен берилген вакцина деле бар болчу. Бул жерде жеке менчик дарыкана ээсинин дагы, мал ээлеринин дагы билип-билбей эмдегени жоопкерсиздик болууда. Эгер чечек ылаңы үч жылдын ичинде катталбаса эмдештин кереги жок. Бирок биз чектешкен, башка өлкөдөн кирип калбасын деп эмдөөнү камсыз кылып турабыз. Акыркы 5-6 жылдан бери Сузакта чечек катталган эмес.

Тилекке каршы эмдөөгө деп алынган дарынын көбү, 2800 дозасы колдонулуп кетиптир. Колдонулбаганын азыр күч органдары, жергиликтүү бийлик, атайын адистер менен бирге издеп жатат. Көзүм менен көрүп келдим, бүгүн дагы мал өлүп жатыптыр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери ветеринардык эрежелерге ылайык, өлгөн койлорду дезинфекциялап, өрттөп көмүп жатышат. Вакцина сайылбаган мал таза. Ошондуктан дарынын курамында туура эмес зат барбы же колго жасалганбы, аны Москвадан текшертүүнү сүйлөштүк.

“Азаттык”: Мал ээлеринин, дарыкана кожоюнунун жоопкерчилиги жөнүндө айттыңыз. Ал эми чоң жетекчилердин жоопкерчилиги каралыш керекпи? Мисалы өзүңүз деле ушул тармакты жетектеп турасыз?

Жаныбек Султанов: Сөзсүз түрдө ар бир нерседе жоопкерчилик болот да. Ансыз кантип кызмат болот. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек болчу. Бул жерде көп тараптуу, издеп келгенде күнөөлүүлөр көп болот. Биринчи себеп - мыйзам сакталбаганы. Эгер мыйзам чегинде иштесе мындай болмок эмес. Мыйзамга дагы мал ээсинин, жеке менчик ветеринардык дарыгердин жоопкерчилигин жазыш керек.

“Азаттык”: Чечекке каршы эмделген койдун этин беш миңдей адам жегени айтылып жатат. Алардын ден соолугу кандай?

Жаныбек Султанов: Мен медициналык кызматкер эмесмин, бирок алар менен чогуу жүрөм. Беш миң адам жегенин билбейм, азыр ооруп катталган адамдар жок деп айтып жатышат. Ошого карабай Сузакта койдун этин сатууга тыюу салдык жана мал базары жабылды. Ош облусунун жергиликтүү бийликтери койдун этине тыюу салып турууну колдоп жатышат. Медицина кызматкерлери өздөрү деле эмделген койдун этин жесе болобу, жокпу билбейт экен.

Алгач мал эмне себептен өлүп жатканын аныктап, билгенге чейин коопсуздук үчүн тыюу салып туруш керек. Азырынча Бишкекте тыюу салынган жок. Жолго, Жалал-Абаддан чыга бериш жерге бекет коюлду, кой же эт болсо алып өткөнгө болбойт. Мен адис катары айтып коёюн – бул жугуштуу эмес. Малдан малга жукпайт. Азыр эмделген гана мал өлүп жатат. Менин маалыматым боюнча, бул иш Сузакта гана болуп атат, андан сырткары Өзбекстандын өзүндө 8 миңдей кой өлгөн деп айтылып жатат. Адис катары дарынын ууландыруучу касиети бар окшойт деген пикирдемин. Ал эми дарыны алып келген адам Өзбекстандын жараны экен. Аны таппай жатышат. Күч органдары издеп жатат. Ал эми дарыкананын ээси түшүндүрмө берүүдө.
XS
SM
MD
LG