Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Карылардын миң кырдуу турмушу


1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Сүрөттөгү адамдардын макаладагы каармандарга тиешеси жок.
1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Сүрөттөгү адамдардын макаладагы каармандарга тиешеси жок.

1-октябрда жылдагыдай эле өлкөдө карылар күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карай “Азаттыктын” кабарчылары кыргызстандык карылардын жашоо-тирилигинен кабар алып, ал-ахыбалын билүүгө аракет кылды.

Маселен, Ошто чайханада чогулуп, өткөн-кеткенди, жай турмушту же тарых-санжыраны кеп салып отуруу карыларга илгертен салт болуп калган. Азыр да ошентип көк чай ичип же шахмат ойноп отурган аксакалдар бар. Бирок кептин нугу учурда саясаттын гана айланасында жүрүп калган сыяктуу. Анткени жумушсуздук, пенсиянын аздыгы жана көр тирилик улгайган адамдардын да көңүлүн өйүткөн нерсе.

Ал эми аликүнчө операция жасап, активдүү өмүр сүрүп келаткан академик Мамбет Мамакеев 1-октябрда 88 жашка чыгат. Ал ушу бүгүн да күнүгө таң атпай чуркайт, өзүнүн атындагы улуттук клиникадагы операцияларга катышат, шакирттерин чогултуп, жыйындарды өткөрөт. Мамакеевдин ишениминде, эр ортону 50 эмес, 85 жаш.

1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Эмесе карыларга арналган "Азаттыктын" атайын берүүсүнүн радио версиясын сунуштайбыз:

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG