Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Ошто алты мектеп сентябрды чатырда тосот


Кара-Суунун Ынтымак айылындагы мектептин сырткы көрүнүшү.
Кара-Суунун Ынтымак айылындагы мектептин сырткы көрүнүшү.

Ош облусунда алты мектепте жаңы окуу жылы чатырларда башталганы турат. Алардын үчөө Ноокатта, экөө Кара-Сууда жана бирөө Алай районунда.

Чатыр-мектептердеги окуучулардын жалпы саны миңге жакын экенин облустук администрациянын билим берүү, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Турдубаева билдирди. Аталган мектептердин имараты өткөн кышта кардын калың жаашынан жана жазгы селдерден жабыркап, керектен чыккан. Учурда мектеби жарабай калган бардык айылдарда мамлекет жаңы мектеп салып жатат. Алардын көпчүлүгү келерки жылга даяр болот.

Кара-Суунун Савай айыл округундагы Ынтымак айылындагы окуучулар да жаңы окуу жылын чатырларда баштамакчы. Айылдагы мектеп жараксыз абалга келип, кулап кетүү коркунучунда турат.

Бул жердеги Жусуп Турусбеков орто мектебинин каалгасына кулпу илинип, ичкери кирүүгө тыюу салынган. Мектептин мүдүрү Каримжан Абдуллаевдин айтымында, имарттаны дубалы мына-мына жыгылайын деп турат:

- Дубалдар салаңдап турат. Кудайдан амандык эле тилеп жүрөбүз. Кар көп жааганынан эле ушундай болду. Мектептеги 640 окуучуга 34 мугалим сабак берет. Кыштагы калың кардан улам имараттан жарака кетип, тээ февралда эле өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген чатырга көчүүгө аргасыз болгонбуз. Мектепке жаңы кирип жаткан бөбөктөрдү даярдоо курсундагы 240 сааттык сабак ушундай шарттан улам окутулбай калды.

Мектептин эскилиги сыртынан эле билинип турат. Ичкериде болсо кааналардын дубалдары жарылып кеткен. Тешиктерден наркы бөлмөдөгү доска-парталарды санай берсеңиз болот, же дубалдарга илинген көргөзмө куралдарды көрүп, окушуңуз мүмкүн. Дубалына катуурак уруп койсоңуз, шыптын бир бөлүгү көчүп түшөт.

Каримжан аганын айтымында, 1982-жылы малчыларга курулуп жаткан үйдүн эсебинен бул мектеп да тургузулуп калган экен. Бирок архитектуралык абалы чийки болгондуктан, 30 жыл өтүп эле бузула баштаган.
Кооптуу абалдан улам өткөн жылы балдар үч нөөмөт менен окушкан. Үч-төрт класс чатырларда билим алса, жарымы мектептин оюн-зоок өтчү залында, калганы бир аз коопсуз деп эсептелген класстарда окушуптур. Быйыл деле ушинтип билим алышат.

Сегизинчи класска көчкөн Камила Кенжебек кызы өткөн жылдагы чатырдагы окуусун мындайча эскерди:

- Чатыр аябай ысык, окуп жүргөн кезде демибиз кайтып кыйналдык. Кышында анча деле билинбеди эле. Биздин мектептеги абалды көргөнү өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов келет дешкенинен аябай даярданганбыз. Бирок келбеди. Көрүп кетсе жакшы болмок.

Айыл тургуну Ширинбү Нусупованын айтымында, көпчүлүк быйыл балдарын мектепке жөнөтпөй эле койсокпу деген ойдо:


- Чатырга балдары жөнөтө албайбыз. Кышында өзүбүз мештин түбүндө отуралы, балдарыбыз чатырда окусунбу? Жок, бул туура эмес. Андан көрө барбай эле коюшсун мектепке. Бирөө-жарымдын үйүн болсо да сүйлөшүп, ошол жерлерде окутушса жакшы болоор эле.

Айылда азыр жаңы мектептин имараты курулууда. Бирок анын бүтүшүнө дагы бир жыл бар. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рахманберди Назаров кышында балдарга атайын суукка ылайыкташтырылган чатырлар берилет дейт:

- Кышка ылайыкташтырылган чатырлар болот, ошолорду пайдаланабыз. Турусбеков мектебинин бир корпусу коопсуз, ошол жерде да окууну улантып турушат. Министрликтен суранып, кышында үч нөөмөт менен окутабыз.

Жаңы окуу жылына дагы эки жумадай убакыт бар, азырынча чатыр-мектептер орнотула элек. Бирок чатыр тигилчү жерлер тазаланып, даярдык иштери жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG