Бишкектин 92-кесиптик лицейинин көргөзмө бөлмөсүндө окуучулардын колунан чыккан мыкты иштери турат – алар улуттук буюм-тайым жана ар кандай сувенирлер. Жакында аларга кыргыздын оймосу менен жасалган бут кийимдер да кошулду.
Америкалык ковбойлордун өтүгү же гректердин кепичиби, кыздар жана эркектер үчүн классикалык же спорттук бут кийимби, кышкы же жайкыбы – ар биринде кыргыздын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн.
Бул бут кийимдерди лицейдин 19 студенттеринен турган топ ултарган экен. Ошолордун бири – Жакшыболот Анарбеков. Анын айтымында, эки жыл окуп машыккандан кийин бут кийим ултаруу анча деле татаал болгон жок.
- Даярдардын астында биз беш-алты түрдүү бут кийимдердин эскизин чийип алабыз. Алардын бирөөсүн биздин агайыбыз тандайт. Тандагандан кийин биз жакшы планшет-кагазга аны өткөрүп тартабыз. Тартып, боёп туруп моделин чыгарабыз. Моделин чыгаргандан кийин материалдарды алабыз.
Улуттук үлгүдөгү бут кийимди ултаруу идея алгач устат Бактыбек Байызовдун оюна келген. Лицей окуучулары менен адегенде жөнөкөй бут кийим жасап, кийин улуттук оймо менен даярдоону чечти.
- Кыргыздын улуттук маданиятын көрсөтөлү деген мааниде ушундай нерсени киргизе баштадык. Чет өлкөдөн келген туристтер, эки жактан келген конокторубуз кыргыздын улуттук кийимдери бар экен деп атайын кылдык.
Көргөзмө бөлмөсүндө турган бут кийимдер – студенттердин эки жылдык окуусунун жана мээнетинин үзүрү. Алган билимин тастыктоо үчүн ар бирөө дипломдук иш иретинде бирден бут кийим ултарды. Дипломдуу болгон Таалайбек уулу Аскарбек экзамен маалында өтүк ултарганда толкунданган экен.
- Өзгөчө толкундоо дипломдук ишке киргенде болду. Ага чейин мындай бут кийимдерди биз үч-төрт күндүн ичинде жасап салчубуз. Бирок бул дипломдук иш болгондуктан, шашпай, кылдаттык менен иштедим, майын чыгарып.
Студенттер менен устанын айтымында, бут кийим ултаруу үчүн нукура гана булгаары жана башка сапаттуу материалдар колдонулган. Бул иштер дипломдук болсо да, кийүүгө ыӊгайлуу. Классикалык туфли жасап, кыргыздардын оймосун темирге салып, аны эки бетине каккан Жакшыболот Анарбеков, эми бир аз көргөзмөдө тургандан кийин, студенттер алып кетип, жакындарына белек кыла тургандыгын кошумчалай кетти.
- Бул бут кийимди атама деп жасагам. Мен өзүм кийип көрсөм, мага ылайыктуу экен, анткени атамдын буту бир аз чоӊ. Анан атама бул кичирээк болуп калгандыктан муну мен өзүм кийип, ага башканы жасап берейин деп жатам.
Уста Бактыбек Байызовдун айтымында, мындай бут кийимге орточо эсеп менен 600-700 сомдук материалдар керектелет.
Эгер сатыкка алынса, баасы 3000 сомдой болот, анткени ар бир бут кийим кол менен ултарылып жатпайбы.
92-кесиптик лицейде окугандар кол өнөрчүлүккө адистешет. Окуу жайдын мүдүрү Тамара Сакеeва лицейде жасалган иштердин көбү башкалаанын дүкөндөрүндө сатылып жатканын айтты. Патент жана ар кандай документтер ырасталып бүткөндөн кийин, күзүндө улуттук оймо-чиймелери бар бут кийимдердин түрлөрү дүкөндөргө түшмөкчү.
- Алар менен биздин иш байланышыбыз бар. Ал жакта биз башка жасаган нерселерибизди жасап, саттырып келатабыз. Эми биринчи ирет бут кийимдерди койдурабыз.
Бактыбек уста колу жатыккан окуучулар тобун уядан учурду. Эми күзүндө жаӊы окуучуларды кабыл алат. Алар да кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн буюм-тайымдар менен бут кийимдердин устаты болуп чыгат деп күтөлү.